Бир туугандын арасында жашы улуу же кичүү болобу, ага бир туугандай урмат көрсөтүш керек. Бирөө бай, бирөө кедей болсо да, бөлбөй, кемсинтпей, бирдей көрүп, сыйлоо шарт. Бир тууганың, агаң менен сырдаш, аңгемелеш. Кыйынчылык болсо — барып, кеңеш сура. Бир тууган экениңди сездир. Каш-кабагына карап жүр. Сыртынан жамандаба, кылыгын сынга алба. Сенин ушундай аракетиңди инилериң көрүп, сага да ошондой урмат көрсөтүшөт. Сен агаңды, бир туугандарыңды сыйлабасаң — башкалар да, инилериң да сени сыйлабайт.
Бир туугандарыңдын ал-акыбалын сурап турууну адатка айландыр.
Мүмкүн, бири ач, биринин кийими жок чыгар?! Мүмкүн, бир бир тууганың карызын төлөй албай, кыжалат болуп жүргөн чыгар?! Ушунун баарын ойлоп жүрүү — бир туугандын милдети. Ооба, алар ачкабыз, кыйналып жүрөбүз деп айтпашы мүмкүн. Сен үйүнө бар. Чай ич. Аңгемеге тарт. Бул сенин милдетиң. Бир тууганыңды кандай жагдай болсо да сөгүүгө акың жок. Анын кыйынчылыктан чыгуусуна жардам берүү — сенин парзың! Колуңдан келип турса, шартың болуп турса — мээримге бөлө! Бир тууганчылык деген ушул!
«Жаман кылыгы менен жамандыгы» үчүн бир тууган менен катышпоо, аны бөлүү, жыйын, тойго чакырбоо — бир тууганчылык эмес.
Ошончолук эле кыйын болсоң, акылдуу болсоң, көптү көргөн болсоң, «жаман» бир тууганчылыкты оңдогонго аракет кыл. Жагдай жакшырбаса да, бир тууганың менен катышпай кеткенге акың жок. Ал сенин бир тууганың. Сенин каның. Күн өз жылуулугун жаманга да, жакшыга да бирдей төккөндөй, сен да өз жылуулугуңду баарына бирдей көрсөт.
Эч качан эл алдында бир тууганыңды жамандаба.
Досторуңдун же башка адамдардын арасында бир туугандарыңды кемсинтпе. Жакшылыгын ашырып, жамандыгын жашырып, даражасын көтөрүп жүр.
Бир тууганың эң жакының экенин унутпа. Башкаларга берген жардамыңды, бир тууганыңа да көрсөт. Башкаларга кылган жакшылыгыңды, өз бир туугандарыңа да жаса!
Жыйын-тойдо бир туугандарыңа атайын дасторкон жай. “Булар ушул тойдо кызмат кылууга тийиш” деп жөнү жок кеңкейбе. Сенин бир туугандарың болгону үчүн сага ансыз деле кызмат кылышат. Ошол үчүн да аларды сыйла. Калган журтуң конок. Конокту сыйлоо милдет. Бирок бир тууганды урматтоо андан да маанилүү. Казандын башында чай берип кетирип жибербе. Уят болот! Алар сенин сыйлап жатканыңды сезишсин. Конокко жайылган дасторкондо бир туугаңындын да акысы бар. Эч качан бир туугандарыңды экинчи орунга койбо! Кандай болгон күндө да, алар биринчи орунда!
Ав: Шаар Бейбарс
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2