20-болум
Жашоодо жакшы күндүн өмүрү кыска- деп бекеринен айтылбаса керек. Кечээги бактылуу жылуу мээрим ,бир заматта чуулгандуу болуп өтөрүн ким кайдан гана билсин. Аёосуз тагдырга баш ийип гана жашай турбайбызбы? Ошко жеткен кезде , такси кармап айылга бет алды. Көз алдында апасын акыркы ирет көрүп, көз жаш менен калган күнү тартылып үрөйү учуп баратты. Неге тагдыр татаал, бакыт кубанычымды өмүрүн узартып койбодуң. Ишенген тирегим болуп турган атамды да талашып жатасынбы? Оо жараткан сенден, мен не жазыка кадам салдым эле. Чоң энемдин жашоосу кандай өтөт ,бул өмүргө конок экенбиз ,бул чындык. Бирок баарын тартып алуу эмес го. Айгерим ичинде толгон баардык арманды көз жаш кылып келе берди. Жанында Айбек да ,апасы да унчуга албады. Инисинин да көзүнөн жаш тамганы болбосо телмире терезеге кадалат. Машина бир калыпта гана жол улап барат. Убакытты уурдаган бул жашоо кеткен соң кайрылып келбеси анык эмеспи . Секунданы да кайрып ала албайбыз ,кези келсе секунд да баалуу болуп кетет. Жол боюнда аппак болуп алма гүлдөп турган. Жетип барганда гана үйдөн жабыла тосуп чыккан туугандары болду. Баары чогулуп калган экен. Рактан апасынын кеткенин эстеген ,атасынын да рактан кетишин билбеди. Балдарына карабай ашыккан Айгерим түз эле атасын издеп жөнөдү.
Төркү бөлмөдө алсыз кубарып жаткан атасына аттап -буттап жетип келди. Көз жашын көлдөтүп ыйлап да жатты. Бирок ал кезде атасы киши тааныбай калган учур экен.
-Атаке ,мен келдим көзүңүздү ачың. Неге бул абалга түшүп калдыңыз. Бизди эртелеп таштап бара жатасыз. Буркурап боздоп ыйлай берди. Көп убактан соң чоң энеси келип колунан тарта
-Тур кызым ,өзүңө келип, бетти колуңду жууп кел.Баардык туугандарың ушул жерде көрүш. Ый менен айыктыра албайт экенбиз. Араңдан туруп жеңемдин жетегинде көчөгө чыктым. Муздак сууга чайкап бир аз аба жутканда гана өзүмдү кармап ,үйгө туугандар олтурган бөлмөгө кирдим. Алгач болуп көзүмө урунган мени балалыгымды кордогон чоң апам көрүндү. Бирок өзүмдү кармап , баары менен амандашып алдым. Көрсө саналуу убакытка жашап тура турган укол менен атамды кармап турушуптур . Менин келүүмдү күткөн туура. Кеч кирип баратты;
-Жанында мен олтурам эс алгыла -деп баарын жөнөтүп калдым. Үнсүз жаткан атам бир убакта көзүн ачып
-Келдиңби кызым. Мен сенин келериңди күткөнмүн. Балдарды алып келчи. Бир көрүп алайын.
-Келдим ата , азыр алып келем. Шашылып Айбекти ойготум.
-Турчу жаным ,атам өзүнө келди ,балдарды көрөм дейт . Экөөбүз алып баралы. Экөөбүз эрчишип эгиздерди алып кирдик.
-Кел балам, кыйналбай келип алдыңарбы? Силерди убара кылбайын дегем.
-Неге кыйналмак элек ата. Убара да эмеспиз сиз үчүн.
- Аркама жөлөнгүч коюп көтөргүлөчү.
Биз кичине жогорулатып жөлөп олтургузган соң ,балдарды колуна алып жыттап ,жыттап алды да кайра берди.
Эки колун жайып ,,Өмүрүңөр узун болуп ,ушу эки баланын бактысына бар болгула" -деп алаканы менен беттин сылап дуба кылды.
-Эми мени кайра жаткыргыла да, абаңарды чакыргыла менин жанымда олтурсун. Силер эс алгыла. Жол жүрүп келдиңер.
-Жоок мен да олтурайынчы -деп Айгерим.
-Бар кызым эс ал огой. Абаңда сөздөрүм бар.
Кыя албасам дагы аргасыз чыгып кеттим. Жаздыкка баш тийгенде гана чарчоомду сездим. Мээмиреп уйкуга кеткен экенмин. Ызы- чуудан чочуп ойгонуп кеттим. Көрсө мени чоочуп калбасын- деп атам аяган тура. Бизди жөнөткөндөн бир саат убакыт өтпөй жан бериптир.Өксүп ыйлап ,экинчи опол тоом да кулап калды. Бир үйдүн эч чоңу мен болуп, инилеримди аяп калып кеттим. Тагдырдын таш боордугуна тизе бүгүп баш ийгенден башка чара да жок экен. Жакшы сөзгө да ,жаман сөзгө да кайыл болуп ыйлай сыктай жерге бердик. Бала кездеги эки бөлмөлүү үй эмес, кабаттап үй салып ,акыркы үлгүдөгү машиналарды алганыбыз курук гана желге учкандай болду. Мезгилинде эки бөлмөлүү жупуну үйдө кут ырыскы бар эле го. Азыр ээнсирей эле түштү, апамды Бишкеке жөнөтүп Айбек экөөбүз калдык. Кырк күнүн белгилеп анан кетмек болдум. Эки үч күндөн соң, кичине иним менен Айбек Москвага учуп кетишти. Калганыбыз келиндер менен бирге кууну учкан үйдө кубарып жашоо улантып жатык. Өгөй апабыз да алып кетели эми бул жерде баттып жашай албайт го. Өзү жаш болсо -деп ,айтып кетишкен. Олтура турсун, жок дегенде жылдыгы
өткөнчөктү. Анан калаасаңыздар алып кетерсиздер -деп ,чоң энем ортого түшкөн. Бирок тоолук жыйынтык чыкпаган атамдын сөзү менен биз карамак болгонбуз. Эрк өзүндө экен да күттүп гана калдык. Келди ,кетти менен убакытты өткөрүп жаттык. Балдарым менен алышып күн өтөт ,ишенгеним эле жеке жашоомдо Айбек болуп калдык калганын убакыт көрсөтөр. Бул жашоого баарыбызды жөнөтүп туруп кайсы күнү тартып алып кетерин пенде билбейт турбайбызбы? Өлгөн өз шору да тириктин тирилиги өтө беретен болуп күндөр агыла берди.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3