Маңдай-тескей чокулар ак калпакчан,
Ортосунда айдың көл чалкып жаткан.
Чалкыган бул толтура ырыс-кешик
Толук турар түбөлүк чарпылбастан.
Көрсөм кыргыз кеңдигин карап турган,
Калкагар чоң күзгүдөн таза, тунук.
Бара жатсам астымдан тосо чыгып,
Бакыт сулуу тургансыйт кымыз сунуп.
Көрөм кыргыз жергесин калдайган кең,
Кыялымда ааламга бир өзү тең.
Бардык кубат жергемде, элестетем.
Максат - ак куу, мен - шумкар, куусам жетем.
Кээде толкуйт түрүлүп, өркөчтөнүп,
Кээде тыптынч тургандай ыкка көнүп.
Мүнөт сайын жаратат бөтөнчөлүк,
Мүнөт сайын өзгөрүү турат өнүп...
Карай берем көл үстүн көзүмдү албай,.
Көрбөгөнсүп эч качан көлдү мындай.
Жел козгобой мелтиреп жатат кээде
Жигит ырын тыңшаган жаш сулуудай.
Кумар болбос менчелик эч бир ашык,
Жан эс алат жээгинде жүрсөм басып.
Жыргай түшүп кайыкка отурганда,
Бетти тосом толкунга черди жазып.
Кетким келбей кылчактайм эл жатарда,
Чөмүлгөнү барамын таң атарда.
Көл желпиген жагымдуу салкын аба
Кан жөткүргөн дарттууга табар арга.
Ээлеп ойду бир жолу алганыбы,
Каным менен биригип калганыбы.
Ысык-Көлдү кызганып турчу болдум
Кызгангандай жан бирге жалжалымды.
Кызганамын чын эле ач көз жоодон,
Жүрөк калкан найзага, төшүм коргон,
Өмүр жетсе түбөлүк болуп сакчы,
Күзөтүндө турмакмын ушул бойдон.
Маңдай-тескей чокулар ак калпакчан,
Ортосунда айдың көл чалкып жаткан.
Арнайт элем күч жетсе бир чоң дастан
Мактоо ырын чогултуп бардык жактан.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1