Бүгүн дүйшөмбү, кантсе да адамга милдеттерди калган күндөргө жүктөгөн күн. Жумушка даярданып, жубайым даярдап койгон формамды кийдим да, неберемди эркелете өөп коюп, жумушка аттандым. Иштеген жерим үйдөн кыйла алыс. Унаамды от алдырып, жолго чыктым. Шаңдуу музыка, айлана аппак кар. Маанайым да аба-ырайыга, шаңдуу музыкага шайкеш. Жолдо жаштар таң атпай бири-бирине кар атып ойноп жатышыптыр (окуу жайдын алдында). Аларды көрүп, мен да эргип кеттим. Кайран жаштык, ушинтип кете берет турбайбы... Кечээ эле бала эмес белек. Кыздардын мойнуна кар салып, аларды кыйкыртып, жакындай калса, колдорунан кармап, алыша калып, тим эле каткырык салып ойночубуз. Эми минтип жаштардын оюнуна кызыгып, өзүңдүн кечээги турмушуңду ойлогон куракка келип калдык. Мейли деймин өзүмдү сооротуп, эмне жаман жашап жатамбы?
Ооба, адам баласы куру кыялга жетеленмей адатыбыз бар. Заматта кыялыңда бала болуп кетесин, сүйүүңдү эстеп кетесин. Анан эле чыныгы турмуштун айлампасына түшкөндө эле, бирөө чочуткандай кыялдар учуп кетет.
Мектепти бүтүп, укук таануу жаатында окудум, анан аскер кызматында болдум да, укук коргоо органдарына кызматка орноштум. Бир орунда он төрт жылдан бери иштеп келе жатамын. Азыр облустук ички иштер органдарында күзөт бөлүмүнүн башчысымын. Кандай десем, жашыраак кезимде күчтү, акылды талап кылган жерде иштедим. Жан дүйнөм тынч. Үй-бүлөм,сүйгөн жарым, баары бардай. Бирок, кээде ойлоно кетип, турумушумду артка кайрып жиберсе, балким башкача жашайт белем деп кетем да, кайра жакамды кармап, тообо дейинчи, баары жакшы го деп өз оюма каршы чыгамын.
Ооба, бул ойлор дайыма келет, дайыма ушинтип өзүмдү сооротомун. Эмелеки кыш мезгилине эргиген жаштарды көрүп, кайра дагы ушул ой учкундары бир сыйра сезимдеримди козгоп кетти. Эмесе, сөз башынан болсун...
Мектептеги курагым. Бой жетип, онунчуда окуп жаткан кезибиз. Ал мезгилде он биринчи класс деген жок болчу. Мурутубуз кылыйып чыгып бойлорубуз узарып, өзүбүздү чоң сезип калганбыз. Азыр ойлосом, күлкүм келет. Ошол эле курактагы балам мага дале жаш баладай сезилет. А биз мектепте салабаттуу басып, ак көйнөк, костюм, шымды чыкыйта кийинип, тим эле булуттарда жүргөндөй сезчүбүз өзүбүздү. Колубузда болсо дипломат. Эмнеси болсо да, коммунисттик духта тарбияланган экенбиз. Сабакка кечикмей деген жок. Комсомол комитетинин тапшырмаларын аткаруу керек. Окууга катуу даярдык менен барбасаң, “Түкүнчөнүн баласы өтпөй калыптыр” деген кеп айылга таркап, уялып жер карайсын. Мына ушундай куракта башка жигиттерге келген сүйүү мага да келди. Ооба алоолонтуп, ички сезимим өзүмө баш бербей, татынакай классташым Айдайды сүйүп калдым. Эмнегедир бой тартканга чейин эч маани бербеген кызга ашык болгонум, өзүмдү да таң калтырат. Айдай кара тору, сабакты жакшы окуган, жоош, элдин баары каткырса жөн гана жылмайган, аста сүйлөгөн кыз эле. Көп деле жигиттерге жакын болбогондуктан, ага эч ким деле көп тийишип, эч ким деле сөз атчу эмес. Бирок, Айдай дайым өзүн карап, дайыма тыкчыйып кийинип, өзүн тыкан алып жүрчү.
Бир күнү сабакка эртерээк келдим. Келсем класста Айдай жалгыз экен. Башымды ийкеп саламдаштым да:
- Эрте келипсиң го, Айдай, - дедим.
- Мен дайыма эле эрте келемин, - деди ал күлмүңдөй мени карап.
- Жакшы, - дедим да, эмнегедир дайым эле көрүп, он жыл бою окуган ушул кыздан кантип сүрдөп кеткенимди билбеймин.
Айдайды ушул күнгө чейин байкабапмын. Ооба, татына кыз экенин билчүмүн. Бирок, ушунчалык жароокер, ушунчалык жылдыздуу, ушунчалык сулуу экенин билбегенмин. Же ошол учурда мага ошондой сезилдиби, билбеймин. Өзү кара тору болсо да, каштары, кирпиктери төгүлүп, нурдуу жүзү периштедей эле көрүндү мага. Мына ошол күндөн эмнегедир ошол элес жүрөгүмдө жашап алды. Айдайга сезимимди билдирбесем да, аны менен көбүрөөк сүйлөшкөнгө, көбүрөөк жанында болууга аракет кыламын. Канча убакыт ушундай мамиледе жүрдүк, билбеймин, бирок бири-бирибизге байланып калыптырбыз. Айдайды жакындан тааныган сайын анын ушунчалык сонун кыз экенин билдим. Айдай да менден тартынбай үйдөгү окуяларды, ар кандай жаңылыктарды айтып, кээде тамашалап, мени жакын тутуп калды. Мындай мамилебиз 23-февралга чейин уланып, анан ачыкка чыгып кетти десем болот. Кыздарыбыз жыйырма үчүн бизге өзгөчө майрам кылып уюштурушуптур. Баарыбызга бирдей белек беришип, кабинетке дасторкон салышып, куттуктоолорду айтышты. Мындай көрүнүшкө баарыбыз ыраазы болуп, ракматыбызды айттык. Бирок, кечкиге биз да отуруш уюштурдук. Балдар биригип. Канимет аттуу классташыбызды эптеп көндүрүп, үйүнө “вечеринканы” өткөрүүгө көндүрдүк. Балдар класстташ кыздарды чакырып, анан “сүйгөнү” башка класстарда болсо чакырмай болушту. Ошол саатты баарыбыз күтүп, толкундап алганбыз. Мектептен уруксат бербейт. Ошентсе да эч кимге билдирбей тынч олтуруп кетебиз деп чечтик. Эми кыздардын барышы бир аз көйгөй болду. Мен дароо эле Айдайга жакындап: “Айдай, бүгүн барасыңбы?” – дедим. Ал мени жылмая карады да:
- Балдардын баары сүйгөнү менен барса, бизге эмне бар? – деди.
- Менин сүйгөнүм жок, билесин го, -дедим.
- Кантип эле... Койчу? – деди тамамашалап.
- Койсоң эми, Айдай! Азырынча эч кимди сүйгөн жокмун. Бүгүн сөзсүз баргын, макулбу? Эгер үйдөгүлөр жибербесе, мен сени сурап келем, -дедим.
- Ммм. Асыл, мени жөнөтпөйт, билесиң да, атамдын ачуусу да жакшы эле, бара албайм го...
- А сен кыздардыкына жатып келем де
- Ушул күнгө чейин эч кайсы кыздыкына жаткан эмесмин. Кантип сураймын?
- Мейли, айласын тап. Мен сага алтыда барамын, -дедим.
Жогорку класс болгондон бери мындай отурушту биринчи жолу өткөрүшүбүз. Кыздар канчалык келет, баарыбызга табышмак, анткени айылда кыздарды бейчеки басканга жол бербейт. Мен саат беш жарымда Айдайдын үйүнүн алдында болдум. Кыштын күнү тез эле күүгүмдөнүп, караңгы кире баштайт. Эмне кылаарымды билбей жолдо турам. Азыркыдай кол телефон болсочу. Бир маалда Айдайдын сиңдиси сабактан келе жатыптыр. Аны көрүп кубанып кеттим да, Айдайды чакырып коюусун өтүндүм. Ал үйгө кирип кетти да, кайра тез эле чыгып:
- Айдай эжем Гүлмира эженин үйүнө сабак даярдайм деп жатканы кетиптир, - деди.
Мен баш ийкедим да, ичимден кудуңдай, Каниметтин үйүн көздөй жол алдым. Гүлмира дагы классташыбыз. Демек, Айдай бара турган болуптур да деймин. Өзүмчө эле Айдай менен сүйлөшүп олтурганымды элестетем. Сезимим жок дейм, анан минтип кудуңдап, жаш баладай кубанганыма жол болсун. (Уландысы бар)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4