✍ _Заид Зулкарнай уулу_
6⃣ *АЙТ КҮНДӨРҮ САДАКАНЫ КӨП БЕРҮҮ*
Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, айтты: *"Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айт намазына барган кезде элдер менен эки рекет намаз окуп салам бергенден кийин ордунан туруп отурган элдерге карап: «Садака бергиле, садака бергиле!» – деп айтты. Ошондо садака кылгандардын көпчүлүгү аялдар болду. Алар сөйкөлөрүн жана шакектерин садака кылышты".* (Ибну Маажах, 1288)
7⃣ *АЙТ НАМАЗГА БАРГАНДА БИР ЖОЛ МЕНЕН БАРСА, КАЙРА КАЙТКАНДА БАШКА ЖОЛ МЕНЕН КЕЛҮҮ*
Жабир ибну Абдуллах, радыяллаху анхума, айтты: *«Айт күнү Пайгамбар (барыш жана келиш) жолун өзгөртөт эле».* (Бухари, 986)
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты: *«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айт күнү бир жол менен бара турган болсо, кайра кайтканда башка жол менен кайтат эле».* (Тирмизи, 541)
8⃣ *АЙТ НАМАЗ ОКУЛА ТУРГАН ЖЕРГЕ ЖӨӨ БАРУУ*
Али ибну Абу Тоолиб, радыяллаху анху: *«Айт намазга чыкканга чейин бир нерсе жеп алуу жана айт намазга жөө баруу сүннөт амалдарынан болот»* – деп айтты. (Ибну Маажах, 1296)
9⃣ *АЯЛДАР АЙТ НАМАЗЫНА ЖАСАНБАСТАН, АЧЫК-ЧАЧЫК КИЙИНБЕСТЕН ЖАНА АТЫР СЕБИНБЕСТЕН ЧЫГУУСУ КЕРЕК*
Умму Атыя, радыяллаху анха, айтат: *“Айызы келип жаткандарыбыз жана бойго жеткен кыздарыбыз да эки айт намазына барууга буйрулдук. Мусулмандардын жамаатын жана алардын дааваттарын көрдүк. Айызы келген аял айт намазына бара албастыгын билдирип мындай деп айтты: “Оо, Аллахтын Элчиси! Биздин арабызда кээ бирибиздин кийерге көйнөгү жок”. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: “Ага курбусу кийимдеринен кийгизип турсун”* – деп айтты. (Бухари, 351)
*▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁*
*☑ ИсламОнлайнKG*
➥ Facebook.com/islamonlinekg ➥ Instagram.com/islamonlinekg ➥ Ok.ru/islamonlinekgz ➥ t.me/islamonlinekg *🔘 WhatsApp группасына катталуу:*
📲 https://api.whatsapp.com/send?phone=996706363666 *▶ YouTube каналына катталуу:* https://www.youtube.com/channel/UCCX84TvZuq9fyP7Rq5RKBkA
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев