✍ _Ильяс Рыскулов_
Аллах таала айтты:
*«Жана сага улоо үчүн келгендерге: “Силерди мингизгени улоо табалбай жатам” – деп айтканыңда, өздөрү да (согуш үчүн) сарптай турган нерсе таба албай калгандарына өксүп, көз жашын агызып кайткандарга да күнөө жок».* _(Тауба сүрөөсү, 92-аят)_
🔵 БУЛ АЯТТЫН ТҮШҮҮ СЕБЕБИ
Абдурахман ибну Амр ибну ас-Сулами жана Хужр ибну Хужр аль-Кулааи мындай деп айтышты: “Биз Ирбаз ибну ас-Сарияга келдик, бул адам ушул аятта эскерилгендерден болчу: *«Жана сага улоо үчүн келгендерге: “Силерди мингизгени улоо табалбай жатам” – деп айтканыңда, өздөрү да (согуш үчүн) сарптай турган нерсе таба албай калгандарына өксүп, көз жашын агызып кайткандарга да күнөө жок».* Аны менен учурашып, ага мындай деп айттык: “Сени зиярат кылып, илимиңден пайдаланалы деп келдик”. Ошондо Ирбаз мындай деп айтты: “Бир күнү Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, биз менен багымдат намазын окуду. Кийин биз тарапка жүздөнүп, өтө жеткиликтүү эскертүүлөрдү айтты. Андан биздин көздөрдөн жаш агып, жүрөктөрдө коркуу сезимдер пайда болду. Ошондо бир киши: “Оо, Аллахтын Элчиси! Бул эскертме коштошуучу адамдын эскертмеси сыяктуу. Бизге эмнени осуят бересиз?” – деп сурады. Аллахтын Элчиси айтты: “Аллахтан коркууну жана Эфиопиялык кул болсо да аны угуп, ага баш ийүүнү осуят кылам. Ал эми силерден кимиңер менден кийин жашаган болсо, көптөгөн бөлүнүүлөргө күбө болот. Ошол кезде, менин сүннөтүмдү жана туура жолдогу халифтердин сүннөттөрүн карманууңарды эскертем. Аларды бекем кармангыла жана тишиңердин азуулары менен бекем тиштегиле. Жана жаңылык иштерден сак болгула. Ар бир жаңылык бул бидаат. Ал эми ар бир бидаат бул адашуу”. (Ахмад, Абу Дауд)
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
☑ ИсламОнлайнKG
➥ Facebook.com/islamonlinekg ➥ Instagram.com/islamonlinekg ➥ Ok.ru/islamonlinekgz ➥ t.me/islamonlinekg 🔘 WhatsApp группасына катталуу:
📲 https://api.whatsapp.com/send?phone=996706363666 ▶ YouTube каналына катталуу: https://www.youtube.com/channel/UCCX84TvZuq9fyP7Rq5RKBkA
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев