#Апасын сүйүп кызын алдым
Асманга көтөрүлүп бара жаткан учактан , жүрөгүмдүн опкоолжуганы көбөйүп ,ылдамдап согуп баштады . Алгачкы ирет учкандыкы го . Денемди майда калтырак басып, кара терге чөмүлүп, кулагым укпай, абалым оорлошуп бараткандай.
Жанымдагы олтурган аял не болду сага өзүңдү эркин сез , бийиктикке жеткенде билинбей да, сезилбей да калат- деп божурады. А мен жан дүйнөмдө сагынычка малынган жүрөгүмдү мыкжый кармап көзүмдү жумуп уйкуга кеткендей болдум. Күркүрөп ак булутту жиреп бараткан үнүнөн ойгонуп кеткендей умачтай көзүм ачылып , кызарып батып бараткан күнгө суктанып , жашоонун кызык экенине кумарланып алдым.
Ойдун учуна жете албай , ээн талаада жалгыз өскөн дарактай желге ыргалып турдум. Учактан түшөр замат элдин катарында алдыга умтулуп ашыгып жаттым. Мени күткөн эч ким жок экенин билсем дагы, шашылдым. Алдыкы катардагылар менен кошо ,эрте өтүп жүгүмдү күтүп узакка кармалдым. Колума жүгүм тиери менен сыртка карай жөнөдүм. Ошондогу гана менин аттымдан чакырган адамга жалт карап туруп калдым .Көргөн көзүмө ишене бербей . Ал менин Алиям эле. Дал өзү болчу.
Колундагы баланы Алтынайга карматта салды да, келип мойнума асылып кучактап ыйлап баштады. Көпкө кыса кучактап тура бердим. Баланын ыйлаганы экөөбүздү бөлдү.
-Сен кайдан билдиң ,эч кимге айтпаган элемин.
-Марал эжекей айтты.Угуп эле бул жактан күтүп алууну чечтим. Максатты аласызбы? Бул сиздин балаңыз. Колума кармата салды. Ой шумдугуң кургур дал эле өзүм, бала кезимдеги сүрөттөрүмдөй. Боорума кысып жыттап бараттым. Көзүмдөн жаш куюлганын айтпайын. Бала деген ушунчалык да таттуу болот экен. Түз эле өзүбүздүн үйгө барып кара кулпуну бирге ачып кирип бардык. Үй ичи ээнсиреп , чаң баса баштаптыр. Кантсе да өз үйүң , өлөң төшөгүң эмеспи ? Кирип кере жуттуп абадан , боюмду таштап жатып калдым. Жыйынып теринип бүткөнчө айылдан атам , апам келип калышты. Дасторкон жайып эзелкидей каткырып өткөн кеткенди сүйлөшүп чер жазыштык. Кайрадан Москвага кайтышыма атам , апам каршы болушту. Бирок аларды көндүрдүм. Алиянын каршы турушу болду.
Күн күлүк эмеспи ,эки жума билинбей эле келип жетери анык го. Көр тиргиликтин тарткылыгы менен алышып жүрүп өтөт турбайбызбы ,кайда гана жүрбөйлү. Үйдүн туш тарабын жыйнап оңдоп дегендей убакытты алдырып жибердим. Марал эжекейдин алып берген шакегин Алиянын колуна тагып жатып,
-Мен сени түбөлүккө сүйөрүмдү унутпа. Баргандан соң сени да чакырып алам экөөлөп иштеп чооң сарай кылып үй салабыз ,ошондо бизден өткөн бактылуу адам жок болот . Балдарыбыз да көп ,чоң үй -бүлө болобуз . Менден бир топ жашка кичине болучу. Аргасызда макулдугун берди. Эки күндөн кийин учуп кетүү керек . Коноктоп чакырган туугандарыбыз да түгөнбөдү.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9