Адам өзү кызык зат экен. Бактылуу кезинде бактылуулугун сезбейт, бактысыз болгондо бактысын эстейт. Бактысыз да, бактылуу да болгон күндөрү, жөн айтканда жай турмуш сүргөндө, жаштыгын, сүйүүсүн эңсеп калат. Мен да ошол курактамынбы, билбеймин. Айтор, сезимиңди козгоп, артка кылчаюуга себептер болот экен. Ооба, кечээги ойлорум бүгүн да уланып, жол катар өткөнкү турмушума кайрылып жатам. Үйгө жетип, бала-чакам менен баарлашып, тамактангандан кийин да, тез эле эс алгым келип, бөлмөмө кирип кеттим. Жубайым да, балдарым да жайыма коюшту. Негизи мен кыялкеч экенмин. Минтип жаштыгымды көп эле эстеп, айрым учурда ичим сыздап, ошол ойлордун сересинен чыкпай калам. Же ички сырыңды жубайыңа айта албасаң... Аттиң, өзүң менен өзүң сүйлөшө бербей, бирөөгө бүт дүйнөңдү төгүлүп айтсаң, анан ал сага кеңешин берсе, жеңилдеп калмаксын. Бирок, андай кыйын... Бирөөгө айтууну каалабаган жан сырың өлгөндө да айтылбай сени менен кошо кетет.
Айдай экөөбүз жолуга турган күндөргө да жетерибизге, окуубуздун бүтөөрүнө да, жайкы каникулга чыгарыбызга да аз калды. Айтпадым беле, баягы татына кыздын элесин жадымдан чыгара албай, өзүмчө эле анын элесин мээме сактап алгам деп, дал ошол кызды экинчи жолу жолуктурдум. Бирок, ал жолугушуудан кийин, ага байландым да калдым.
Адаттагыдай сабактан чыгып, үйгө баратканмын. Кандай болду билбеймин, баары заматта болуп кетти. Чоң жолго жетейин деп калганда эле, бир унаа катуу келип, эпкини менен учуп кеттим. Андан аркысы эсимде жок. Ооруканада экенмин. Бир бутум асылып турат, бир бутумда жан жок. Кыбырата албаймын. Башым да жарылган окшойт. Колдорум да тытылып, көк ала. Эмне болгонумду эстеймин деп такыр эстей албай койдум. Жандандыруу бөлүмүндө экенмин. Бир маалда медайым кыз келди да:
- Кандайсыз? Кайра төрөлүшүңүз менен! – деди жылмая мени карап.
Көргөн көзүмө ишенбеймин. Менин алдымда баягы мен суктанган, татына кыз туруптур. Ак халаты, башындагы чепчиги менен көзүмө бир башкача көрүндү.
- Жакшымын, - дедим араң.
- Мейли сүйлөбөй эле коюңуз. Бир бутуңузга операция болгон, сөөктөр кичине жылып кетиптир, буюрса, көрбөгөндөй болуп кетесиз. Баары жайында. Ата-энеңиз да ушул жерде, эки сааттан кийин киргизебиз, -деди.
- Мага эмне болду? – дедим эптеп.
- Жолдо машина сүзүп кетиптир. Дагы эч нерсе эмес, бир тарабыңыз гана кичине жанчылбаса, баары жакшы. Болгону машина катуу келген, сизди эпкини менен учуруп жиберип, жерге катуу түшкөнсүз.
- Аа, эстедим, - дедим да, кайра, - Мен басамынбы, -дедим.
- Ой кызыксыз го, басасыз. Бутуңуз жамбаш сөөктөн кичине жылып, жаракат алганбы, билбейм, дарыгерлер айтсын, жакшы дешти бирок... Али бул буттарыңыз менен дагы көп чуркайсыз.
- Айтканыңыз келсин!
Канча жаттым билбеймин. Ойгонсом, ата-энем жанымда олтурат.
- Асыл канттиң? Жакшы элесиңби, балам? – деди бышактап апам.
- Апа, баары жакшы. Эмне ыйлайсыз? Кырсык экен да эми, - дедим жубатып.
- Болду, ыйлай бербе! – деди атам апамды тынчтандырып, - Асыл, туура айтат, кырсык каш-кабактын ортосунда, бешенеде ошол күн бар экен да. Мейли эми, ушуну менен өтүп кетсин! Асыл, эч нерсени ойлобо, дарыгерлер баары жакшы болот деп айтышты.
- Ооба, ата, баары жакшы болот, - дедим.
Апам болсо колдорумду кармалап, “Садага болоюнум”,- деп кечке жалынып жатты.
Алар бир аз отургандан кийин, медайым аларды чыгыңыздар деп ишарат берди окшойт. Алар коштошуп чыгып кетишти.
Ал колумду кармап, тамчылатма дарыны сайып койду да, жанымда карап олтурду.
- Атыңыз ким? – дедим акыры тынчтыкты бузуп.
- Атыргүл, - деди жылмая.
- Менин атым Асыл.
- Аа, жакшы, кубанычтамын.
- Мен сизди мурда да көргөнмүн.
- Качан?
- Автовокзалдан. Токтогулдан бирөөнү тосуп алдыңыз го.
- Аа, ооба. Ал менин тайэжем болчу. Айылга кетти эле.
- Сиз Токтогулдан болосузбу? – дедим ага.
- Ооба, бирок, шаарда чоңойгонмун. Ата-энем ошол жакта. Мени ошол сиз көргөн тайэжем багып алган. Азыр апа деймин. Мейли сүйлөбөй жөн эле жатыңыз. Эртең сүйлөшөбүз, макулбу? – деди жадырай төшөгүмдү оңдоп.
Макул дегендей баш ийкедим. Ал дары тамчылап бүткүчө карап турду да, колумдан ийнесин бошотуп, чыгып кетти. Кечкиге азыраак тамак ичүүгө уруксат беришти. Атыргүл тамакты өзү ичирди. Тамакты ичким келген жок. Бирок, аны карап эле олтургум келди. Кандай десем, Атыргүл ушунчалык татына, анан калса илбериңки, бир башкача жан экен. Анын сүйлөгөнү, кыймылы мени арбап алды.
Эки күндөн кийин палатага чыгарышты. Өзүмдүн ушул кырсыкка кабылганыма да бир чети кубанып кетемин. Антпесем, Атыргүлдү кайдан көрмөкмүн. Ага чейин да издеп жүргөнмүн, элесин таппай, мына эми кудай бербеспи, өзү тамагымды берип, өзү карап дегендей. Бирок, жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганда, Атыргүл карабай калат экен. Мени өкүндүргөнү ошол болду.
Атам менин жакшы болуп жатканымды көрүп, айылга жол алды. Апам бутума тургучакты караймын деп ушул жерде. Палатага которулганым менен баскан жокмун. Бутум асылуу. Кыймылдаткым келип кетет, бирок дарыгерлер азырынча уруксат бере элек. Мени сүзүп кеткен айдоочу мас абалда болгон экен. Анын да өзүнчө көйгөйү бар окшойт, атамдар кечирип тосмо арыз жазып беришиптир. Ата-энеме аябай ыраазы болуптур, ооруканадан жылбай, эмне керек болсо баарын камсыздап, ушул жерде турду дешет.
Айдай кат жазып жаткан чыгар, үйгө почточу алып келсе керек. Апам деле унчукпайт, мен да сурабадым. Анткени, апам азыр мен жашаган үйдө жашайт эле, каттардын келгенин билсе керек.
Кандай десем, Атыргүл өз иши менен алек, палатага которулгандан кийин анча-мынча келип кабар алып жатты. Экөөбүз тең кур эле экенбиз. Ал тогузду бүтүп, медсестралыкка окуптур. Иштегенине деле бир жылга эми толот экен. Ийнени жакшы сайгандыгы, элпектиги, зиректиги үчүн жандандыруу бөлүмүндө иштесе керек. Кандай десем, Атыргүлдү көргөндөн бери Айдайды анча ойлобой калдым. Жүрөгүмдүн тереңинде, менин Айдайым бар деп билгеним менен, жүрөгүмдү Атыргүлдүн элеси ээлеп алды да калды. Мындай эки оттун ортосунда калуу канчалык кыйын экенин сөз менен түшүндүрө албаймын.(уландысы бар)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12