9-БӨЛҮМ.
Канат Мираны сурамайын, Батма да унчукпады. Качан гана, Мира турмушка чыкса керек да деген Канатка Батма чала-чарпып айтып берди.
- Ошондой де, эмне болуп антип калды экен? Кудай буюрса, дарылатабыз, акча бар... Батма Мира аркы болмодо тошоктон эми тура баштаганын айтып, башка сырдуу окуяларын айтпай жашырды.
- Мени тааныйт болду бекен?
- Тааныйт, эмнеге тааныбасын, журу. Ал белегинди, озун бер. Экоо ээрчише Миранын жанына барышты, ал кутуп жаткан. Атасынын качан канча калпты айтып кирип келерин куткон.
- Кызым, мен келдим. Мира Канатты бир карап алды да, жузун буруп кетти. Жек коруп турду атасын.
Мира, атан келди, карачы бери. Батма Мирага жакындады, артынан Канат.
- Мира, мен келдим, эми бары жакшы болот. Карачы мени, кызым, сени дарылатабыз. Канат кызынын кан-соолу жок колдорун кармалай, чачтан сылап, ооп койду. Мираны баягысындай эркелеп, моюнуна асылат деп ойлогон Канат. Мира болсо коздорундо огу болсо, атып жиберчудой атасын карады.
- Тааныдынбы? Мен атан, келдим мына. Эми эч жакка кетпейм, жанынарда болом. Мен силер деп, иштеп, акча таап келдим. Мира таштай катып унчукпай койду. Канат белегин анын жаздыгынын жанына коюп, оор ушкуро ордунан турду. Бул турмушту тук да ойлогон эмес. Баарын мурункудай эле элестеткен. Так секирген Мираны, суйкайган келин, эне болуп калса керек деп ойлогон. Экоо ээрчише басып чыгып кетишти. Канат Батма экоо кенешип, Канаттын ата-энесин чакыралы дешти. Канат уйдон чыккысы келбегенин айтып, Батманы Назардын баласын эле чуркатып жибер, келгенимди угушса, оздору эле жетип келишет деди. Айтканындай, Батма кошуна Назардыкына кетти. Канат сумкаларын антарып жатып, Мирага алган дагы бир белегине урунду колдору. Кармалап туруп калып, Мирага бергени жоноду.
Мира терезе тиктеп туруптур.
- Мира муну унутуп калыптырмын. Бул да сага.
- Кереги жок. Канат чочуп кетти. Жыгылган бойдон суйлобойт дебеди беле Батма. Суйлоду. Канат Мираны тиктеген калыбынан жазбайт.
- Зуура ким?
- Зуурабы? Билбейм, ким айтты.
- Мен билем баарын, кайда, ким менен жашап журуп, эми актанып, арам акчанды которуп жетип келдин?
- Кызым, ал эмне дегенин?
- Апам билбейт, билбеген бойдон калсын. Канаттын башы шылк этти. Оозуна болок соз келбей, минтип билинип каларын эч оюна алган эмес эле.
- Андай эмес, Мира, сага ким айтып журот. Канат актангысы келди эле, Мира аны каардуу карап токтотту. Басып баратып, жалган, ата, баары жалган,-деп эшикке чыгып кетти. Канат ордунан жыла албай катып калгансыды. Батма билип калса эмне болот? Эки тоонун чобун энсеген, ач калат, мен болом,-деген ойдо турган жерине отуруп калды. Башы ман.Назардыкына кирген бактылуу Батма анын баласын кайындарына чуркатып, озу Назар менен Анарды ээрчитип, уйуно жол баштады. Дарбазаны ачып, коргон козуно ишенбей, ачуу чанырып, чалкасынан кетти. Анар менен Назар бир саамга дал боло калышты, эмне кылаарын билбей. Назар сарайдын эшигинде асылып турган Мираны коздой чуркап жетип, бутунан ойдо которуп, байланган жипти чече албай убараланды. Анар жыгылган жерине Батманы жаткыза коюп, суу издеп чуркады. Уйго кирип, Канатты коруп, колун жансап эшикти коргозо берди. Суу алып чыгып, Батманын бетине чачып, суу ичирип, эптеп эсине келтируунун аракетинде эле Анар. Канат эмне болуп кеткенин тушунбой, Назар чече албай жаткан жипти чече салды. Асылган жип чечилип, Мираны бошотушканы менен кеч болуп калган экен. Назар которуп турган Миранын башы, колдору шалактайт, жансыз. Кара чачы сунала жел кай тарапка урса кошо ыргалат. Ону купкуу. - Кара козум, эмнеге ушул куну, атан келген куну, дарылатам деп жатканда, кудай ай, эмнеге мен,- деп эсине келген Батма боздоп жатты. Канат озу менен кошо кайгы алып келгенине окуно жер тиктейт. Уулунун кайтып келгенине суйунушкон ата-энеси, ага-женелери, эже-жездеси окуруктун устунон чыгышты. Баарына тушунуксуз болуп калды. Канат келип, кубанып турган Батма кантип кара койнок кийип, кара жоолук салынып калганын билбейт. Азыркы эле кубанычы унут калып, уй ичи мунга, ыйга толуп чыкты. Кызын даарылатам деген акчасы, кызын жерге жашырууга жумшалаарын билип, Канат сыздап турду. Жапжаш болсо да, толгон азапты башынан кечирип, жарым жашоосун кыйналуу менен откоргон Мира жашоосунун кубанычынан азабы, суйунучунон куйуту коптугуно чыдай албай, баарына кол шилтей, атасынын калпына ишенгиси келбей, оз омурун озу кыйды. Айланасы толо жалган, арман экенине козу жетип, андан башка, жашоодон башкача жолду таба албай койду. Баарына козун жуумп, колуна тийген аркан менен асынып алды. Ошону менен оз азабына, кайгысына чекит койгусу келди. Ал чекитти койду. Бир жарык очту, оксуп ыйлай энеси калды толгон сырды жашырып. Болгону, Маратка табышмак бойдон калды. Акыркы жолу жолуккандагы Миранын создорун унута албай койду. - Апам билет, сураш керек. Миранын ушул созу аны уктатпады. Марат ынгайын таап, Батмадан сурай албай журду. Мира башка дуйного учуп кеткени Маратка тынчтык бербеди. Болгон эркин жыйнап, Марат кечке жуук Канаттын уйуно келди. Батма, Маратты канча жылдан бери коро элек эле.
- Жаксынарбы, эже? Батма тан калыштуу тиктеди.
- Жакшы, кел, эмне жумуштап, Канат да жок эле.
- Канат байкенин жогу жакшы. Сиз менен суйлошо турган соз бар, эже. Марат эшикти жаап, ичкериге отту. Батма андан козун албай, экообуз эмнени суйлошот элек дегендей суроолуу. Марат эмнеден баштаарын билбей буйдала тушту. - Эмне соз, э, айланайын. Батма соз барыбир Мира тууралуу экенин сезип турду, бирок дагы эле оюна бир нерсени албагандай. Аны билбейт менден башка жан деп ойлогон эле. Бирок, жашоодо биз кутпогон кокустуктар коп болот эмеспи.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4