ОМУР СЫНАГЫ
— " Өзүм баарына күнөөлүүмүн, демек өзүм баарын жайына түшүрүүгө аракет кылам "
Атамдын бир нече күн алдындагы ушул сөзү кулагыма жаңырып турду. — Аттиң ошондо эмне сурап деле алганым жок ?... Эмнеге ошондо иш канасына барып, атама жардамчы болом дегеним жок ? Миңдеген суроолор башымда турса да, бирок бир дагы жооп таба албай, кыйналып турдум. Колумдагы ар бир кагазды көз жаздымда өткөзбөй, карап чыгып жаттым. Бирок мендеги, ички туюм шекшиген нерсени таба албай кыйналдым.
— Болушу мүмкүн эмес ! Мен баарын аңтарып жаттым " балким шашылышта билбей калдымбы ? Апамдын келээр убагы болуп, саат жебеси каккан сайын, андан бетер шашылдым. Кичинекей бөлмөдө, ары бери чуркап жүрдүм. Баарын карап бүткөн соң, бир гана карала элек, дубалдын бурчундагы темир сейф көзүмө илинди.
— Кантип ача алам ? Оозунда тамгалар, эсептик сандар жазылган сейфти ачсам эле, өзүмдүн суроолорума жооптун баарын, ал жактан таба тургандай сезилип , бир сыйра кубанып да алдым. Бирок аны ачуу оңойго турбайт го дейм. Ар кыл сандарды терип да көрдүм. Атымды да жазып көрдүм. Бирок эч бири туура келип, мен күткөн сейф ачылган жок. — Муну ачууга көп убакыт корочуудай.
Өзүмчө сүйлөнүп алып, атамдын эң түптө бекилген сумкасын көзүм чалды. Көрө элек экенмин эле. Ары бери ачып салып, ичин баарын чачып кирдим. Көп нерсе, майда чүйдө нерселер кол саат, анан кичинекей камера да жүрөт. Калган тарабын карап алып, жарытылуу да эч нерсе таба албай кыйналып турдум.
— Пайдасыз баары пайдасыз эч нерсе жок.
Жинденип да алдым. Издеп, издеп эч нерсе таба албаган соң, шалдырай отура кеттим . Үмүтүм өчүп, камера менен атамдын керектүү нерсе жазылган кол дептерин алып, калганын жыйып салдым да, бөлмөнү баштагы абалына келтирип, чыгып кеттим. Оюмда жөн гана барып, атамдын сүрөттөгү элесин карап отургум келди. Бөлмөмө барып, кол дептерчесин ачып, баарын барактап окуп жаттым.Кичинекей дептерчеде атамдын көптөгөн нерселери жазылган белгисиз, адамга түшүнүксүз шрифттер менен көптөгөн жазуулар бар экен. Көптөгөн номерлер, жердин адреси. Көчөлөрдүн аттары.Мынча нерсе атама эмне үчүн керек болгонун да, түшүнө албай жаттым. Бирок ушул нерселердин өзүндө, бир сыр жатканын да билип турдум.
— Муну кантип түшүнөм ?... Эч нерсеге түшүнө албай, дептерчени акырын жаап койдум.Камераны алып, ичиндеги нерселерди ачып карап кирдим. Биздин мурунку, бактылуу жашообуз. Биздин үй бүлөбүз, менин бала курагымдагы сүрөттөрүм баарын кызыгуу менен көрүп жаттым.
— Эх кандай керемет убактар ! Кандай соонун мезгил.Эч нерсени ойлонбойсун, билбейсин.Тек гана ата энеңдин эркеси болуп жашаганга эмне жетсин ?! Көзүмдөн жашым тамчылап,атамды ушунчалык катуу сагынганымды түшүндүм. Өкүнүчтүү ... Атам башка кайтып келбейт. Биз менен анын ушундай гана, элестери калды. Ушунчалык катуу сагындым атакемди. Көптөгөн сүрөттөрдү карап отуруп, арасында кол алышып, бирге жайдары маанайда түшкөн сүрөт көзүмө чалдыгып, ал кимдир бирөөнү эсиме түшүрүп жиберди.
— Бул ким экен ? Аябай окшош го ? Өзүмө өзүм суроо берип, сүйлөнүп да алдым. Колдорунда кармаган, белгисиз шрифттер менен жазылган кагазды көрдүм. Ооба, бул мен жанагы дептерчеден көргөн нерсеге аябай окшош эле. Экөөнү карап, салыштырып да алдым. Бир гана шрифттен айырма бар экен. Көп нерсеге акылым жетпей жатса да, бирок бул жөнөкөй нерсе эмес экенин сезип турдум. Демек бул нерседе көп сыр жаткандай. Стол үстүндө жаткан, кичинекей флешканы алып, камерадагы баардык материалдарды компютер аркылуу, тиги флешкага жүктөп алдым да, камераны бөлмөмө, эч ким көрбөгөн жерге бекитип салдым.
— Мен баары бир түбүнө жетишим керек !!! Болду аза күтүп жата бергенден пайда жок.
Өзүмчө сүйлөнүп алдым да, флешка менен дептерчени сумкама салып, кийинип алып сыртты көздөй жөнөдүм.
— Кайдадыр жөнөдүңүзбү ? Тамактандыңызбы ?
Сыртта жүргөн Эрнис, мага суроо узатып токтотту.
— Ооба бир аз айланып келем таза абага. Сиз ушул жерде болосуз да ? Мен бир аз айланып, кайра келем үйдө сыгылып кеттим.
— Аа жакшы тамактанып алыңызгын ээ көп күн болду азып да кеттиңиз . Айла жок кайтарып ала албайбыз ...
Эрнис ага мени аягандай карап алды.
— Албетте рахмат сиздерге ! Көп бизге жардам бергениңиздер үчүн. Ооба көчөдөн тамактанып алам.
Жылмайып карап алдым да, унаама отуруп алып айдап жөнөдүм.Биринчи эле барчуу жерим, бул биздин компания, атамдын жумуш орду. Унаамды түз эле ал жакты көздөй айдап жөнөдүм. Заңгыраган, көп кабаттуу, имараттын алдына келип токтодум. Унаамды белгиленген жайга токтотуп, ичине кирип жөнөдүм. Эң алды эле мени татынакай кыз тосуп чыкты.
— Келиңиз кызмат ?
— Колумда кармаган документтен эле мени ким экенимди жазбай тааныды.
— Кыздын сөзүн күтүп отурбай эле, үстүңкү кабатка карай көтөрүлүп бара жаттым. Андай кылбасам мени азыр киргизүүсү да мүмкүн эмес экенин билип турдум. Анткени мен атамдын кызмат ордун эч ким билбеген гана, бөлөк бирөөгө ыраа көрбөй турганмын. Кантип ? Качан ?Ал адамдын колуна өткөнүнөн да кабарым жок... Атамдын мээнети текке кетүүсүн каалабай турдум. Анткени атамды көп жолу түн уйкусунан калып, ошол компаниясынын өнүгүп, гүлдөшү үчүн жанын аябай үрөгөнүн көздөрүм менен көрбөдүм беле ?! Анан кантип жөн гана атамдын мээнети текке кетиши мүмкүн ? Ушуларды ойлогондо кадимкидей кайнап баратты.
Көп кабаттуу имараттын, эң үстүңкү кабатына чыккан лифт токтоп, эшик ачылды.
Түз эле чыгып, атамдын кызмат ордун көздөй жөнөп бараттым.
— Кечиресиз бирок бул жерде сизге мүмкүн эмес, бул жакка кирүүгө мүмкүн эмес, артыңызга кайтыңыз суранам ?!..
Чебеленген кыз же мага катуу сүйлөй албай, артымдан ээрчип баратты.
— Кечиресиз бирок мен өз атамдын ишканасына келдим. Анын бул жерде калган буюмдарын алып кетүүгө менин акым бар ?!
Тиги кызга да катуу дайындаган го менимче ! Ал колунун келишинче мени артка кайтаргысы келип турду. Артымдан калбай келе берди.
Баары мени карап, таң калыша тиктешет. Атам бул жерде жетекчи болгон үчүн, эч ким мага катуу сүйлөй албайт болчуу. Атамды сыйлаган сыяктуу эле, мага да ошондой мамиле жасашчуу. Анын үстүнө күзөтчү жигиттер да, атам менен жакшы мамиледе болушчуу.
Көз кырым менен баарын карап бараттым.Бирок атама тааныш, жакын бир күзөтчүсүн такыр көрө алганым жок.
Атамдын бөлмөсүнө жетээр учурда анын бөлмөсүнүн, эшиги ачык турганын байкадым.
Эшикти ачып, көргөн көзүмө ишене албай, башыма бирөө таяк менен бир чапкан сыяктуу, ден дароо боло түштүм.
— Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүн ?
Ден дароо болуп, тиктеген менден көздөрүн ала качкан, мага тааныш үн калтырап сүйлөп кирди.Жанындагы кишини жазбай тааныдым. "- Ооба, бул жанагы атам менен бирге турган сүрөттөгү киши. "
Көздөрүмө жаш келип, алдымда турган экөөнү жек көрө карап алдым.
— Демек атамдын өлүмү өз ажалынан болбогон... Мен ээми баарын түшүнүп жеттим окшойт....
— Тоскоол болбодумбу ?
Экөөнү жек караган көздөрүм менен, теше тиктеп өттүм
— Бул эмне дегениң ? Бул эмнеси ?
— Оо кел ?!... Сени бул жерден күтпөгөнбүз ачыгы
Аркы жактагы креслодо, чалкалай отурган киши ордунан, акырын туруп келип мага жыртая күлдү. Кебетеси суук , адам коркоорлук сүрү бар. Бирок ал мага кимдир бирөөнү эстеткен. Ооба ооба эстедим ал мага Мелисти эстеткен. Мелиске куюп койгондой окшоштуктары бар, сүйлөгөндөрүнөн бери ага окшотуп жибердим.
— Атамдын буюмдарын алып кеткени келдим.
Анын көзүнө тике карадым.
— Мүмкүн болсо бүт буюмдарын алып кетсем. Бул бөлмө силерге буюрсун.
Мен да үнүмдү өктөм чыгара экөөнү тиктеп алдым.
— Сен башкача түшүндүң сен эч нерсени билбейсин ?
— Мен буюмдарын жыйнайм атамдын. Экөөнү тең укпай, атама тиешелүү нерсенин баарын жыйып баштадым. Менин кандай өзүмчүл экенимди баары билген үчүн, мага эч ким каршы болгон жок. Балким " — Буга сүйлөштөн пайда жок " деп ойлоштубу ким билет ? Жөн гана экөө тең сыртка чыгып кетишти.
— Ушул кантип болсун ?! Көзүмө жаш тегерене, атамдын буюмдарын баарын жыйып жатып өксүп өксүп, үн чыгарбай ыйлап алдым.
Уландысы бар...
Класс баса кетиңиздер...
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5