Мастит — эмчектин сезгениши. Ал ириң пайда кылуучу микробдордун (айрыкча стафилококк) сүт бездерине киришинен (эмчектин жарылып кеткен үрпү аркылуу) пайда болот. М. менен көбүнчө бала эмизген (лактациялык М.) аялдар, айрыкча биринчи төрөгөндөр ооруйт. Анткени алардын үрпүнүн териси өтө назик келип, бат жараланышы мүмкүн. Анын үстүнө жаш эне баланы туура эмес эмизүүдөн эмчек жабыркап, кесилип кетет да, эмгенде ооруп, бала эмчектеги сүттү толук эме албайт. Ошондой эле эмчекти туура эмес саап, өздүк гигиена эрежелерин сактабаганда да болушу мүмкүн. М. катуу кармаган жана өнөкөт (ириңдүү жана ириңсиз) болуп айырмаланат.
Оорулуунун денеси ысып (39°ка чейин), өзүн начар сезип, башы ооруйт. Экинчи суткада жабыркаган эмчек катууланып, кызарып ооруйт, чыңалып чыгат. Эгерде дарылоо өз убагында башталса, бир нече күндөн кийин эле айыгат. Дарылоо М-тин түрүнө жараша жүргүзүлөт. Оору күчөй электе консервативдик жол менен дарылайт. Эмчекти таңып, сүтүн саап, ар түрдүү дарылар берилип, физиотерапия процедуралары сунуш кылынат.
Өз алдынча ар кимдин кеңеши менен дарыланууга болбойт. Ириң тээп күчөп кетсе хирургиялык жол пайдаланылат. М-ти алдын алууда эмчекке массаж (укалоо) жасоонун мааниси чоң. Мындай укалоону ар бир аял өзү жасай алат. Колду самындап жылуу суу менен жууп, анан бир нече минута саат жебесинин багытында ар бир эмчекти сылап, укалайт. Үйдү жакшылап желдетип же форточканы ачып, эмчекти жылаңачтап 10 —15 мин. төшөккө чалкадан жатып, аба ваннасын алып туруу да пайдалуу. Аялдын организминдеги сезгенүү очогунан (чириген тиш, өнөкөт тонзиллит) микроб кан менен эмчекке келиши мүмкүн, ошондуктан бойго болгондо бул ооруларды дарылоо өтө маанилүү.
Алоэ вера ,Дезодорант.Вирус жок кылчуу витаминдер,натуралдуу зыяны жок айыктыруучу Алоэ шиереси абдан жакшы жардам берет.
Программа менен.1 Алоэ.
2 Чай.
3 Прополис ,вирус жана сууктукту чыгаруучу.
4.Спрей антисептик Алоэ,жана 12 чоптон жасалган First .
5 Алоэ дезодоранты ,эмчеке массаж кылып,жылуу кармаш зарыл.Солий алюминий жок составында!!!
Суроо боюнча +7-919-932-32-19
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев