1. Жашоо адилетсиз, бирок баары бир жакшы.
2. Эгерде шектенсең, дагы бир кадамды алдыга ташта.
3. Ооруганда сени жумуш карабай. Андыктан дос менен ата-эненин мамилесин сакта.
4. Ар бир талашта жеңүүгө милдеткер эмессиң. Макул бол, же макул болбо.
5. Бирөө менен чогуу ыйла. Жалгыздыкта ыйлаганга караганда, жакшыраак жардам берет.
6. Пенсияны биринчи айлыктан чогулт.
7. Иштин баары шоколадга жеткенде, каршы чыгуунун мааниси жок.
8. Өзүңдүн өткөн жашооңо баш ий, анткени ал келечекти бузуп салышы ыктымал.
9. Өмүрүңдү башкалардыкы менен салыштырба. Алар чынында өз жашоосунда эмне менен алек болгонун сен элестете да албайсың.
10. Эгерде мамиле жашыруун болушу керек десе, ага катышпай эле кой.
11. Пайдалуу, сулуу, же кызыктуу деп атагандан башкасын жок кыл.
12. Сени өлтүрбөгөн, сени күчтүү кылат.
13. Ашыгы менен даяр бол, андан кийин эмне болсо ошол болсун.
14. Сенден башка эч ким сенин бактың үчүн жоопкер эмес.
15. Дайыма жашоону танда.
16. Баардыгын жана баарын кечир.
17. Убакыт баарын дарылайт. Убакытка убакыт бер.
18. Кырдаалдын жаман же жакшы экенидиги маанилүү эмес, ал өзгөрөт.
19. Кереметке ишен.
20. Жашоону изилдөөнүн кереги жок. Сен анда пайда болгон соң, колуңдан келгенин жасайсың.
21. Күн сайын сейилде. Керемет баардык жерде орун алат.
22. Көрө албастык бул - убакыттын текке кеткени. Сенде керек болгон нерсенин баары бар.
23. Жол бер.
24. Өзүңдү кандай сезгениң маанилүү эмес, ордуңдан тур, кийин жана элге чык.
25. Жашоо бантик менен байланбаса да, ал баары бир белек!
(Регина Бретт)
💻 superstan.kg "Ихсан Медиа" порталы…
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3