Кадимки жаңгактын быша элек чийки кезиндеги жашыл мөмөсү РР, Е, В витаминдерге бай болгондуктан андан жасалган кыям адамдын ден соолугуна абдан пайдалуу экенин билгендер аз болсо керек. Кыям жасоо үчүн жаңгакты быша элек жумшак, сүт чыгып турган жашыл учурунда чогултуп алуу керек. “Июнь айынын аяк ченинде жаңгактын жетилип турган убагы болгондуктан ошол учурда жасалган кыямдын таасири абдан күчтүү” дешет. Уккан адам элестете албай жүрөктү айланткан таасир калтырышы мүмкүн. Бирок сиз ойлогондой эмес, өзгөчө даамы бар, өңү шоколад сыяктуу, дарычылык касиети жогору татым болуп эсептелинет. Учурда шаарыбыздагы “Народный”, “7 дней” дүкөндөрүндө “Дары леса” деген аталыш менен сатылууда. Бул кыям кандай жасалат? Кандай ооруларга пайдалуу? Ушул туурасында сөз кылабыз.
Кыям жасоо үчүн керектелүүчү азыктар:
1. Көк жаңгак: 15-20 даана
2. Кумшекер: 300 грамм
3. Суу: 3 литр
4. Лимон кислотасы
5. Кургак гвоздика: 10 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Көк жаңгактын катуу бөлүгүн сыйрып аарчып аласыз. Андан кийин 2 суткага муздак сууга чылап коёсуз. Бул убакта 3-4 жолу суусун алмаштырып турууну унутпаңыз.
2. 2 суткадан кийин муздак сууну төгүп, үстүнө бөлмө температурасындагы сууну куюп 15 мүнөт аралаштырып туруңуз.
3. Үчүнчү күнү кайрадан муздак сууга салып, ар бир жаңгакты вилка менен сайып тешип дагы 2 суткага калтырыңыз.
4. Алтынчы күнү жаңгактарды 3 литр кайнак сууга салып 10 мүнөт кайнатасыз.
5. 10 мүнөттөн кийин үстүнө кумшекерди кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Үстүнөн көбүк чыкканча кайнатып көбүгүн алып салыңыз.
6. Андан соң кургак гвоздиканы, лимон кислотасын кошуп жай отто жарым саат кайнатасыз.
7. Жарым сааттан кийин кыямды муздатып, 20 мүнөттөн кийин кайрадан кайнатыңыз. Ушундай жол менен 3 жолу кайнатасыз.
8. Кыям коюлуп, жаңгактын өңү кара түскө айланганда чыгарыңыз.
9. Муздагандан кийин банкаларга куюп жаап коюңуз.
Ден соолукка пайдасы
• Иммунитетти жогорулатат;
• Ангинаны калыбына келтирет;
• Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат;
• Ашказан жарасын айыктырат;
• Боюнда барларга табылгыс витамин;
• Гинекологиялык ооруларга жардам берет;
• Ичегилерди тазалайт;
• Эркектердин подагра оорусунун алдын алат;
• Эркектердин бел кубатын жакшыртып, сексуалдык деңгээлин жогорулатат;
• Делебени козгоп сексуалдык каалоону күчөтөт;
• Зобду айыктырат.
Кимдерге сунушталбайт?
• Таттууга аллергиясы барларга;
• Псориаз менен ооругандарга;
• Кант диабети барларга.
Кантип ичүү керек?
Эртең менен, кечинде тамактан жарым саат мурда ач карын 1 тоголок жаңгак жеп, артынан бир чай кашык суюгунан ууртап коюңуз. 200 граммдык банканын ичинде 20 даанасы 10 күнгө жетет. Бир ай үзбөй ичип койсонуз, натыйжасын көрөсүз.
Эскертүү: айтылган көлөмүнөн көбүрөөк колдонуу ашыкча салмактуулукка алып келет.
#jangak
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев