жейм,акча бериңиз?
-Макул балам,ме,алып жей кой.
-Атоо,машина сатып
бериңизчи,балдар менен
ойнойм.
-Макул балам,сатып берем.
-Ата,бүгүн балдар менен
чогулмакпыз,ошого акча керек.
-Макул балам.Бирок этият бол.
-Ата,мугалим акча алып кел
деди,ремонтко.
-Ата,жаң туфли алам,акча
керек.
Ата,бүгүн досумун туулган
күнү,белекке акча керек.
-Ата,бүтүрүү кечебизге акча
керек.
-Ата,жол киреге акча керек.
-Ата,кийим алышым керек.
-Ата,сессияга акча керек,салып
жибериңчи.
-Ата,акча керек...Ата ,акча...?
★★★★
-Уулум,үйгө тамчы өтүп
жатат,ошону оңдоп берсең
дейин дегем
- Ата,азыр мүмкүнчүлүгүм
жок,ишим көп.
-Уулум,үйдө ун-майдын түбү
көрүнүп калыптыр,эгер жолуң
түшсө...
-Ой ата,кечээ эле тамак-аш
алып барбаган белем?Түгөнүп
калдыбы?
-Балам,апаңдын жүзүм жегиси
келиптир.Билесиң бир аз
сыркоолоп жатат,алып келип
берсең жакшы болмок.
-Ата!Кыштын күнү жүзүм канча
турат билесиңерби?Өзүм араң
жүрсөм...
-Уулум,врачтар даары жазып
берип кетишти.Ошол
даарыларды алып келип
берсең... Апаң...
-Ата,уксаңыз ,эмне менден
башка балаңси ж0кпу?Тиги
эжем,акемдерге да айтсаңыз
боло.
-Уулум бир келип кет?....
-Неге ата?Дагы акча керекпи?
-Апаңдан ажырап
калдык..Акыркы ирет көрүп
кал...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 26
кана сен жазчы анда
котун кызып эле окусанар болбойбу бироо жазганды катасын издебей