14
Эх... Ошол күндөрдү кайрып келсем эле...
Мына сага дагы бир сюрприз!
Азиздин туулган күнүнөн да 3 жума өттү. Кымбат экөөбүз сейил бакка бардык, экөөбүздө тең маанай жок. Бал муздак жеп отурабыз. Жаныбызга Ариет келгенин байкабай калыпмын.
-Салам сулуу кыздарга!
-Кандай Ариет?
-Жакшы, жакшы отурасыздарбы?
-Баары жакшы!
-Экөөбүң сейилдеп жүргөнүңөргө таң калып жатам, үй жумуш, жумуш үй деген кыздар элеңер го!
-Всё меняется! Же биз чыксак болбойбу?
-Болот да! Мен кайра кубанычтамын! Кана эми чогуу сейилдеп жүрсөк!
Майектешип атканын угуп эле олтурдум. Башында башымды ийкеп саламдашканым эле болбосо, бир да сөз айтпадым. Негедир Ариеттен чочулап турдумбу, же эмне болду билбейм. Бара бара алардын сүйлөшүп жатканыда угулбай баратты.
***
-Суу алып кел!
-Алтынай, аз көзүңдү! Бизди коркутпа!
-Эмне болуп кетти сага? Ач көзүңдү!
Бетиме суу сээп, чапкылап жатканынан ойгондум. Ойгондум бирок эмне болгонун түшүнбөй жатам дагы деле. Бир демеге жөлөнтүп отургузуп коюшуптур. Кымбат колдорумду ушалап отурат. Ариет чыгып кетейин деген көздөрү менен мени карап турат.
Өзүмө келдим, бирок тилиме сөз келбей турат, аракет кылып жатам, бирок сүйлөгөнү дарманым жок.
Бир маалда Кымбат:
- Больницага алып барыш керек
-Жок, алып барбайбыз, бул жерде башка нерсе болушу мүмкүн
-Кандай нерсе? Эмне болмок эле? Көтөрүп алып барчы машинаңа.
Көтөрүп кетип баратып бешенемден өөп :
-Алтынай, мени сени дарыгерлерге алып бара албайм. Мен сени уят болуп калышына жол бербейм. Сен өзгөчөсүң...
-Мен... Мен жакшы, кабатыр болбогула! Араң эле сүйлөдүм.
Биринчи жолу мындай акыбалга туш болдум. Өмүрүмдө мындай болгон эмес болчум. "Неге мындай болдум?... Жок, болушу мүмкүн эмес! Жок! Андай эмес! А балким чын эле болсочу? Чын эле боюмда болуп калсачы? Бир жатканымда эле ушундай болуп калдыбы? Башкалар жылдап дарыланып балалуу болушпаса, мен бат эле болуп каламбы?" деген ойлор бир нече мүнөттө башымды айлантып салды.
-Жакшы элесиңби Алтынай?
-Жакшы эле рахмат.
-Бизди коркутуп жибердиң
-Жакшы элемин Кымбат! Корпогула!... Эми үйгө кетели э?!
-мен силерди үйүнөргө жеткирип койом, деп машинасын жүргүздү
Биринчи Кымбат сени жеткирейин э?!
-Жок, чын айтсам, Алтынай менен сүйлөшүп алчу сөзүм бар, ошол себептен сени биринчи жеткирем! деп ишенимдүү сүйлөдү да, күзгүдөн арткы отургучту карады.
Жетип баргыча эч ким эч бир сөз сүйлөбөдүк. Машинадан түшүп жатып гана Кымбат :
-Өзүңдү этият кыл! Жакшы жетип алгыла, эртең сүйлөшөрбүз! деди суз эле. Кабатырланып жатабы же таарыныппы түшүнүксүз эле.
-Алтынай, мен сага бир суроо берейин, мага капа болбо, суранам.
-Айт, угуп жатам, дедим акырын гана, бирок, Эмне сурар экен? Бул бирдеме билеби? Кайдан? Эмнеге? деген суроого жооп издемей болдум, суроосун укпай эле.
-мен сага түз көз карашта эмесмин!
-Эмне деп жатасың Ариет? Уялчы бир аз! Азиз сенин досуң болот го!
-Сенин боюңда барбы?
-Эмнеее?
-мен билем
-кайдан?
-Ошол күнү, телефон Азиздин үйүндө калып калып, кайра кайтып келгенге туура келди. Келсем... Мм... Мен кечигип калыпмын... Бирок сен каршылык көрсөтүп жаткан экенсиң, сени сүйбөйм деп жаттың... Сен чын эле аны сүйбөгөнсүн ээ?!
-Ач машинаңды, мен түшөм!
-Кап кара көздөрүңүздөн жаш айланпанчы!... Алтынай мен сени сүйөм! Мага турмушка чык??? Мен сени бактылуу кылам.
-мен кетейин, ач!
-Ачам, корпо! Мен сага жамандык келтирбейм. Болгону ук мени! Азиз сага татыктуу эмес! А баланы болсо мен өз баламдай кылып чоңойтуп алам!
-Боюмда бар экени анык эмес! Бир жолу жатса эле болуп калбаса керек!
-Бир жолу?... Демек, силерде башка болбогон турбайбы...
-Эмне, мени жеңил ойлуу деп ойлодуңбу? деп эле көзүмдөн жаш коюлду.
-Сен мени туура эмес түшүнүп калдың, кечирип койчу мени...
Машинесин ачты. Чуркап качкым келди, бирок акыбалым жок болуп үйгө араң эле кирип бардым. Апам үйдө жок болгону үчүн эч нерсени байкаган жок.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 25