3-бөлүм
( Тагдыр)
Өмүрдү тизгиндеп тартып кала албагандыктан ,өз кызматты менен убакытка учкашып алып күнүмдүк тиричилик менен жетелешип, минут ,секунда байкалбаган өзгөрүүлөр жашоого айланып ар бир кадамды жеке жашоодогу тагдырга айландыра берет тура. Бүгүнкү барлыгың эртеңки жоктугуң бул болгону табыгый бир кубулуштай же болбосо убактылуу өсүп чыккан чөптүн тагдырындай гана жашоо экенин аңдап жете баштадым. Анткени тентек мүнөз ачуулуу жаным таразага таш коюп тартып көргөндөй өзгөрө баштады. Аралыкта бир жыл же андан көбүрөөк өтсө керек . Дүйнөгө болгон көз карашты өзгөрткөн ,,Кер өзөн " китеби болду андагы каармандар чынында жашоодон алынган болсо албетте күзгүнүн да эки тарабы бар сыяктуу сезилди. Өзүңдү караганда бир тарабы көрсөтө алса экинчи тарабы сенин ким экениңди көрсөтө албашында турбайбы. Бирок жокчулук тизгини десем же караңгылык дүйнөсү десем кандай жыйынтык чыгарышка акылым жете албаган менен курсагың ток кийимиң бүтүн болсо гана бул дүйнө түгөл жана тегиздей биле берчү экенмин. Ар бир үйдө өзүнө жетерлик түйшүк, өзүнө жетерлик сыноо жана жашоо баарын кайдан гана айырмалап жете ала алмакмын. Кимдин үйү жаңы болсо же кимдир бирөөдө машина болсо таңдана карап суктанып өзүмдү кичирейте баштадым. Жанымда окуган балдардын чөнтөгүндө акча кийген кийими жаңы болгон сайын өзүмдү тартып уялчаак мүнөз табыла башталды. Бул анда кичинекей кара кыздын адам болушуна чөйрөгө болгон көз карашынын өзгөрүсүнүн алгачкы кадамы болгон көрүнөт. Бекеринен айтылбаса керек уяда эмнени көрсө учканда ошону алат деген сөз ,чынында чөйрөнү каптап турган ар бир көрүнүш сен үчүн жашоонун сабагы ,тагдырдын таймашы ,акылдын өсүшүнө же өлүшүнө алып келет тура атаганат. Ошондуктан бала төрөлгөн күндөн тарта табийгаттын сулуулугун, адамдардын мээримдүүсүн, ошону менен бирге акылмандын акылына каныгып өскөнгө жол ачуу абзел экендигин да билүү зарыл тура. Туулган жерим канчалык чакан болсо да мен үчүн эң чоң Мекен болуп сезиле берчү. Анткени дүйнөдө жалаң гана тоолор мени ороп тургандай туюлчу. Атамдын дүрбүсүн уурдап алып жанымдагы бийик тоого курбу кызым менен эчен ирет чыгып жүрдүм. Анткени айыл ичи алаканга салып бергендей толук көрүнүп турчу. Дал эле жомоктогу сүрөттөгөндөй. Болгону ал учурда терс каарман таба алчу эмес элем балалык таза жан дүйнө менен барын таза сезчү эмес белем. Көп ирет жалгыз чыккан күндөрү издеп көрчүмүн кайдан билем ким жакшы ,ким жаман экенин. Болгону үңкүрдөн чыга калчу дөөнү же шыпыргысын минип жетип келчү жез кемпирди издечү элем го. Айыл ичин борсулдап үргөн иттер, кукереку- куу деген короз үндөрү менен кошо ызылдап ойногон балдардын үнү жана ыйлап калган жаш баланын ыйы дайыма жаңырып турар эле. Ар бир үйдүн алдында мал үчүн салынган сарай , кээ бир үйлөрдүн алдында төрт беш алма же өрүк, болбосо адамга пайдасы тийбеген сыяктанып көрүнгөн тал болор эле. Кимдир бирөөлөр бак олтургузуп коюшкан бирок үй жанында эмес алыста. Бири биринен алыс жайгашкан айыл ичи тынчтыкка эч качан бөлөнө алчу эмес. Түн киргенде да арсылдап үргөн иттердин үнү угулуп турчу.
Бул күн жалгыз эмес курбум Жанылай экөөбүз тоо башына бардык. Ал да акесинин жалгыз көздү дүрбүсүн көтөрүп чыккан , ал эми мен адаттагыдай атамдын чабан болуп жүргөн кезде сатып алган эски дүрбүсүн асынып алгам. Жарым жолго жете бергенде тентек жаным жашыл чөпкө бой таштадым да кыйкырып жибердим
-Эх- хеей тоолор, тоолор , мени менен кошо тоо бооруна чагылып аркайган аска таштар болор эле ,кошо кайталап баштады
- Эхеееей , эхееей - деп мага жооп кайтарып жаткандай. Мен болсо андан бетер болгон күчүм менен кыйкырып баштадым бул бактылуу балалыктын торундагы ширин күндөрдүн үзүмү экен.
Жол улап жөнөдүк божурашып , курбу кызым үчүн жигитинин үйүн тиктеп олтуруш болсо мен үчүн алаканга салып бергендей көрсөтүп турган кичинекей мекеним эле. Тоолор бири - бирине тирелип карашкандай бири бийик ,бири пас , бири жашыл шибер жайсаң болсо экинчиси кара ташка көмүлүп каардуу көрүнүп турар эле . Ал эми менин айылымдын өзгөчөлүгү топурактын кызылы сыртына чыгып боёп койгондой болчу, салынып шыбагы толук бүтпөй турган үйлөр да кызыл топурактан курулган үйлөр. Көп жерден өзгөчөлүгү бул кызыл топурагы менен туздуу суусу эмеспи.Дал айылдын ортосунан агып турган кенен сай. Сай бойлото эгилген тал терек түптүз болуп бийикти карап умтулуп жетчү жери бардай асманга карай тирелет.Мага ушул нерсени көрүп туру кызык эле .
- Жаңылай сен чоңойгондо ким болосуң?
- Эмнеге сурап жатасың ?
- Кызыктым да , дайым чыгып алып Алмаздын үйүнүн короосун тиктегениңден айтым да .
- Билбейм , атам мага окууга тапшырыш үчүн бир өгүзүн сатпай кармап жүрөт. Ошко окуймун го.
- Анда Алмаз эмне болот. Сен окууга кетсең.
- Ал да окуймун деди. Ал менден бир жыл башта барып окуп шаарга көнүп калат. Анан мен барам.
- Койчу сен барганда шаардык кыздан таап алсачы? Ойлоно түштү да биз жашпыз го. Балким ал кезге чейин башкасын жакшы көрүп калат чыгармын.
- Мм мукактана түштүм да сөз уладым. Гулайым экөөңөр каттуу кеттиңер ээ . Бирин Алмазды ,бирин Улукту жакшы көрүп. Эки дос ,эки досту сүйүп каткыра жыргап күлүп алдым.
- Эмне көрө албай жатасыңбы? Сен да бирөөнү таап ал да бизге окшоп. Дале кичине кыз сезип жүрөсүң го өзүңдү.
- Макул талашпаймын сен менен сөз. Бирок мендеги жүрөк кимди сүйөрүн билесиңби?
- Жоок ээ. Кимди таап алдың. Жаштыктын керемети дайым кытыгылап тургандай жыргап күлүп алдым го.
- Эч кимди.
- Чынын айта берсең боло. Таарынып кирди. Мен баарын сага айтып берем мага келгенде баарын жашырып аласың.
- Койчу мен кимди жакшы көрмөк элем , билесиң го. Окуймун ,иштеймин анан кимдир бирөөнү жактырып калсам айтам.
- Атаң менен апаң окутам дедиби?
Экөөбүздүн бири - бирибизге болгон суроо үй бүлөлүк шартка келип такала баштады.
- Ооба. Бурк этип алдым . Акчаны заманы келип шапка ,контракт деген нерсенин баары башталган учур эле го.
Канчалаган билимдүү эжей - агалар окууга акчасы жок турмушка чыгып же комерсант деген болуп болбосо Казакстанга тамекиге иштейбиз - деп чыгып кеткен учур. Ар бир үйдө небере багылып ,ата - энелери акча издеп агылып жаткан эмес беле. Заманды талкалап майын сыгып сызгырып өз табагына куюп жаткан бийликтин башкаруусу болгон үчүн мектептен башталып окуу жайларга чейин ошондой сызгырып жаткан. Карапайым калктын балдар үчүн берилген пособиелери да чыт менен берилип көпчүлүк айыл кыздары да балдары сары гүлдү помазия материалдан көйнөк кийип калган го. Дегиси билим да өз күчүн жоготуп акча деген төрт бурчтук башкарган заман өз тагына сый урмат менен жетип келген болчу.
- Кеттик ,мен торпок камап турум керек. Азыр уйлар келип эмип алса апам урушат- дедим.
- Макул жүр анда экөөбүз тоодон тик ылдый бири бирибизден калбай чуркап жөнөдүк.
Аягы...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2