Биз өзүбүздүн сырткы келбетибизге жашоо шартыбызга көбүрөк көнүл буруп калдык
жакшы кийинсек жакшы жесек жакшы үйдө жашасак деп эле кам көрүп калдык.
Ички дүйнөбүзгө кам көрбөгөнүбүздүн себебинен оор жашоо оор турмушка кабылып атабыз.
Күн сайын менин ыйманым өсүп жатабы өсүп жатса канчалык денгеелде мен бүгүн жараткан Аллахка канчалык жакындадым канчалык өкүмдөрүн аткардым канчалык ыраазы кылдым деп өз ыйманыбызга кам көрбөй калдык
Эгерде биз жараткан Аллахты таппасак ыраазы кыла албасак анда баардык нерсени жоготтук
Эгерде биз жараткан Аллахты тапсак ыразы кылсак анда баарын таптык
биз канчалык ички дүйнөбүздү ондойбуз Аллах менен мамиле курабыз ошондо гана жакшы жашоо тынчтык бейпилдик жашоо берет береке берет
Биздин бул дүйнөгө келген дагы бир максатыбыз өзүбүздү оңдоо жакшы саппаттарды алып келүү жаман сапаттардан арылуу
Күн сайын өзүбүздүн жүрөгүбүзгө ыйманыбызга кам көрөйлүү канчалык жүрөк оңолгон сайын биз өзүбүз оңолобуз жашообуз оңолот.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев