15 - Баян
Болотбек Акматов
Бахид бактысындай эле мени эртең менен тосуп алат, бирок мен сүйлөшпөстөн бултуңдап, же жөөлөп өтүп кете берем. Ал тике келип мени менен сүйлөшпөсө да менде болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн себебин аныктоого аракет кылып жатты. Бир күнү сабак аяктагандан кийин ал мени ээрчип алды. Институттан бир топ алыстагандан кийин ылдамдап басып келип чыканагыман кармады да:
-Эй, сага эмне болду? Сен эмнеге таарынып жүрөсүң? -деп катуу такып сурады. Андан аябай көңүлүм муздап калгандыктан өзүмдү болушунча оолак кармоого аракеттенип:
-Сенин аялың бар болгондон кийин эмне быяктагы кишинин башын оорутуп жатасың? Эмне, аялың бар экендиги билинбей калат деп ойлодуңбу? Көрсө, сен быяктагыларды келесоо ойлоп жүргөн турбайсыңбы? - дедим. Ал мени таң кала башыман бутума чейин бир тегеретип карады да, ошондон улам туура дегендей башын акырын ийкеп алып:
-Аны сага ким айтып жүрөт? -деди баягы өлүмтүк жылмаюусу менен. Анын минтип жылмайып турушу менин ого бетер жинимди келтирди. Качантан бери катылып жаткан жек көрүүмдү ачыкка чыгардым.
-Эмне, билинбей калат деп ойлогонсуң го. Аны мага айтып берчү кишилер деле чыгат экен. - Канчалык чыңырып жаткандай көрүнгөнүм менен ызама муунуп туттугуп араң сүйлөдүм. Ал эч нерсе болбогон кишидей таңыркап карап:
-Аны сага ким айтканын билгим келип турат, - деди шыбыраган үн менен. Анын минткени ого бетер куйкамды куруштурду. «Бети жок,- дедим ичимден, таптакыр уят калбаптыр да, болбосо ушуга чейинки мамилесинин себебин түшүндүрөт эле. Бирок ал менин жүзүмдөн жан дүйнөмдө эмне шумдук болуп жатканын жакшы түшүндү. Бир топко кантип кеп баштаарын билбей ойлонду окшойт, анан:
-Сен эмне үчүн мага эмес айтылган ушакка ишeнecиң?. -деди. Минтип калп эле кара өзгөйлөнгөнү абдан кыжырыма тийди. Ушунчалык жиним келгендиктен:
-Ал жөн эле мындай киши эмес, ишеничтүү аял, - деп ал аял менен беттештирүүнү да ойлоп кеттим. Анан бул сөздөрдү туура эмес айтканымды сезип катуу өкүнүп калдым .Бирок кеч болуп калган эле. Бахид мени бир топко таң калуу менен карап,ушул ойдун туура же туура эместигин текшерип жаткандай түр көрсөттү да:
-Менин тагдырыма мынчалык киришип жаткан ал кандай неме экен? Мына менин жашоомду менден башка эч ким билбейт. Мен өзүм сага айтып жаткандан кийин, эмне үчүн сен мага ишенбестен, ошого ишенесиң, ыя?-деп ал буга чейин эч качан болуп көрбөгөндөй каарданды. “Эгер калп болсо, ал мынчалык жинденбейт эле го” деп ойлодум. -Ушундай калп боло турган болсо, тигил аялга ортобузду бузушуна эмне себеп? Мүмкүн ал аял менин ушунчалык түркөй экендигимди,бардык нерсеге ишене береримди пайдаланып жаткандыр? Балким анын Бахидге карата душманчылыгы бардыр? Андай болсо аны менден эмес, өзүнөн албайбы?» Көз ирмем мезгилде ушул сыяктуу суроолор башымды оорутуп жиберди. Көптөн бери катып жүргөн ачуум акырындап тарай баштады. Баарын байкап турган Бахид муну сезди, ал мени жибиди деп ойлоду окшойт, кучактаганга аракеттенди. Ушинтип койсо эле мен жибип калмак белем деп ойлодум да анын колун кагып жибердим. Башкача кабыл алат деген болуш керек - өтө ыңгайсыз абалда калды, анын мындай абалда экендигин кызарып кеткен жүзү ырастады. Бир топко колун ушалап турду да, анан сыр билдирбегенге аракеттенип:
-Менин душмандарым көп, алар өчүн менден ала алышпай ушинтип сени бузуп жатышкан тура. Мен аларга көрсөтөм, менин ким экендигимди. Сага ким айтканын да билем, - деп бети-башы бырышып, өңү кумсарып кетти. Көчөдөн жолуккан бирөөгө ишенип алганыма чынында өзүмдү ыңгайсыз сездим. .Башка учур болгондо өзүм чуркап барып, кучактап кечирим сурамакмын, бирок азыр анте албадым.Апама,андан кийин Арзыканга берген убадамды эстедим, ошол сөздөрүм мени Бахидге жакында кармап турду.Өзүм каалап турганымды жана мени бир нерсе кармап бошотпой жатканын Бахид байкады.
-Сен ошол аялга ишендиңби? -Бахид бул жолу өктөм сурады. Бул жерден аялдарга мүнөздүү бир касиет мени жеңип кетти,мен жеңилгенимди сезип турсам да жеңилгим келген жок. Ошол себептен:
-Сенин аялың бар, болбосо аялым жок деп эле айтып мени ишендирип койбойт белең. Кана айтчы, менин тигил жакта аялым жок деп? Көрдүңбү, айта албайсын, анан калп эле бирөөнү күнөөлөй бересиң!-деп ачуум менен чаңырдым. Ырас,бул жерден менин тапкан сөздөрүм өзүмө жакты. Бахид чынында аялым бар, же жок деп айта албады. Мени өз сөзү менен ишендире албады, же ишендиргиси келген жок, анын мындай мамилеси ого бетер жинимди кайнатты. Көз жашымды кармана албай кеттим да соолуктап жибердим. Чынында мен Бахиддин ынандырып бир ооз сөз айта албаганына ызаландым. Бахид бул кыжаалаттан кантип чыгышты бир саамга ойлонду да, сооротуштун ордуна:
-Жанагы кандай аял экен? - деп сурады катуу үшкүрүнүп алгандан кийин бир маалда. Мен суроонун маанисине толук түшүнө бербедим да:
- Кандай экен дегениңе түшүнбөдүм эмнени айтып жатасың?- деп кайра өзүнөн сурадым. Ал менин түркөйлүгүмө чыдабай кеткендей башын чайкап, ууртунан акырын жылмайып алгандан кийин:
-Жанагы, аялдын айткандарына ишендиңби? Мүмкүн ал сенин тагдырыңды бузулсун деп, ...туура эмес айтты деп ойлойсуңбу? - деп ойлорун тактап койду.Чынын айтканда, мен ушул мезгилге чейин өз тагдырымдын бузулушу, ага карата ой пикирдин туура, туура эмес айтылары тууралуу ойлонбоптурмун. Бахиддин минтип айтышы чынында мени өтө таң калтырды. Анын сөзү менен байланыштырып, тагдырыма байланышкан айрым айтып түшүндүрүүгө мүмкүн эмес кырдаалдарды дал өзү аркылуу сезип, өзүнөн улам мындай түшүнүктөрдүн кээ бирлерин кабылдап, анча тереңдеп кетпесем да, айрымдарына түшүнүп, тагдырга тиешелүү кандайдыр бир белгисиз сыйкырдын таасирине арбалып келатканымда, ал тигинтип башка чапкандай терс таасир берип отурат. Аргасыз айттырып жатасың дегендей башын чайкап, бир нерсеге өкүнгөндөй:
-Ал балчы аял. Өтө шүмшүк аял, -деп абдан буулугуп айтты.Союз учурунда аны тереңдетип түшүндүргөн эч кандай маалымат болбогондугунан, ушундай эл арасында айтылган жапайы сөздөрдү угуп, ишенчээктерибиз андагы айрым көрүнүштөргө гана ишенип тим болчубуз. Анын кайсы тарабы чын, кайсы тарабы калп экендигин териштирген эч ким болчу эмес. Ошол себептен улам ар ким жан дүйнөсүндөгү ишенимине таянуу өзгөчөлүгү жашап келген. Ойлонуп көрсөм бир топ нерсени туура айткандай, мени анын сөзүнө ишендирбеген негизги нерсе - Бахиддин тигил аял айткан башкы фактыны сөз менен болсо да жокко чыгарбагандыгы болду. Ал аялдын айткандары кадимкидей кулагыма жаңырып, чындыкты далилдеп тургандай болгондуктан жана мен Бахиддин сөзүнөн эч кандай ишенимдүү нерсе көрө албагандыгыман, мына ушул жагдай менен таптакыр келише албадым. Эмне, аны Бахидден жашырмак белем деп, сөз кезеги келип тургандыктан болгонун болгондой айтып салдым.
-Сен ошол аялга ишенсең өзүң бил, мен экөөбүз бактылуу болобуз го деп ойлогом. Өтө кайгыргандай сүйлөдү.. Чынында мен андан “ал аял туура эмес айтат, менин эч кандай аялым жок, сен мага ишенчи” деген сыяктуу сөздөрдү күтүп тургам. Дагы бир жолу көңүлүм калды, анын чын айтып жатканына баары бир ишене албадым. Ага ынанбай турганымды деле жашырбадым:
-Башкасын билбейм, ал аял бир гана нерсени туура айтты. Ал сенин аялын, бар экендиги... Мен сөзүмдүн аягына чыга электе эле Бахид коюу каштарынын арасына жашырылган ачуу тиктеген көздөрү менен карап:
-Баарын билген ал аял сен менден башка менен никең болбостугун билбейт бекен, кандайдыр бир шакаба кылгандай сурады.Анын минтиши ого бетер жинимди келтиргендиктен:
-Эмне дегенди айтып былжырап жатасың?! - деп кыйкырып жибердим. Ал менин чектен чыгып баратканымды түшүндү окшойт,андан ары эч нерсе дебеди да басып кетти. Мен бир топко ыйладым да, анан бугум чыккандан кийин жай басып, ойлонуп, үйгө келдим. Сырткы эшикти ачкан апам эмнеге көзүм шишигенин сурады. Ал менин оюмду азыр айттырбай билип турганын сездим да, эреркеп дагы ыйлап жибердим. Апам мени ушундай абалдан куткаргысы келди окшойт, өзүнчө туталанып:
-Жанагы «тажикке» дагы жолуктуңбу? - деп ооз учунан кобурады. Башымды ийкегеним менен так жооп бере албадым. Мына ошондо көр, апамдын жинин тишин кычыратып, азыр барып жеп жиберчүдөй көзүнөн заарын чачып: -Ошол сенин жаныңды койбогон келесоо немени милийсага берип салайынбы, ыя? Сени тим эле кыйнады го,-деп ал менден жооп сурап жатты. Эч кандай күнөөсү болбосо, аны кантип милицияга берүүгө болот. Экинчи тарабынан, менин аны менен болгон мамилемди баарына билдирип отуруунун зарылчылыгы жок деп эсептедим. Ыйлап келгенде таяныч болуп бере турган ата-энем бар экендигине сыймыктандым. Алардын намысын коргогон жолду тандап алганымды эстегенде көңүлүм кичине көтөрүлдү. Бирок канчалык унутайын десем да баары бир Бахид тууралуу ой башымдан кетпей койду. Анын тигил аялды билип алганына ишене бербей, ошондой эле Бахид айткан ал аял эмес болсочу. Мүмкүн адашып жаткандыр деп да ойлоп коемун. Ал экөө мурдатан тааныш, ал тургай дайыма жолугушуп сүйлөшүп турган немелер экен деп да ойлодум. Бул оюмду өзүмчө бекемдеп, алар мурдатан бирин-бири жакшы билген үчүн,тигил аял өзү Бахидди жакшы көргөн үчүн анысы менден тигинисин кызганып, болбогон нерселер менен башымды оорутуп жаткан тура деген ойлор менен өзүмдү өзүм бышыктап койдум. Мурда мен жөнүндө бир сыйра «кырылышкан», же сүйлөшүп акырына чыга албай калган үчүн тигил аял мени бузуп, анан өзү энчилеп алгысы келген да деген бүтүмгө токтолдум. Ушул оюм реалдуу деп жыйынтыкка келгем, ошону менен уйкуга багыныптырмын.Түшүмдө тигил аялды Бахид мага ээрчитип келиптир. Бети-башынын баары көк ала. мурду жарылган, оозу таптакыр жырылып калыптыр. Бахидден корккондуктан эмнеге айтасың дегендей мени жал-жал карайт. Мен ага болушмак турсун, эмнеге калп айтасың дегендей табалап тиктейм. Тигил аял мага бирдеме деди, бирок мен анын сөзүн эстей алган жокмун. Сөзү мага түшүнүктүү болду окшойт, ага:
-Силер мага чейин эле сүйлөшүп жүргөн турбайсыңарбы,анан мени алдаш үчүн капкайдагы жок нерсени айткан турбайсызбы. Эми кылган күнөөңүздү тартышыңыз керек деп жатыптырмын. Ал аял мага жалынып-жалбарып жатат кечирим сурап. Бирок мен кечирбей койдум көрүнөт анан тигил неме акыры мага жаман болоорун айтып коркутуп жатканын сездим. Ойгонуп кетсем түшүм экен, таңдайым кургап абдан суусап калыптырмын. Ошол бойдон уктаган жокмун таң атканча. Көнүмүш адатым менен Бахид тууралуу ойлодум. Анын мынчалык керсейгени мага жаккан жок. «Кантип эле сенден башка киши карабай койсун. Өзүн деле ушундай мамиледен уялбайсыңбы, мени дагы туугандары менен тааныштырып коёт. Эми алардын бетин кантип карайт болду экен». Менин башыма бир нерсе толук жете бербей жатты. Ал ошол аял экенин кантип билип койду? Мен бул маселенин аягына чыкмайын тигил аял менен байланышып турууну чечтим...
Бул мезгилде таң куланөөк тартып калган эле, кичине жата туруп сабакка жакындаганда турайын деген ойдо жаткам, бир учурда уктап калыптырмын. Ойгонсом башым меники эмес, бирөө айландырып жаткандай тегеренет. Башым айлангандан улам болсо керек, кускум эле келет. Апам мени качан турат деп тиги бөлмөдө бирдемесин кармалап ары-бери басып жүргөнүн сездим. Астымдагы диван кычыраганынан улам апам мени туруп жатат деген ойдо:
-Элмира, тур, ушунча да уктайсыңбы? Бүгүн сабагың жок беле?.. Кел тамак ич, чайыңды даярдап койдум, - деп эркелеткен үн менен чакырды. Анын үнүн укканым менен бул учурда мен катуу кыйналып жаткам. Кичине эле козголсом ичкен тамагым оозуман чыгып кетчүдөй.
-Мама, мен кусканы жатам. Мага тазик берип коёсузбу?!.. - Канчалык катуу айткандай болгонум менен үнүм буулуп араң эле шыбырагандай болдум. Үй жымжырт болгон үчүн
апам укту, болбосо угулбай калмак. Бала деген эне үчүн ыйык нерсе, апам менин абалымды
добушумдан байкады көрүнөт, жаныма кантип жетип келгенин билбейм. Шарт эле башымды кучактап ыйлап жиберди да, ый аралаш үн менен: -Айланайын кызым, сага эмне болду? Врач чакырайынбы?..- Ал өзүн коёрго жер таппай чебелектеп жатты. Мен түшүндүм баягы ишин баштап жатканын. Оюмду бир жерге топтогонго аракеттенип жатканым менен көкүрөгүмдү тиреп турган бир нерсе көңүлүмдү айнытып шайымды кетирүүдө. Биринчи ушул нерседен кутулуп алгым келди да:
-Мама, тазик,.. - дедим. Апам мынчалык эч качан тез кыймылдачу эмес, бул жолу көз ачып жумганча алып келе калды. Бир окшуганда баары кетти окшойт, кичине эс ала түштүм. Мындай нерсе мурда башыман өткөндүктөн, анчалык ызы-чуу кылбай акыл менен өзүмдү башкарууну чечтим. Бирок апам баары бир сезди.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1