Өмүр
Өмүр тосуу бербей ташкындаган суудан кем калбай шарпылдап тоо - таш , өң -дөңгө карабай агып барат .Балалык бакытты байкатпай алып кетсе , жалынга толгон жаштыкты да карап турмак беле , эбак эле өз жолуна койгон тура. Мезгил өзгөрмө кубулуштары менен кайталанма адатагыдай күндөрү азгырып олтуруп ,убакытты кандай жоготуп алганың байкабай да калат экенсин. Ал эми өмүр өз ордун таап жайгаштырып улам -улам өзгөртүп өң келбеттен талашып ,тартмалап чарчагандай муңайып , минут ,сааттан азгырып сезимди багындырып койгонун кара. . Алсыздыкка багындырып кайра эле бийиктикке жетелеген кумардуу оюндай көрүнөт. Ал эми бизчи адам болуп ааламга келген соң жашоонун кадырын баалабай бүгүн бар ,эртеңки жоктугубузду унутуп койгон ,момун пенде көрүнөбүз. Тырмышып дүнүйө топтоп , белекке берилген ден соолук кадырын билбей тепсеп алганыбыз өкүнүчтүү. Өмүр бизди күтпөстөн алсыздыкка кабылып ,жашоонун эртелеп курмандыгы болуп каларын билсек гана. Өмүрдү сүйүп жашагым келет. Адамдык куру намысты эмес.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев