2
Медет узун салынган уйдун астанасын аттап,ичкери киргенде Сабыр сынчы жаны эле чайга отурган болчу.Сырттан кирген орто бойлуу,мандайы жарык,толугунан келген жигитти клогондо ордунан бир обдулуп алды да,берилген саламды алик алып:
- Кел,торго от, - деп орун коргозду,колун жансап. Медет орун алып олтурган сон:
-Озунуз кандайсыз? - деп мурда-кийин тааныган адамдардай соз улады. Сабыр сынчы:
- Жакшы жатабыз озун кайдан келдин? Ниетин ак экен,жаны эле даамга караганда келбединби - деп, Медетти жылмая,жагымдуу коз караш менен карады. Медет иймене чай сунган кыздын колунан чыныны алып,алдына коюп:
-Борбордон келдим,Озум Ысык-Колдон болом. Чон атамдын айткан керээзинин отоосуно чыгуу учун сизге атайын келдим - деп,создун ток этээр жерин айтты Сабыр карыя:
-Келгенин жакшы. Чон атан ким эле? Мен тааныймынбы? - деп сурады,Медет чайдан ууртап:
-Сиз тааныйсыз. Кабыл деген кишинин небереси болом - деди. Сабыр сынчы Кабыл карыянын ысымын укканда:
-Кап,ал киши дагы дуйно салдыбы. Кайран киши абдан жакшы адам эле,ыйманы саламат болсун деп,эки колун жузуно тартып,бата кылды да,эми Медеттин эмне максат менен келгенин айттырбай билип,баштагыдан мамилесин озгортуп,созду алыстан баштады. Эт бышым убакыттын ичинде Сабыр сынчы турмуш сабагына байланыштуу коп создорду айтып айтып берди.
Орус муноз кутур бараткан Медетке,Сабыр сынчынын айткандары укмуштай маанилуу сабак болду. "Созду уккан жерге айт" демекчи,ар бир айтылган созго терен ынтаа коюп уккан Медетке,Сабыр сынчы берилуу менен баян куруп берди.
Соз учугу Кабыл карыядан башталып,тээ илгерки мындан эки-уч кылым илгери болгон окуяга чейин уланып,Эсенгул баатырдын атасы Болот бийге барып такалды. Сынчы бул окуяны батаардан мурда Медетке коз карашы менен билгизип,анан:
-Медет,тажаган жоксунбу,менин айткандарымдан? -деп сурап калды.
Медет конулдонуп:
-Албетте,тажаган жокмун. Уланта бериниз созунузду - деди. Сабыр сынчы кулумсуроп:
-Анда эмесе,угуп тур деп, - созду баштады.
-Болот бий беш аял алып,беш аялынан торолгон балдарды Санчы сынчы деген атактуу,алдыдагыны коро билген адамга сынатат. Сынчы Болот бийдин беш аялынан торолгон балдарын сынынан откоргон сон,кайрылат:
-Болот бий,сенден озундун кадырына жеткен тен бала жок экен. Сулуу деп,онуно карап эле аял ала берген турбайсынбы. Элдик уулдун торолушу энеден дагы болот. Анткени,бала эненин жатынында тогуз ай жатып,калыптанат. Ошондо эненин дагы сапатын озуно кабыл алат деп,Болот бийди башка аял тандап алып берейин ошону ал. Сенден созсуз баатыр,эл камын ойлогон бала торолушу керек дейт - да, Таалыке энени кантип алып бергени жонундо соз улады.
-Алгач Таалыкени коргондо Болот бий кадимкидей чанат. Ошондо Санчы сынчы:
-Бул аялды албасан,озун бил. Тигине сулуу деп онуно карап алган беш аялын койнунда жатпайбы. Торосо ошол беш аялын деле торобойт беле, - деп создун ыгын келтирип,Болот бийди кондурот. Сынчынын айткандай Таалыке эне жыл айланбай,эркек торойт. Ал уулу тортко чыккан сон,сынчы "ат качырбас боз айгыр торолот" деп айткан бала торолот. Ошондо Болот бийдин беш аялы "Сынчы айткан бала торолду" деп,кунулук кылышат да ,козун тазалоону чечишет. Баланы эмне кылып жок кылыштын айласын ойлоп,Болот бийди н беш аялы акыры анын дагы айласын табышат. Журт саргайып кетти,журт которолу деп Болот бийди кондурушуп, тан эрте уйлорун чечип киришет. Болот бий жаны караганы жигиттери менен алдыга кеткенде,Таалкеге кулундуу бээ токуп беришип,бешиктеги баланы алып бербегиле деп ал жердеги калган жигиттерге айтышат. Торт жашар Сарымбекти артына учкаштырып, бешиктеги баланы энип ала албай коет. Кулундуу бээ уйуру алыстаган сайын ооз бербей туйлай баштайт. Ошондо Таалыке айла жок баланы журтка таштап кетет. "Олсо Болоттун бир баласы олот,эмне кылайын башка айла жок" деп жаны жкртка келгенде,Болот бий дондо олтуруп,эмчегин басып,боз уйун тигип жургон Таалыкени коруп,бир жигитке: -Жененер эмне ыйлап журот? Барып билип келчи, - деп жумшайт. Жигит барып келип,энтигип:
-Бала журтта калыптыр - дейт. Ошондо бул беш катындын кылыгы экенин билип,эки жигитти эски журтка чаптырат. Эки жигит жолдо баратып, "карангы кирип кетти. Эмдигиче ит-куш жеп кетти го. Эртен деле барабыз" - деп аттарын отко коюп,талаага туноп калышат. Сабыр карыя "угуп атасынбы" дегенсип,коз кыры менен Медетти карап койду. Медет башын ийкеп,муюн угуп атканын билгизип,коштой койду.
-Анан эмне болуптур? - Эртен менен эрте эки жигити аттанып,эски журтка жакынжаганжа эле ак чатыр турганын корушуп," бул кимдин чатыры болду экен" деген ойдо аттарынын оозун кое берип,жакындап келишсе,ак марал бешикке чатын салып,эмизип аткан экен. Экоо аттан секирип тушуп эле бешикти коздой чуркашат. Ак марал экоону коруп ары басып кетет. Жигиттер баланын эки ууртунан агып аткан сутту корушуп,ырыскылаш бололу деп,экоо баланын эки ууртунан аккан сутту ###### жиберишет да,ак маралды карашса,андан дайын жок. Экоо тан калып:
-Бул бала тогун бала эмес. Коруноо кыдыр даарыды, - деп алып жоношот. Болот бий беш аялына: - Бала тируу болсо аман калдынар,олсо силер аман калбайсынар - деп катуу эскертет. Баланын олумун тилеп атышкан беш катын эми баланын омурун тилеп,аман болсо экен деп,оздорунчо кобуранып атышты. Жан деген кандай таттуу. "Бироого ор казсан тайыз каз,озун тушуп каласын" деген кеп бар эмеспи. Эми тиги беш катын оздорунун жандарынан умут кылбай,оздорунун куноолорун сезишип,тан атканча кирпик какпай чыгышат. Эртеси Болот бий баш болуп эки жигитти чыдамсыздык менен кутушот. Тушко маал эки жигиттин караанын коргон калдайган эл жакшылыктан умут кылып,баланын эсендигин тилеп,беш катынды каарып,алардын жоруктарына нааразы болуп,аларды жаман коздору менен карашат. Эне байкуш коз жашын агызып,эмчеги зыгкырап,тан атканча куткону бир тен,азыркысы бир тен болот. Себеби,жакшы кабар угамбы,же жаман кабар угамбы дегени. ушул бала учун мени алган эле. Кечээтен бери курсагы ачып,ыйлап атып боору эзилип калды го...
Мындайда кимдин оюна жакшы ой келсин. Конулу эч нерсеге чаппай,ичинен келме келтирип,баланын эсендигин тилеп,кечтээтен бери ачка жургонуно кайыл болуп,жол карап олтурган Таалыкенин абалын суроттогонго соз жетпейт. Болот бий озунун анкоолугуна, беш катынга алданганына ичи куйуп,ичинен кан отуп турду. Сачы сынчы:-Калмак- кытайды ошол уулун суруп чыгат. Ченеми жок баатыр болот. Андан сенин атынды чыгарган кара сенсел хан чыгат. Башка балдарын анын жанында суу кечпей калат - деген эле. Санчы сынчынын айткандарын эстеген сайын Болот бий орунга тура албай,ачуусу келгени жузунон билинип турду. Жиберген эки жигитин тун ортосунда келет деп куткон эле. Келбеген сон,ал дагы баланын эсендигинен тунулуп калагн болчу. "Жаш ымыркай баланы эмес,чон кишини талаага танып туруп таштап кетсе,ит-куш жеп кетээри айдан ачык" Ит-куш жебегенде да,ыйлап атып деле жаны учуп кетти да эмдигиче" деп оюнун баарын жамандык ээлеп алды. Болот бийдин ары-бери басып атканын коргон беш катын бирин-бири жектеп урушуп атышты. Баарын кылган сен,сен айтпасан биз журо бермекпиз - деп учунчу токолун куноолошту. Чындыгында баарын учунчу токолу баштаган. Ал аялы дагы соз жебей,болгон иштен алыстагандын амалын издеп куноонолоп, аман калыштын амалын издеп жатты.
Себеби,бала аман-эсен болбосо,тортоо тигини куноолоп,аман калыштын амалын издоо турган иш эле. Санаа чегип атып беш аял дагы чунчуп,аз убакыттын ичинде кейиптери кете тушкон болчу. Эки жигиттин келиши баары учун тозок болду. Убакыт токтоп тургансып турду. Бир убакта эки атчандын карааны жакындаганда Болот бий:
-Бала эсен бекен? - деп унун катуу чыгарып сурады. Суроо берип алып "кандай кабар угам,эмне деп айтат" деген ойлор бир эле Болот бийдин эмес,жалпы элдин оюна келди. Эки жигит жарыша:
-Бала эсен экен! -деп айтканда Болот бий уккан кулагына ишенбей,дагы баштаган суроосун жаныртып берди.
-Ооба,бала эсен экен! - дегенди укканда,Болот бийдин коздору нымдашып кеткенин озу да билбей калды. Турган ордунан унун бийик чыгарып:
-Аксарбашыл, бала эсен болсо "Эсенгул" болсун деп ат койгон экен. Ак боз бээни сойдуруп,баланы бешикке салып той берет. Беш катынына: "ичээр суунар бар экен,экинчи бул ишинер кайталанбасын" деп еатуу эскертет. Беш аялы баштарын ийкеп,жандары аман калганына суйунушуп,куноолорун моюндарына алышыптыр. Ал эми ошол биз кеп кылган Болот бийдин Эсенгул деген уулу баатыр чыгыптыр. Ошол уулунан башта кеп кылган кара сенсел хан чыгат дебедик беле. Ал Ниязбектин уулу кадимки хан Ормон экен. Ниязбек ата дагы убагында элге эмгеги синген кадырлуу олуя,бир нерсени алдын ала биле койгон адам болгон экен. Сегиз улуу сегиз жерде эл бийлеп ташы ойдо кулап турганда дагы которулуп кетпеген жонокой киши болуптур.
Арадан бир ай чамалуу убакыт откондон Медет,бир куну сынчыга берилуу менен кайрылды:
-Анда сиз тандаган,издеп тапкан кыз бачгы кеп кылган Таалыке апага окшош келинби? - деп суроо узатты. Сабыр сынчы кулумсурогон калыбында Медетти карап:
-Жок,мен сага андай жашы откон келинди тапкан жокмун. Жаш кыз,бирок,сага жагабы,жакпайбы мени туйшолткон ой ушу. "Эркек коз менен суйот" деген кеп бар эмеспи. Анын сынары сага узун шыйрак,бели ичке,сулуу,ак жуумал кыз жагаарын мен билем да.
-Жок, ошончо кыз-келинден Санчы сынчыга отуз жети жаштагы келин жагыптыр дегенинизден эле менин оюма башка нерсе келбедиби. Ой деген кандай кулук. Медет Сабыр сынчы айтканга чейин эмнелерди гана ойлогонго жетишти. Бирок,баары бир мага жакпаса дагы,сынчыга жаккан кызга уйлонушум керек деген ойдо болду.
Сабыр сынчы Медеттин оюн тушунуп:
-Медет,сен мага кандай тушунсон озун бил. Бирок,менин айтканымды аткар. Эртен кун тобого келгенде тигил кыз менен кенен таанышып,созго тартып королу. Бул кыз эки уул,бир кыз торойт. Эгео сен ага нике кыйып буйруп уйлонуп калсан биринчи уулун сенден артык торолот,экинчиси дагы сенин денгээлиндегидей болот. Сенден ашык деп айтканым,сенин даражандан анын даражасы чон болот. Экинчи уулун сенин даражандай денгээлге жетет. Бир жолу кыргызга таанымал эле бир киши бир жерден: "Азыр тукумдарым келет,куто тургула" дегенинен кутуп калдык. Ангыча эле эки бала келип,ал кишиге жолугуп суйлошуп кетишти. Эки бала кеткенден кийин озу айткан тукумумду улоочулар,эгер балам десем,анда ал бала мага тете же менден ашык болсо балам демекмин. Экоо тен, менин денгээлиме жетпейт.
Бала атадан ашып же атанын денгээлине жеткенде гана бала деген атка татыктуу болот деп айтканын уккан элем. Медет создун торкунуно тушундунбу? Медет айтылган созго муюп,башын ийкеп олтуруп калды. Ээ, Медет,лаи угккандан уга элегин коп, - деп ордунан турду Сабыр сынчы.
ХХХ
Сынчынын конулундо "Ош" базарында нан сатып турган,кара тору,жаплдаш бойлуу,коздору бакырайган, чачы бел курчоосуна чейин жеткен,узун койнок кийген кыз жакты. Сабыр сынчы бул кызды коргондо коздору кымындап,нече кундон бери издеп журуп таппаган кыз эми табылганына суйунуп,атайын келип кыздан соода кылды.
-Кызым,нанын качадан? - деп кыз менен суйлошмокко нандын баасын сурап,созго тартты. -Кайсыл жердин кызы болосун,кызым? - деп Сабыр сынчы кыздын дайынын билиш учун.
-Кеминден болом.
-Кайсы уруудан болосун7
-Уруубуз - озук,бирок,Сарбагыш деп айтат негизи.
-Жакшы,кызым. Эртен дагы келем. Ушул жерде бол,макулбу? - деп сынчы шашыла басып Медеттин ишине жоноду.Медет иштери менен жумушунда эки кунго кармалып калган. Сынчы убакытты текке кетирбейин деп озу базарларды кыдырып келген болчу. Буга чейин Медет экоо коп жерди кыдырышты. Чон окуу жайларына,орто окуу жайларына барышты,ал турсун айылдарды да кыдырышкан балчу. Бир жолу Медет озу жактырган эки кызды коргозгондо, Сабыр сынчы биринчисине:
-Бардар жердин кызы экен. Эрке осуп калыптыр. Кийин сага тили тийип калат. Бул кыз болгону бирди торойт. Андан артык торобойт. Кыскасы,купулума толгон жок. Мынча болду жакшы кыз тандайлы. Экинчисинин болсо гени кучтуу экен. Кайсы жердин кызы?
-Жумгалдан болот. А, анда саяк турбайбы уруусу. Саяк элин эмне деп сынаган билесинби? Эки элди эриктирбейт, бир элди бириктирбейт, кыздары сулуу,аттары кулук чыгат,шойкумду эл болот деген. Бул кыздан торолгон бала созсуз таякелерин тартатт. Тек-жайы кандай,тегин билесинби?
#сынчынын_купулуна_толгон_кыз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6