түпкүрүндө уюп кан.
Жүдөп бүттүм, санаалардан
буюккан. Майдаланып күкүм
болуп ал күндөр. Махабатка
канат байлап бир учкан. Узап
кеткен каркыранын үнүндөй.
Аралыктар алыстаптыр
билинбей. Мээрими жок суз
өмүргө кептелген. Азыр
жашоом өлүп кайра тирилмей.
Эх жаным ай, сезимдерчи
андагы. Эң таза эле тамчы
сымал таңдагы. Карачы эми
каректерде жалын жок.
Калыптырбыз гүлдөй болуп
чаңдагы. Түш сыяктуу түндөн
чыкпай ал бактым. Бал сезимди
тар сезимге алмаштым.
Өтүнөрүм кечир мени
периштем. Өгөй жанга өз
колумдан карматтым.
Кайталанып кайгым дагы
муңумда. Калып барам баткан
күндүн нурунда. Жылдыз болуп
кетсеңдагы жеткирбей. Нур
элесиң жашап калды кылымга!!
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев