9 - Баян
Болотбек Акматов
Ит мурун тоодо көп болгондуктан, анын ашын бат эле тердик. Негизги жумушу бүт бүткөнү менен шар үйгө кетип кала албай далайга тоого кырдан кыр ашырып дүрбү салдым. Эч нерсе көрүнбөйт. Ал күнү жолукпасыма көзүм жетти да үйгө келдим, мындан ары таптакыр жолукпай калам го деп түңүлдүм. Эртеси да инилеримди ээрчитип алып баягы жерге бардым. Бул жолу ыңгайлуу шылтоо таба албагандыктан, жөн гана каңгып келдик. Эч кандай жумуш жок болгондуктан, инилерим менден дүрбү талашып, жакшылап каратпай коюшту. Алгач мында келе жатканда, жолукчудай делбеленип, жүрөгүм алып-учуп алактагам. Бирок келгенден кийин ал сезим бат эле өчүп, баары бир көрбөчүдөй назарым айныды. Бир сыйра карагандан кийин кайра карагым келбеди. Жатып алып булуттардын жылганына, алардын улам өзгөрүп ар түркүн нерсеге окшошуп бараткан кыймылына алаксып кетиптирмин, бир маалда:
-Тигине, тигине Бакыт байке! - Кичүү инимдин чыйылдаган үнү маңдай жара кубандырды. Кантип колунан дүрбүнү жулуп алганымды да билбептирмин. Иним мага таныркады, буга эмне болуп кетти деди окшойт. Канчалык аракет кылбайын, баары бир көрө албадым.
-Кана? -Менин кимди сурап жатканымды иним илгиртпей баамдады.
-Аякта эмес, биякта. -Ээгин экчеп койду. Көзүмдө дүрбу тургандыктан, анын каякты
көрсөткөнүн көрө албадым. Кайра сурашка туура келди. Иним тоонун башын көрсөттү. Ал
бизди карай дүрбү салып туруптур. Көрөөрүнө көзүм жетти да кол булгаладым.Анын
үстүнө менин шаарга кетээрим жакындап калгандыктан, ортодо боло турган мамилени
такташып алууга ашыктым.
Ал келээр менен атына инилеримди мингиздим да кымыз алып келгиле деп жөнөттүм. Бакыт менен бетме-бет отуруп, эркин сүйлөшкүм келди. Чынын айтканда, анын эркелетип, мага карата кандайдыр бир мээриминин төгүлүп турушун кааладым. Муну мен атайын акылым менен ойлоп тапканым жок, тескерисинче жүрөгүмдүн түпкүрүндө катылып турган ага арналган таза сезимден чыкты көрүнөт. Бул аракеттердин маңызын Бакыт да түшүндү окшойт,өзүнчө ыңгайсыздана баштады.
Ушул тапта мен, Бакыт эмне айтса макул болмокмун. Көптөн бери мээмди жара тээп чыкчудай болуп жан дүйнөмө тынчтык бербей келе жаткан кыялдарымдын кучагында калгандыктан, Бакытка эркелеп, көк шиберге жаткым келди. Анын активдүүрөөк болушун, сүйүктүү адамыма сактап жүргөн кыздык намысым аны менен калышын кааладым. Бирок Бакыт мен күткөндөй активдүүлүк көрсөтө албагандыктан, мээге чейин тээп чыккан жан кумар тарап, акырындап акыл-эстүү боло баштадым. Ал канчалык өзүн оолак кармаган сайын,ошончолук өзүмдү ынгайсыз сезип кыйналдым. Чын эле менин турпатым Бакытка жакпай калдыбы? Эми мени мына ушул суроолор ойлондуруп жүрөгүмдү өйүп кирди. Жанында эр жигит отуруп, көңүл бурбай коюшу кызга кандай оор тиерин бир гана кыздар түшүнөт.
Мынча келгенден кийин баарын, өзгөчө жан дүйнөмдү эзип кайнап жүргөн сезимдерди түшүндүрүп калууга аракеттендим. Тике өтүнө түз маанисинде айта албадым. Бирок жолун таап, өзү түшүнүп алгылай маек курсам, ал андан ары өзү чечмелеп алат го деген ойдо сөзгө тарттым.
-Бакыт... - Бул сөз менин жан дүйнөмдүн түпкүрүнөн өтө кысылып араң чыкты.
-И-ийе?—Ал мага суроолуу карады. Ортону бир топко тыным аралады.
-Эгерде силерди бир кыз жакшы көрүп калса эмне кылат элеңер? -Бул как чекеге аткандай эле ага оор тийди. Буйдалды. Кантип түшүндүрөөрүн билбей бир топко ойлонуп турду да:
-Билбейм,- деди. Анын мындай жообу мени ого бетер кыжырлантты.. Ачуумдун келгенин ичиме жашырып, суроого так жооп алганга аракеттендим:
-Кантип эле билбей коймок элеңер?. Ал кыз сүйүүсүн айтпаса да билдирип турса, силер ага кандай мамиле кылат элеңер? - Бакыт менин жиниме чындап тийгиси келдиби, же менден ашыкча кууландыбы айтор таптакыр тескериленди. -Билбейм. - «Дөөдүр” дедим ичимден, ушул үчүн самсаалап кой артынан жүрөсүң да деген сыяктуу ойлор көөдөнүмдү аралады. Бирок жеңилип токтоп калгым келбеди.
-Кантип эле жаныңардагы кыздын силерди жакшы көрөөрүн билбейсиңер? Ал өзү мамилесинен түшүндүрүп турса да, билбейм десеңер кызыксыңар го? - Байкабай мен өзүмдүн ички сырымды чыгарып алдым. Бакыт бир саамга тиктеп турду да, колун менин ийниме койду. Уурусу кармалган кишидей жер тиктедим. Ал коомай кучактап ууртумдан өпкүлөдү. Денем бактылуу ырахатты сезип, сүйүүнүн кумарына балкып бараттым. Канчалык берилип баратканымды билбейм, бир кезде башым айланып Бахиддин жансыз көздөрүн көрдүм. Эсим ооп, өзүмдү жоготуп албашка аракеттенип турдум. Бирок баягы күч менин эркимди башкарып алда кайда алып жөнөдү.. Аны менен күрөш көпкө созулдубу же аз эле убакыт болдубу айтор катуу бир булкунуп алдым. Жаным өзүмө келе түшкөндөй болду. Мындай аракетим сыртка кандай таасир эткенине анча маани бербесем керек, менин мындай олдоксон кыймылым үчүн Бакыт мени таң кала карап койду да анын кыймылы мага жакпай калды деп ойлоду окшойт, тим болду. Биздин өбүшүүбүз ошону менен токтоп, ал менден өзүн оолак кармады. Андан көп өтпөй инилерим келип калды. Ал күнкү жолугушуубуз ошону менен бүттү.Мен эртеңки жолугушууга шаштым, ал күнү өзүмдү ушунча бактылуу сезип, бирок мындан да таттуу учур эртең болоорун күттүм,эңседим. Бакыт экөөбүздүн бактылуу шаар аралап жүргөнүбүздү элестетип, кыялданып жатып кантип уктап калганымды билбейм. Көзүмдү ачсам жерге жарык кирип, бээлер келип, кулундар желеге байланып калыптыр. Бүгүн кайсы жердей жолугушат болдук экенбиз деп, ар түркүн санаага кабылып, кыялым тоо аралап кетет.
Биз Бакыт экөөбүз түшкө жакын жолугуштук. Бири-бирибизге сөз айтууну ыраа көрбөй, өбүшөбүз, көрүшөбүз деп ойлогом. Бирок андай болбоду, мен Бакытка канчалык берилүүгө аракет кылганым менен ортодо бирөө карап тургандай башка нерсеге алаксып кетип кайдыгер учураштым. Менин мындай мамилемден улам ал да мага салкын карады. Кечээ ортодо эч нерсе болбогондой сүйлөшүп жаттым. Бир маалда ал бир нерсе эсине түшүп чочуп кеткен адамдай эчтеме дебей эле шарт кучактап калды. Көзүмдү жумуп, өзүмдү ага арноого умтулсам, кайдан-жайдан келгени белгисиз, Бахиддин муздак көздөрү теше тиктеп турганын көрүп чыйрыга түштүм. Чыйрыккандык купуя ойлордун арасында гана калбастан, денеме чейин муздак аралап кетет. Өзүмдүн кантип силкинип алганымды байкабай калып, Бакыттын алдында бир топ ыңгайсыз учурларым арбыды. Башында Бакыт мындай көрүнүшкө таң кала карап маани бербесе,улам кайталана бергендиктен тажап кетти, оор үшкүрүнүп алды. Акырында чыдай албай кетти окшойт.
—Сен чын эле мени жакшы көрөсүңбү же бул айылдык немени деп шылдың кылып жатасыңбы? - Менде ушундай абал болуп жатат деп кантип айтмак элем, жер тиктеп тим болдум. Минтип жоопсуз калтырганымды ал таптакыр башкача түшүндү да таарынгансып алысыраак турган чоң ташка барып отуруп алды. Ал мага терс маанай түздү, бул мени чындап жакшы көрбөйт, мен өзүм сунуш кылгандыктан гана мени пайдаланып калайын деп жатат деп эсептедим. Ушул жерге жолугушууга келгенге абдан өкүндүм. Ортону далайга жымжырттык ээледи. Бир маалда Бакыт мени кепке тарткысы келди окшойт:
-Сен эмнеге мынчалык муздаксың? - Бакыт мага суроолуу тиктеди, олуттуу тартып.
—Жылыта албай жатасың, го... - Тамашага айландыра жооп бердим. -Эмнеге мага жолукканда минтип чыйрыгып турасың,? Ал баягы калыбынан жазбай.
-Билбейм, ал ооруга байланыштуу болсо керек. - Анын суроосу чынында мага оор тийди. Ызага алдырдым, бир эсе эркелегим келди. Бирок Бакыт ага түшүнө албады, тескерисинче билбеген бул маселени аныктап жаткансып: -Ал эмне оору?..
Саамга ойлонуп турдум да, анын алдында ачык жана таза болгум келди. Башымдан өткөргөн окуяны төкпөй-чачпай айтып бердим. Бакыт бир топко жер чукуп ойлонуп отурду
—Анда мен бекер эле убара болуп жаткан турбаймынбы?!.. - демите суроолуу тиктеди. Эмне деп айтаарымды түшүнбөдүм. «Менин жанымда кал, сен гана бактылуу кыла аласың”- дей албадым. Ортобузду үнсүз жана өтө оор жымжырттык аралады. Кандайдыр бир жан кейиткен үшкүрүктөн кийин:
—Сен мени менен болгонуң менен дайыма аны ойлой берет турбайсыңбы? - Бакыт менн атып жиберчүдөй карек менен теше тиктеди. Мен аны ойлой берем же ойлобойм деп айта албадым. Себеп дегенде анын элеси менин акылыма баш ийбей көңүлүмдү тебелеп басып келе турган болду. Мындай көрүнүштү айтсам Бакыт азыр эле басып кетчүдөй. Мен сени менен бактылуумун десем, Бакыт менин жанымда калаарына көзүм жетип турат. Бирок кандайдыр бир күч бул сүйлөмдү айттырбай койду...Сөз бүггү. Биз унчукпай көпкө отурдук. Дагы эле отура берет белек, биздк ар бирибизди оюбуздан менин инилеримдин келиши,женемдин чакырып жатканын айтышы алаксытты. Бакыт бир ирмем тиктеди да, “болуптур” дегендей башын ийкеп коштошту да басып кетти. Мен бул жерде анын аракетин кандай түшүнөөрүмдү билбей калдым. А жолугалы деп да, кош деп да айткан жок. Далай кундөн бери сезимимде багып жүргөн таза, аруу сүйүүмдүн ушинтип бир күнгө , бир сааттык сүйлөшүүгө туруштук бере албай кыйраганына ызаландым, бирок көзүмө жаш албадым. Өзүм да таң калдым, биринчи жолу тагдырыма мисирейип тике караганыма. Ушунча кундөн бери жүрөгүмдө түптөлүп келе жаткан бул сезимден көңүлүм кирдеген жок, өзүмө-өзүм гана капа болдум сезимимди эртерээк билдирип жибергениме. Бакытты күнөөлөбөйм, болгону аны мындай чечкинсиздиги менен качандыр бир мезгилде өзүнө келген чоң сезимге туруштук бере албайт деп ойлодум. Кыздарга жигиттен мындай кайдыгерлик эмес, көтөрмөлөгөн сөз, жылуу маанай керек экендигин туйдум да Бакытта андай касиет жетишсиздигин баамдап, ал баары бир менин сүйүүмдун кадырына жетпейт эле, ошондуктан эртерээк бүткөнү жакшы болду деген бүтүмгө келдим.
Ал күнү ой басты, түнкүсүн уйку да жакшы болбоду. Кабыл алган бул чечимдин туура экендигин гуйсам да, көнүп калгандыкыбы же сүйүү ушундай болобу, айтор Бакыт кайра кечирим сурап келеби деп күттүм.. Түш ооду. Бул күткөнүм алсыздык экендигин түшүндүм да, анын жанында бир мүнөт калбай шаарга кетүүнү чечтим. Оюмду чоң энеме айтсам чочуп кетти, бирок каршылык көрсөткөн жок. Болгон оокатымды жыйнап алып, түш оодарып жакага түштүм да, эртеси шаарга сапар тарттым.Менин келгениме атам аябай сүйүндү. Апам экөөбүздүн ортобузду муздактык аралап калыптыр, ал мага баштагыдай мээримин төгүп учурашкан жок, мен ага боюмду салып эркелебедим. Экөөбүз салкын гана өбүшүп учураштык. Атам менден айылдагы жанылыктар тууралуу сурап отурду, апам менин ар бир кыймылыма сын көз менен карап текшергенсип турду. Анын мындай кыймылы мага таптакыр жаккан жок, бирок сыр билгизбедим.
Ушул күндөн баштап мен өзүмдүн тагдырым жөнүндө ойлоно баштадым. Канчалык көп ойлонгон сайын ден соолугум начарлап баратканын сездим. Ден соолугум начар болсо мен эч кимге керегим жок экенин түшүндүм да, биринчи жолу ден соолук үчүн күрөшүүгө аракеттендим. Бир жолку ээликкениме минтип өз энем чыдабай ортобуз муздап баратса, мени мындан аркы турмушумда мага ким күймөк эле деген ой көкүрөктү ээет. Эне-атамдан башка менде эч ким жок болгону ого бетер маземди алат...
Убакыт өтө берди. Кээ бир түндөрү Бахидди каргап чыгам, бирок бардык оюм анын тегерегинде болуп баратканын мойнума алдым. Бул көрүнүш мени ого бетер ага байлап, аны сырдуу күчтүн ээси катары көрсөтө баштады. Мындай ойлобогондо кантмек элем.Дубаланган курма тууралуу, кимге айтпайын, баары мени сырдуу,бутумдан башыма чейин карашып, анан жылмайып коюшат. Сыртымдан сыр билгизбегеним менен ичимден тыпылдап ызаланып кетем. Өзгөчө ушундай абалдан кийин, бу дүйнөдө менин тагдырыма Бахидди жазып койгондой, андан башка киши мени түшүнбөөчүдөй боло түшөм. Ага жолуккум келе баштады. Жолугуп кыйналганымды айтып, анын ушундай күчтүү экенин мойнума алып, кечирим сурагым келип кетет. Сабакка улам жакындаган сайын чындап күтө баштадым. Анын «мени издеген жоксуңбу?» деген сөзү кулагыма жаңырып, кадимкисиндей өзү айтып жаткандай кайталана берчү болду.Көпкө ойлонуп отуруп, Бахиддин бир мезгилде айтканы чын экендигин, эми мен аны өзүм издеп бараарымды баамдадым...
Уландысы бар....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2