Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата чуркоо боюнча марафон уюштурулду.
Ат-Башы райондук мамадминистрациясынан билдиришкендей, марафонго 4 мектептин окуучулары катышып, кыздар 3 км, балдар 5 км аралыкка чуркашты. Жеңүүчүлөргө балуу белектер тапшырылды.
Мындан сырткары маданият үйүндө чакан программадагы концерт коюлуп, окуучулар улуу жазуучунун чыгармаларын сахналаштырышты. Аларга 15 суроо берилип, туура жооп бергендерге белек тапшырылды. Ошондой эле, айылдык китепкананын кызматкерлери көркөм окушту. Иш-чаранын соңунда жаштар флешмоб уюштурушту.
Толук: http://at-bashi-r.turmush.kg/news:356741/?from=atbashykg #atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев