Биздин айыл Кара-кулжа району менен Өзгөн районунун ортосунда жайгашкан Төөчү тоосунун этегинде жайгашкан айыл. Ошол айылыбызда бир эле Врач бар эле, аты Матурай. ал кишинин да көзү өткөнүнө 7-8 жылча болуп калды. Бүгүн ошол кишинин сүрөтүн көрүп калып ошол киши катышкан эң эле кейиштүү, эң эле эсимде калган элесим эсиме түшүп кетти. анда сөз башынан болсун...
Мындан туп туура он жыл мурда. анда да так азыркыдай кычыраган кыштын күнү эле, тагыраагы түнү эле... таттуу уйкунун кучагына бөлөнүп жатып да апамындын адаттагыдан тыш үнү менен атамы ойготуп жатканын угуп калып, демейде ныксырап жатып араң ойгонгон жаным бул жолу жылаан чаккандай эле селт этип тура калдым. саатты карасам түнкү 3:30 экен. чала-була кийинип эле атамдардын бөлмөсүнө чыксам апамын көзү жашылданып калган. суролуу карап калган мага, акырын гана - аваңдардыкына бар балам. деп койду. кандай жеткенимди билбейм бирок көз ирмемде эле Турсунбай авмын босогосунда болуп калдым. туугандардын баары чогулуп калган экен. чоң энем мени эле күтүп турган экен жетерим менен эле - аваңын акыбалы оор балам, Матурайга чап балам. деп жайдак атка мингизип, аркамдан бир нерселерди күбүрөп батасын берип кала берди.
Матурай акенин үйү айылдын четинде болгондуктан үч километрдей ээн-талаа, айдоо жер менен барыш керек эле. жөн күнү бул жолдон атам десе да түнүндөсү өтпөс элем. негедир ал күнү эч кандай коркуу сезими жок жайдак атты бар күчүм менен чапкылап бара жаттым. ошондо коркунуч деген нерсе ээн-талаада эмес, адам толгон, жаркырап турган үйдө жатканын сезгем. мен үйдөн алыстаган сайын жабрейил үйгө жакындап баратканын сезгем. Астымдагы атым дагы, ал тургай өзүм дагы кара терге түшүп, аптыга дем алып Мамутрай акенин үйүнө жетип келдик. кабанаак кандегинин жаны тынбай үрүп, жолуму тосконуна карабай так эле короосуна кирип бардым. иттин ызылдаганынан улам Матурай аке өзү эшикке чыккан экен, келгенимин жайын айтсам - азыр мен бир таблетка берем, ошону ичсе жакшы болуп кетет деп кайра ичкери кирип баратат. - кайдагы таблетканы айтасыз, таблеткага жакшы боло турган болгондо түн жарымда мен ушинтип келмек белем? деп болгон үнүм менен, болгон заарым менен чыңырып жиберсем. селдейип мени карап туруп калды. чоң кишиге катуу сүйлөп алдым окшойт, таарынтып алдым окшойт, азыр таблеткада бербейм деп кирип жатып алса не кылам деген ойлоп кетип. эзели мындай учурда ыйлабаган мерез жаным ыйлап жибердим. - суранам Матурай аке, барып өзүңүз көрүп, өзүңүз керектүү таблеткаларды бериңизчи деп көзүмдөгү жашты сүрттүм. же мени аядыбы, же баары орчундуу экенин түшүндүбү, айтор Матурай аке дагы үстүнө тонун кийип, дары-дармек салынган баштыгын алып атка минди.
Матурай аке экөөбүз канча убакыт жол жүрдүк билбейм, бирок мен үчүн өтө узакка созулган жол болду. Матурай акени үйгө жеткириш азаптын азабы болду. бир жагынан үйдө эмне болуп жатканы белгисиз болгондуктан, экинчи жагынан өмүр бойу врач болуп жүргөн киши жайдак атта жакшы жүрөалбай атты жай бастырып келе жатканыбыз мен үчүн азап эле болду.
Бирок аттиң ажал экен биз келгиче эле Турсунбай авам узап кеткен экен... менин аракетим ашык атпай, суу кечпей калды...
Арадан бир нече күн өткөндөн кийин Матурай акени көчөдөн кезиктирип калдым. баягы каргашалуу түндө уйкусун бузуп, беймаза кылганым үчүн кечирим сурасам, жумшак колдору менен колуму кармап - Биз да бир күн аркасынан барабыз уулум. деген эле. көп өтпөй эле ал киши да кетти...Бүгүн сүрөтүн карап отуруп - Бизда бир күн аркаңардан барабыз... деп койдум.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев