Көпчүлүк учурда боюу талаптагыдай өспөй жаткандыгына кабатыр болушат. Албетте, бойду кол менен жасап узартууга мүмкүн эмес. Болгону анын себебин аныктап алуу керек.
Бойдун факторлору
Бойдун өсүүдөгү эң эле маанилүү жагдайларынын бири генетикалык өзгөчөлүккө байланыштуу. Ата-энесинин бою узун болсо, анда баланын дагы бою узун болот. Ал эми орто бойлуу ата-эненин балдары да орто бойлуу болушат. Андыктан муну эске алып коюу зарыл.
Мындан сырткары, бойго байланыштуу факторлордун катарына баланын тамактануусу да себеп болот. Себеби белокту жетишээрлик өлчөмдө кабыл албаган баланын боюнун өсүүсү жайланып калат.
Физикалык күч дагы бойдун өсүүсүнө тоскоол болот. Баланын күчүнөн ашыкча кара жумуш жасатуу, узак убакытка отуруу бойдун туура өсүүсүн кечеңдетет. Себеби омурткаларга доо кетет. Ошондой эле баланын ал- күчүнөн ашыкча күч жумшалган спорттук машыгуулар дагы анын боюна зыянын тийгизет.
Баланын боюнун туура өсүүсү
Денедеги бойду организмдеги эндокриндик система көзөмөлдөп турат. Мында гипофиз дагы олуттуу ролду ойнойт. Себеби, мындан бойду өстүрүүчү гормон иштелип чыгат. Бойдун өсүүсү эркек балдар үчүн 18-19 жашында, кыздар үчүн 16-17 жашында токтойт.
Бала төрөлгөндөн кийинки бир жаш курагында 25 см-ге өсүүсү талапка ылайык. Андан кийин 5-6 жашында жана 2-3- класска барган кезинде, 10-11 жашында дагы бойдун өсүүсү жогору көрсөткүчтө болуп, активдүү келет. Ата- энелер бул учурда балага өзгөчө көңүл буруулары керек. Себеби, жогоруда айтылган жаштарында бойлорунун өсүүсүнүн натыйжасында кээ бир балдар жүрөк оорусуна убакытуу кабылышы ыктымал.
Ошондой эле жогорку деңгээлде бою өсүп жаткан учурда баланы туура тамактанышына, ашкере физикалык күч колдонбоосуна аракет жасоо керек. Мындан сырткары, стресстик абал дагы терс таасирин тийгизээрин унутпоо зарыл.
Алоэ вера. Сурап билуу учун +7-919-932-32-19
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев