Жаш ишкерлерди көргөндө кубанып кетем, анткени дароо эле өзүмдү, ишкердүүлүктөгү алгачкы кадамдарымды эстейм.
1987-жылы ЦК ВЛКСМдын чечими боюнча жеке ишкердүүлүккө уруксат берилген. Коммерция эмне болгонун толугу менен түшүнбөсөк деле биз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдүн булагы экенин сезип жаттык.
Ошондо досторубуз менен партиянын Аламедин райкомунда дискотека уюштуруп, видеотека (кинотасмаларды прокатка берүү), такси чакыруу кызматын көрсөткөн борбор ачып, акча таап баштаганбыз. Мындан сырткары, ар кайсы курулуш фирмалары үчүн долбоорлордун сметаларын буйуртмага жазчубуз. Ушинтип 24 жашымда жетекчи болуп калдым. Кассир, бухгалтер, аниматор, айдоочулардан ж.б.амбициялуу адамдардан турган командам пайда болду. Көп убакыт өтпөй жакшы киреше таба баштадык.
Мыйзам боюнча райкомдун фондуна маянабыздын белгилүү бир пайызынан төгүмдөр алынчу. Райкомдун катчысы 500 рубль алчу, меники 800 рубль эле. Ошондуктан, кандайдыр бир деңгээлде биздин ишибиз ийгиликтүү бизнес-долбоор болчу деп айта алам.
Кызыгып, баш отубуз менен кириштик ишке. Ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн акча-каражаттарыбыз пайда болду. Районду өнүктүрөлү деп иштеп жаттык.
Тилекке каршы Советтер Союзунун таркалышы менен жаштардын көйгөйлөрү экинчи планда калды. Бирок так ошол жылдардагы ишкердүүлүк тажрыйбам 1991-жылы Кыргызстанда товардык-чийки зат биржасын ачууга өбөлгө түзүп берди. Бирок бул таптакыр башка окуя.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев