17 - Баян
Болотбек Акматов
Ал тууралуу ойлонгондо, ал биздин үйдүн тепкичинде күтүп тургандай көрүндү. Таң атпай мында кантип келсин деп ойлодум да сыртка чыксам, жана кандай көрсөм дал ошондой сырттагы подъезддин тепкичинде күтүп турган экен. Оозум ачыла тушуп эмне дээримди билбей жалдырадым. Ал баятан бери баарын угуп-көрүп тургандай сырдуу жылмайды...
- Эмне турасың?-деп кескин сурадым, ал менин көөдөнүмдөгү бардык нерсени көрүп тургандай уялып. Бахид менден мындай сөздү күтпөсө керек, ууртундагы жылмаюусун шарт жыйып, баягы кунарсыз кейипке келип:
--Сени күтүп турам. Ден соолугуң кандай? - деди. Ушуну менен сөз бүттү, мен анын суроосуна жооп бергим келбеди. Бул менин каалаганыман эмес, ал баарын билип туруп мени сынагандай түр көрсөткөнүнөн улам болду. Бир топ жерге чейин жөө келдик. Эч ким сүйлөбөдү. Бахиддин эмне жөнүндө ойлонуп келе жатканын билбейм, мен болсо атам менен болгон сүйлөшүүнү буга айтсамбы же айтпасамбы деп көпкө ойлонуп, башым чирип баратты. Сөздүн мында Бахидге түздөн-түз тиешеси бар болгондуктан, баары бир жашырууга мүмкүн эмес деп чечип:
-Мен папам менен сүйлөштүм, - дедим акырын. Бахид билем дегендей башын ийкеп койду. Анын мындай мамилесинен кийин эмне деп жооп береримди билбей, сөздү улантыш керекпи же жокпу ага да акылым жете бербей токтоп калдым.
Атан, абдан жакшы, түшүнүктүү киши. Сенин бактылуу болушуңдан башка ага эч нерсенин кереги жок, - Бахид анын сөздөрүн тыңшап уккандай сүйлөдү.. Ата дегени менин кыжырыма тийди.Ата меники эле болсо бул эмнеге мага жабышып жүрөт деген ой башыма келип, ал баары бир бөлөк киши экенин билдирип жаткандай сезилди. Башка себептер менен болсо ачуумду чыгарып алат белем, буга анчалык батына албадым, анан чын эле азырынча менин гана атам эмеспи деген ойго келдим.
--Баарын көрүп-билиптирсиң, анан кандай чечимге келдиң?- шылдыңдагандай сурадым. Чынында бул суроо менин өмүрүмдө биринчи жолу олуттуу коюлган чечкиндүү суроо болсо керек эле. Бахид мен тарабынан маселе мындай тике коюлат деп күтпөсө да, ойлобосо да керек, бир саамга алактай түштү да:
--Мен сени Тажикстанга алып кетем. Азыр шаардык кыргыз болсоң, эми тоолук кыргыз болосун,-деп акырын колтугумдан алды. Мурда эч качан болуп көрбөгөн бир сезим жан дүйнөмдү аралады. Бактылуу, телегейим тегиз боло түштү. Эгер азыркыдай бактылуу учур болсо мен Бахид менен Тажикстанга гана эмес, жердин түбү болсо да кетүүгө даяр элем. өзүмдөгү бул абалды ага кантип түшүндүрөөрдү билбей турдум. Ал күнү экөөбүз тең сабакка барбай күнү бою көчөлөп жүрдүк.Ал өзүнүн балалыгы жөнүндө кызыктуу бирдемелерди узун сабак жомок кылып баяндап берди. Анын бул баянынан кийин мага көп нерсе белгилүү болду. Алардын ичинен өзгөчө таасир эткени жетим чоңойгоу, таежесинин колунда тарбияланганы, анын күйөөсүнөн бул өнөрдү үйрөнгөнү, таажездесинин карындаштарынын көрө албастыктары, алардын ар түркүн кордуктары болуп, ушунча азап-тозокко чыдаган Бахидди аяп да, жакшы көрүп да турдум. Экөөбүз ал күнү бактылуу жаштардай коштоштук. Үйге кеч келдим. Өмүрүмдө биринчи жолу телегейим тегиз, бактылуу болдум. Апам менен сүйлөшкүм келип, ар түркүн нерселерден күлкү чыгарып, анын да көңүлүн көтөрдүм окшойт:
- Мына бүгүн сен бала кезиндей өз калыбыңа келип калыптырсың. Мына сага ушундай жүргөн жарашат, - деди апам мени менен бактылуу болуп туруп сөз акырында. Ырас, бул учурда мен өзүмдү бала кезимден да бактылуу болуп турганымды эч ким сезбеди. Мени ушундай бакытка жеткирүү бир гана Бахиддин колунда экенин менден башка эч ким байкабады. Жакшы эле эрте турганды ойлонуп, эрте жатканым менен ошол күндөгү жана ага чейинки бардык окуялар биринин артынан бири көз алдыман чубуруп, кино тасмадай элестеп уйку бербеди. Мурда Кудай анча башыма кирчү эмес, азыр ага жалынып, мындан аркы күндөрүм дал ушундай бактылуу жана кызыктуу болушун андан тилеп жаттым. Табиятымдан романтик болсом керек, бүгүнкү өткөн күнгө ыраазы болбой, андан аркы келечегимди элестетип, ар түркүн кырдаалда Бахид экөөбүздүн бактылуу жүргөнүбүздү элестетип, өз кыялыма өзүм кумарданам.
Качан уктаганымды билбейм, эртең менен эрте сергек ойгондум. Жүрөгүмө тамак баспай Бахидке жолугуш үчүн сабакка шашылдым. Ал да менин келээримди билгендей корпустун эшигинин алдында баягыдай күтүп турган экен. Аны көргөндө сүйүнүп кеттим. Кимдир бирөөгө керек экенимди, ал сен учун уктабай күтүп турганын сезгенде, кызга мындан ашык эч нерсенин да кереги жоктугун баамдадым.Өзгөчө өзүм сүйгөн, же сен сүйгөн, ошондой эле сени сүйгөн адамдан мындан башка эч нерсе талап кылынбасын билдим, кыз баланын сүйүүсүндө эмне артыкчылык бар экендигин туйдум.
--Кандай, көп болдубу күткөнүңө? - Далай жыл көрбөй сагынган кишидей мойнуна асылып, ары өткөн, бери өткөндөрдөн эч кимди көзгө илбей өөп алганымды байкабай калыптырмын. Ал мага караганда токтоолук кылдыбы, же тааныштардан тартындыбы, колумдан акырын назик кармап:
-Көп деле болгон жок. Мен сени өмүр бою күткөнгө даярмын,-деди. Мына ушул сөздөн улам көөдөнүмдү Бахидге гана арналган эч кимге айтып түшүндүрө алгыс жылуулук аралады. Башка жер болсо мүмкүн кучагымдан чыгарбай ушул жылуулук тарагыча өпкүлөйт белем, корпустун алдында дос-душмандарыман тартынып токтоп калдым. Ал күнү сабакка жыргатып деле катышкан жокпуз. Сабакта отурганыбыздан көчөлөп, кинологонубуз көп болду. Экөөбүздүн бат эле минтип ысык болуп кеткенибиз көпчүлүк тааныштарга түшүнүксүз бойдон калды.
Алгач мен Арзыкандан катуу уялып жүрдүм да бир күнү ага деле жооп таап алдым. “Менин тагдырымда анын кандай тиешеси бар. Ага убада бердим эле деп азап чегип жүрө берейинби. Эгер ал мага чыныгы дос болсо жок дегенде бир жигит менен тааныштырат болчу. Антип мага жакшылык кылбагандан кийин анын досчулугу кайсы. Мен ооруп жатканда чыныгы дос болсо бир барып ахыбалымды сурап коёт эле го”...... Арзыканга карата ушундай жооп таап алганыма катуу сүйүндүм. Эгер Арзыкан келип сен туура эмес кылдың десе сөзсүз ушуларды айтам деп айтчу сөзүмдү дайындап койдум. Бирок Арзыкан мага жолукканы менен Бахид экөөбүздүн мамилебиз тууралуу кайдыгер кишидей эч нерсе сураган деле жок. Чынында андай мамилеси менин көңүлүмдү муздатып койду. Мен Бахид менен жакшы болгондон кийин бир топ кыздар өзүнөн өзү алыстап кетишти. Адамдар кызыкпыз деп ойлоп койдум. Ушундай күндөр беш айдан ашык созулду. Бул мезгилде менден өткөн бактылуу киши болбоду. Мындай күндөр канчага созулат билбейм, бир күнү сабакка эч кандай себеби билинбей Бахид келбей калды. Ушул кезге чейин анын кайда жашарына кызыгып адресин сурап албаптырмын. Сабак аяктап калгандан кийин анын келбей калган себебин өзүмчө ойлонуп, ооруп калбаса экен деп Кудайдан тилеп, илкий басып аялдамага бараткам. Аңгыча артымдан менин атымды чакырып бирөө кыйкыргандай болду. Артымды карасам шаардык өзбектерге окшогон бир аял мени көздөй келе жатыптыр.
-Жакшымысыз? – Аялдын Тажикстандык экенин мына ушул сөздөн улам баамдадым. Анткени мына ушул сөздөн улам балам Бахил тууралуу жаман кабар укчудай журогум титиреп кетти. Аял аны сезгендей, мени жоошутууга аракеттенгендей жер карады. Экөөбүз катарлашып бир топко жөө бастык, мен андан сөз күтпөстөн азыр ыйлап жиберчүдөй буулугуп бараттым. Ал да менин ахыбалымды сезгендей сөздү эмнеден баштаарын билбей аргасыз келатса да баары бир айтылчу сөз айтылыш керек дегендей токтоп, тамагын кырып:
-Сиз Бахиддин оорусу... жин оорусу бар экенин билесизби? - деп сурады акырын. Чынында бул тууралуу мурда укпасам эмне деп жооп береримди билбей ийнимди куушурдум. Ал өз сөзүнө карата менин маанайымды карап, сыягы сыртынан кейпим эч кандай өзгөрбөсө керек, анан сөзүн кайра улады:
-Бүгүн ошол жин оорусу кармап, өзүн кайда коерду билбей чан салып жатат. Сизден башка кишини укпачудай, сиз бизге жардам бериңиз,-деп келген себебин түшүндүрдү. Мен бул аялга ишенээримди, же ишенбесимди билбей туруп калганымда, анын өңү кан жетпей калгандай купкуу болуп кеткен экен. Эриндери да көпкөк тартып, калтырап талмасы кармоочу кишидей кеберсийт. Бул таптакыр эле оорулуу деп ойлогонумча катуу үшкүрүп алды да:
-Сиз аны менен бекер байланыштыңыз. Анын жин оорусу бар экенин билбейсиз го деди. Анын бул сүйлөгөнү чынында мага катуу тийди. Айтылган сөздүн артында чындык барбы, же жокпу көзүм жетпей турду. Мен Бахиддин оорусун укканда баруу керекпи же жокпу деп ойлонсом, анан “жин оору» дегенди уккандан кийин көөдөнүмдө бир сезии сөзсүз барышың керек дегендей буйрук берип турду. Бир учурдагы эч бир жан түшүнбөгөн өзүмдү эстедим. Чынын айтканда мени Бахиддин оорусу кызыктырбастан, анын жин оорусу менен кошо бир мезгилде тигил аялдар айткан аялын көргүм келди, ал кандай неме болду экен деген суроо кызыктырды. Анын айлана чөйрөсүндөгү адамдардын минтип жаман сөздөрдү айта бериши бир эсе ошол сөздүн чын-төгүнүн билүүгө умтултуп таштады.
Ырас бүтүрөйүн деп пландаштырган көп жумуштарым бар эле, анын баары самандай сапырылып,башыма азыр жетип мына бул аял айткан Бахиддин оорусун көрүп бир мезгилде айтылган сөздүн аягына жетүү максаты гана турган.Аял менин кандай чечим кабыл алаарымды күтүп маңдайымда турду.Аны көргөндө ого бетер кыжырым кайнап,эгер колумда бийлигим болсо ушундай суук кабар алып келгени үчүн өлтүртүп коюудан кайра тартпайт элем. Менин мындай оюмду түшүнгөнсүп тигил аял да жалтактап,тике карай албады.,өзүн кандайдыр бир күнөөлү сезгендей жер тиктейт.
-Ал азыр кайда?— Башка бирөөнүн коркконун сезгенден кийин адам компоюп калат эмеспи, менде да ошондой сезим болду окшойт, чыртылдап кыр көрсөтүп, мурдум менен тийип алганымды өзүм да байкабай калдым. Аял менин сөзүмө маани бербей:
--Келиң, мен көрсөтүп коёюн, -деп чыгыш аялдарынын басыгы менен текилдеп алдыма түштү. Анын алдында бараткан кыймылын көрүп өзүмчө эле кыжырланып,туталанып бараткам, качан автобуска түшкөндөн кийин андай сезим кайда тарап кеткени билинбей өзүмдөн өзүм жайдарылана баштадым. Көңүлүмдүн мынчалык тез ачылып кеткенине өзүм да түшүнбөй калдым. Айрым кыймылдарымды башкарууга аракеттенгеним менен, көпчүлүгүнө ээ боло албай жатканымды сездим. Эптеп алаксыйын деп:
-Сиздин атыңыз ким? -деп сурадым тиги аялдан. Ал менден мындай суроону күтпөсө керек, буйдала түштү да:
-Салават,- деп өз атынан уялгандай жер карады. Баятан бери анын жүзүнө анча көңүл бурбаптырмын , азыр карасам ал өтө эле жаш кыздай көрүндү. Эми аны “сиз” же “сен” дээримди билбей турганымда:
-Ушул жерден түшөбүз, деп ал көпчүлүктүн арасынан мени алдыга өткөрүп, өзү артымдан ээрчиди. Жерге түшкөн этаж үйлөрдү аралап бир үйгө кирдик.
Бахид бийик жаздалган темир керебетте купкуу болуп, эки-үч айлап ооруган кишидей болуп алсырап жаткан экен. Эки бөлмөлүү квартиранын аркы бөлмөсүндө өзүнчө кужулдашып сүйлөшкөн үндөр угулат. Бир топ киши бар сыяктанат. Бахиддин керебетинин жанына барганымда ачуу тердин жыты мурдумду өрдөдү. Ал өзүнчо бирдемелерди сүйлөнүп, катуу кыйналгандыктан эрдин тиштенип онтоп алууда. Биринчи киргенимде мени тааныган жок окшойт, эч кимди жактырбаганын билдиргенсип, ары бурулуп кетти. Каны качкан керсары өңү коюу кара каштарын ого бетер өңүнө чыгарып өзгөчө сулуу кылып турган экен. Аны менен кантип сүйлөшөөрүмдү билбей турганымда, сырттан элүүлөргө жакындап калган аял кирип мени менен учурашты да, Бахиддин температурасын текшергендей маңдайына алаканын коюп:
-Бахид, сага Элмира келди, мында турат,-деди. Ушул эле сөздү күтүп тургансып, шарт бери бурулуп, кандайдыр бир кубанычты ичине батырган жылмаюу менен мени карады. Бул учурда андан бактылуу киши жоктой сезилди мага. Анын мындай мамилеси билинбегени менен менин көңүлүмдү көтөрдү. Өзүңдүн кимдир бирөөгө керек экениңди сезүү кыздар үчүн абдан маанилүү экенин мен ошондо алгач даана сездим. Эгер тигил аял болбогондо кучактап, өпкүлөп, ыйлап жиберишим толук мүмкүн болчу.
-Эмка, чын эле сен мага келдиңби? - деп сурады Бахид араң жан үнү менен. Көмөкөйүм жашка буулуп тургандыктан анын суроосуна сөз менен жооп бере албай башымды ийкедим. Ал төшөктөн колун чыгарып, мага сунуп, кол кармашып учурашкысы келгенин билдирди. Бахиддин андан аркы оюн түшүнгөндөй тигил аял сыртка чыгып кетти да эшикти коомай жаап койду. Бул биздин сөзүбүз толугу менен сыртка угулуп турушун каалагандыгы экендигин туюндуруп турду. Мен анын колун кармаганым менен боюмду андан оолак кармоого аракеттендим.Андан өзүмдү оолактатып турган дагы бир жагдай анын аялы жөнүндө укканым эле. Аялы ушул жерде болсо керек деген ой көңүлүмдөн кетпей, аны менен көп чечилип сүйлөшө албадым. Бахид айттырбай түшүндү окшойт.
-Ырахмат, Эмка ушунча убактынды бөлүп мага келгениңе Менин ушундай оорум бар, мен бул оорум менен он беш-он алты жылдан бери алышып келатам. Акыры ушул оору менин түбүмө жетет окшойт... - деп андан аркы сөзүн жутуп койду. -Врачтарга көрүнбөйсүңбү? - Оюма мындан башка сөз кирбеди. Ал мага ыраазы болгондой карап, көзүнөн бир башкача нур чыгара:
-Бул ооруну дарылаш доктурлардын колунан келбейт. Эгер алардын колунан келсе мен
эбак эле жакшы болуп кетмекмин. Бул ооруну дарылай турган кишилер азыр жок окшойт, -деди. Анын мындай сөздөрү мага анча жага бербеди жана мен ал сөздөрдүн маанисин толук деле түшүнө бербедим. Ал мага калп эле өзүнүн оорусунун кадыр-баркын көтөрүп жаткандай, менин боор ооруганым керек болуп күткөндөй сезилди. Мен ага эмне деп жооп айтаарымды билбей апкаарыдым. Абалды туура баамдады окшойт, ал мени бир аз карап турду да, баары бир түшүнбөйсүң дегендей көзүн буруп кетти. Ага эмне деп көңүл көтөрөөр сөз айтаарымды билбей, чечилип сүйлөшө албай көөдөнүм удургуйт. Эси-дартымдын баары анын аялында. Бир эсе ал кандай экенин көргүм келсе, мени Бахидге чечилип сүйлөштүрбөй жаткан да ошол. Башкы себеби Бахилге сүйлөйүн деп даярданып калганымда эле, тигил бөлмөдөгү кужулдактар басылып баары менин сөзүмдү тыңшап аткандай туюлат да, сүйлөөчү сөзүмдү жутуп коем. Мендеги ахыбалды толук көргүсү келдиби, Бахид көзүн аңтарма өнөрүнө салып карай баштады. Анын эмнегедир ушул кейпин көргөндө, кичинекей баланын таарынып көзүн аңтарганы элестеп, кыжырым кайнап чыгат. Ушинткенде баарын билем дегени эсиме түшүп, андай кыйын болсоң азыр ахыбалымды билип берчи дегендей көз ирмебей карап турдум.Ошол абалын өзгөртпөй бир саамга тиктеп турду да:
-Дагы сенин настроениеңди бузушкан экен да,- деди үшкүрүп. Башка жер болгондо мындай көңүл жубаткан сөздөн улам ыйлап жиберет белем, азыр өзүмдү токтотуп араң-араң карманып турдум. Анын ушунчалык сезгичтигине ичимден ыраазы болуп, мындан башка киши мени мынчалык түшүнө бербейт деген ишеним андан ары бекемделди. Ушул мезгилде жанагы элүүлөргө жакындап калган аял подноско баарын даярдап, чай көтөрүп кирип келди. Бахид анын ар бир кыймылына көз салып, качан ал кайрыла бергенде:
-Салаватты кир деп коёсузбу?-деди. Бахиддин бул сөзү араң угулганы менен өктөм айтылды. Тигил аял бирдеме байкагандай катуу силкинип алды да, аргасыз макул дегендей башын ийкеп чыгып кетти. Мен Салаваттын сөзүн буга айтып ушактагандай өзүмдү ыңгайсыз сездим. Баскан дабышы билинбей Салават кирди. Анын өңүнөн гана эмес, баскан-турганынан да корккону даана байкалып турду. Ал сен бирдеме дедиңби дегендей мени жал-жал карайт.Салаваттын көз карашына үнсүз жооп берүүгө аракет кылдымбы,же өзүнөн-өзү аракетке келдиби, айтор башымды чайкап алдым. Муну Бахид да байкап турса керек.
-Эмка мага эч нерсе деген жок. Салават, бирок сенин эмне айтканыңды мен сезип турам. Ушул силер менин турмушума кийлигишкенди качан коёсуңар?- деди Бахид акырын жана каардуу. Салават мени жаман көзү менен тиктеп туруп, Бахидге тажикче бирдеме айтты. Бахид ага тажикче жооп берди. Алардын сүйлөгөн сөзүнө түшүнбөгөнүм менен кыймыл-аракети кыжылдашып жаткандарын билдирип турду. Бир маалда экөөнүн башка тилде сүйлөшүп жатышканына ыңгайсызданышты-окшойт:
-Мына ушунун баары, бул оору да ошол себептен, - деди Бахид. Салават ага каршы каяша айткысы келген жок окшойт, унчукпай турду да чайдан куюп өзүн алаксытты. Биринчи чыныны мага сунган, чайды алып, подностогу кургак өрүктөн ала бергенимде:
--Эмка, өрүктөн жебе, чайды да ичпе, - деген Бахиддин үнү жүрөгүмдү түшүрдү. Мага уу берип жаткандай болуп Салават кызарып кетти. Мынчалык душмандык кылганына түшүнө бербей дал болдум. Кандайдыр бир башка дүйнөгө келгендей Бахидди бир,Салаватты бир карап эч нерсе түшүнбөгөндүктөн, менин жан дүйнөмдү оор коркунуч аралап өттү.. Салават уу берип, менин мында эсиме келбей кулап жатканым көз алдыма элестеди. Бахид өзүнчө жинденип:
-Баарын кылган ушулар. Менин минтип оорулуу болушума да ушулар күнөөлүү. Эми минтип сени да оорулуу кылганы жатышат. -Анын оюн далилдегенсип, Салават куюп берип жаткан чайын таштап кетип калды. Анын мындай аракети мени терең ойго салды. «Мен буларга эмне жамандык кылдым эле. Булардын ортосунда мынчалык эмне душмандык бар болду экен. Бахид буларга ишенбесе эмне себептен алар менен чогуу бир үйдө жашап жүрөт. Мындан да көп суроолор башымды аралап, бирок бирине да жооп ала албадым. Бир байкаганым бул жерде өтө татаал маселелер бар экендигин туйдум. Алгач Бахидди ала кетейин деп ойлогом, бирок анын аялы тууралуу ой башыма келгенде жанагы оюман баш тарттым. Бахидди булар өлтүрүп коюшат го деген бир жолбун ой келе калган, кайра ушуга чейин өлтүрбөгөн булар эми кантип эле ошол ишке барсын деген ой жеңип чыкты да, менин бул жерде отура беришим туура эместигин сездим. Аны минтип кыйналып турган Бахидге кантип айтаарымды билбей турганымда ал өзү:
-Сага бул жерге көп отурууга болбойт, булар бирдеме кылып жибериши мүмкүн, - деди. Тигилердин көзүнчө эле ушинтип ар кайсыны айта бергенинен улам оорусун “жин оору” деп коюшат го деген да ой кетти. Бахид мени кете бер дегени менен чынында кетиргиси келбей колуман кармап бир топко турду да, эми бара берсең болот дегендей акырын колуман сылап койду. Мен ордуман турганда ал бурулуп ары карап жатып алды. Анын мындай кыймылы мага бул жерде сүйлөшө турган эч ким жоктугун далилдеди. Чынында анын көңүлүн көтөрүп өөп коёюн деп ойлогом, бирок тигилер ага мүмкүнчүлүк бербеди. Оозгу бөлмөгө чыга бергенде мени Салават менен орто жаштагы баягы аял күтүп туруптур.
-СиЗ Бахиддин сөзүнө ишенип Салаватка капа болбоңуз. Ал жинди болгондо,..- кайра ушул жерден сөзүн тууралап, - тигинтип ооруп калганда ар кайсыны сүйлөй берет. Бизди туура түшүнүңүз, -сиздин тынчыңызды алалы деп ойлогон эмеспиз, таптакыр жаныбызды койбой койду. «Элмира, Элмира” эле деп.
Бир тарабынан ыңгайсыз көрүнгөнү менен экинчи жагынан мага жагымдуу таасир калтырды. Тигил эки аял мүмкүн мени иренжитиш үчүн айткандыр, бирок мен аны дал ушул учурда абдан жогору бааладым. “Сүйүү деген ушундай болуш керек” .Индиялык кино кадимкидей көз алдыма элестеди, Бахид мени чындап сүйөт,ошондуктан минтип жаны кыйналып жатса да, биринчи кезекте мени эстеп отурат. Бардык уят-сыйытын жыйыштырып коюп мени минтип чакыртып алып жатпайбы”.
Ойлорума катуу алаксып кеткен экенмин, бирөө каруумдан алганда селтеңдеп абдан чочудум. Кары аял шылдыңдагандай тур көрсөтүп : -Тыш аякта эмес, быякта, - деп барсайган колу менен каалга тарапты жаңсады.
“Мындай байыркы үйдө мен эле эмес, элдин баары адашат. - деп айтып жибере жаздап
кайра өзүмдү кармадым да:
-Кечирип коюңуз, каалгаларыңыз абдан окшош экен, - деп аргасыз жылмайдым. Сөзүмдү укпай калды деп ойлоду окшойт, кайра башынан: --Бахиддин сөзүнө ишенип сиз Салаватты жаман көрбөңүз. Бахиддин оорусунда Салаваттын эч кандай күнөөсү жок. Жашы кыйла улуу болсо да башын ийип кечирим сурады. Анын минтип кайталай беришинен кандайдыр бир шекшинүү болсо да, мен аны Бахиддин оорусу менен байланыштыра албадым. Түртүп жиберип бир жерин сындырбаса, же ысык суу куюп жиберип бир жерин күйгүзбөсө,анан кантип Бахиддин оорусу жөнүндө Салаватты күнөөлөшүм керек. Бирок алардын минтип жасакерленип жатышында бир нерсе бардай көрүнгөнү менен ага деле толук түшүнө бербедим.
--Кабатыр болбогула, мен деле туура түшүнөм. - Баарын билген кишидей жооп бердим. Ырас, бул жообум аларга жакты.
Салават мени бир топ жерге чейин узатып келди, бирок экөөбүз эч качан тааныш эмес кишилердей ар кимибиз өз оюбуз менен алектенип келе бердик. Аялдамага жете бергенде, ал кандайдыр бир нерсе тууралуу айткысы келди окшойт, тамагын кырып мени карады, анын мындай аракетин сезип турсам да, эмнегедир уккум келбеди, байкамаксан болуп койдум. Билбейм, мага Бахиддин жанагы сөздөрү таасир эттиби, же жөн эле ошондой кырдаал түзүлдүбү, анысын так айта албайм, дегинкиси дал ошол мезгилде аны менен чечилип сүйлөшкүм келбеди, жактырбадым. Салават муну туйду окшойт:
-Мени тиги жакта күтүп калышты... мен барайын,-деди. Ал жакта тигини эч ким күтүп жатпаганын билип турсам деле, мааниси жок бабырап ар кайсыны сүйлөшө берүү мага жакпады. Ошондой эле андан алыс болуу жаныма тынч экендигин сездим. Аны менен кобурашам деп ага да далай сырымды алдыргым келбеди. Бахиддин курмасынан кийин адамдардын эч кимисине ишенбей калгам.Болушунча өзүмдү оолак кармоо жаныма тынч деп эсептедим, ошондуктан андан далай кабар уккум келген кызыгууну башыма мүшкүл салган азап жеңип турду.
--Ырахмат, узатып койгонуңузга, өзүм деле автобуска түшүп кетет болчумун. Бул сөздөрдү сыпайкерчилик үчүн ооз учунан билдирдим. Салават канчалык кетейин десе да көкүрөгүн тээп турган жанагы сөз аны кармап жатканын ал өзү байкабады. Мен аны баамдаганым менен маанайымды бузбай үйгө кете берейин деп укпай коюуну маанилүү деп таптым. Салават дагы бир жолу тамагын кырды да:
-Жакшы барыңыз, дагы көрүшүп калаарбыз, -деди. Экинчи аны менен жолуккум келбесе да, көңүл улап башымды ийкеп койдум.
Бул жерде турганда андан кутула албасымды билгенден кийин биринчи келген эле автобуска түшкп кете бердим. Көптөн берки тааныш адамдай Салават кол булгап кала берди, Жолдо карай тигилер тууралуу ойлонуп айрымдарына акылым жетсе,-айрымдарына акылым жетпей башым маң.
«Бахид эмне үчүн булар менен чогуу жашайт? Эгер туугандары болсо, анда мага жанагынтип айтпайт эле го. Эмне себептен өзү ишенбеген кишилер менен бирге жашап калган. Өзү айткан таажездесинин карындаштарынан го. Андай көргүсү келбесе булардан бөлүнүп башка квартирага чыгып кетпейби? Демек аны бул жерде дагы бир нерсе кармап турат, бирок эмне?..Балким алар менен оорубаган учурунда жакшы эле жашаар,качан жин оорусу» кармаганда тигинтип кыялын клрсөтүп коюп, анан айыкканда кайра тигилерден кечирим сураар, ошондуктан тигилери анын мындай экендигин билип алышып, азыр ооруп жатканында баарын көтөрү жатышкандыр...
Чынында автобустан үйгө чейинки жол ушундай баш-аягы жок ойлор менен коштолуп жүрүп отурду. Кандай ойлонбоюн, ойлорумдун акыры Бахидге барып такалат. Байкуш деп аяп коем, өзүн түшүнбөгөн кишилердин арасында калуу, болгондо да ооруп төшөктө жатып калуу канчалык оор экендигин элестетип жаттым. Тегеректеп адамдар басып жүрсө, бирок ошолордун эч бири сага түшүнбөсө мындан өткөн кордук барбы?! Башың көтөрулбөй жатса, ал эми тигилер шылдындап карап ары-бери басып турса, мындан өткөнщ азап жок да. Ушул жагын ойлогондо кайра Бахиддин жанына баргым келип кетет. Бирок аялын эстегенде баарынан баш тартам. Баятан берки ойлогон оюмду жокко чыгарган дагы бир кыял, анын жанында чебелектеп чуркап, жаны кыйналса башын кучактап, күнү-түнү уктабай кошо азап тартышкан аялына барып такалат. Аялы жок дейм өзүмчө эгер ал бар болсо экөөбүздү минтип сүйлөштүрмөк эмес. Айлана-чөйрөсүнүн баары билген экөөбүздүн мамилени аялы бар болсо, ал кантип билбей калсын. Аялы жок деп жыйынтык чыгарам өзүмчө, анан ушул оюм туура деп эсептейм. Бирок баары бир ойлогон оюмдун акыркы бутуму жок. Кичине тыным алат да баары кайрадан башталат.
Ушунча кыйналып жаткандан кийин аялы баарына кайыл болуп, экөөбүздү жолуктуруп жаткандыр. Тигинтип,өгө кыйналып жатса мен деле макул болмокмун дейм кайра өзүмчө анализдеп. Закондуу аялы болсо жалгыз үйгө экөөбүздү калтырып ал тышта калмак эмес. Бирок оорулуу кишинин колунан эмне келет, балким жакшы болушун каалагандыр... Деги акыркы жооп жок...
Эмне кылаарымды билбей, мындан ары кандай позицияны кармап жашаарымды. аныктай албай башым чириди. Башым чыңалып ооруп чыкты. Эртен төшөктөн турбай калбайын дедим да тезирээк уктап калууга ашыктым.
Уландысы бар....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2