Бекиткен кабелиңди көрөлү,- дейт. Макул болуп, жаныбыздагы дүкөндөн бирден сыра алып контейнердин артына өтүп, сүйлөшүп отурган адам болуп тунукенин түбүндөгү кабелди көрсөттүм. Егор түшүндү. Машинага барып отурганда Егор атасына:
– Көрдүм, кабель турат. Бирок ишениш кыйын, өтө эле опурталдуу окшойт,- деди. Иваныч да ошондой дегендей башын ийкейт тимеле. Жиним келип кетти:
– Ой, Иваныч, коркунучтуу эмнеси бар, силердин ишиңер кирип бир-эки кнопканы баскылап, акчаны алып чыгуу эле. Бирөө кармаган күндө деле "акчамды алайын десем ушунча чыгарып берди" деп коёсуңар, болду да. Анын эмнеси опурталдуу, эң кыйынын мен кылып жатам го. Болот же болбойт деп бир жообун бер. Болбой турган болсо ушундайында токтотуп, унуталы бул ишти,- дедим. Иваныч менимче түшүнүп эле турду, өзүнө көбүрөөк акча алайын деп ушул өнөрүн көрсөтүп жатат окшойт. Иваныч акыры макул болду:
– Кирсанов, мен макулмун. Жана сүйлөшкөнүбүздө бул иштен кийин чоңураак дагы "тема" бар дегендей кылдың эле. Ал кандай "тема"?
– Азырынча айта албайм, биринчи бири-бирибизди көрөлү. Ишенсе болобу, иштешсе болобу дегендей, түшүнөсүз да. Кийинки "темада" кеминде 4-5 миллиондон алсак болот. Бирок ал жөнүндө азырынча унуталы.
Иваныч мени карап:
– Кирсанов, капа болбосоң тамеки чегип келбейсиңби, Егор экөөбүз шыбырашып алалы,- дейт. Макул болуп машинадан алысыраак барып тамеки чегип отурдум. 10 мүнөттөй сүйлөшүштү окшойт, акыры телефон чалып чакырышты. Машинага отурсам Иваныч эки алаканы менен рулун бир чаап:
– Кирсанов, биз макулбуз, айта бер анда, кимибиз эмне иш кылабыз? Руль сенин колуңда, капитан!- деп күлдү.
Үчөөбүз 1 сааттай отурдук, планды майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрдүм. Ар кимибиздин кылар ишибизди, саат канчада жана башка, айтор, секундасына чейин талкуулап, качан гана кынтыксыз экенине көзүбүз жеткенде тарадык. 50 күндөн кийин кечки саат 11лерде ишке ашыра турган болдук "теманы". Иваныч Приднестровьеден 3 адам алып келмек болду. Иваныч "эмнеге 50 күндөн кийин?"
дейт. Ар шылтоонун башын бир айтып кутулдум. Мага ошондой кылыш аябай зарыл эле. Акчанын жоголгонун билип, изилдеп, издеп мага жеткенче кеминде 10 күн өтөт, ага чейин эгер баары жакшы болсо, Иванычтардын жардамы менен дагы бир иш кылышым керек.
Ал банкты бүтүп, тапшырып, Москванын жанында Зеленоград деген шаарга башка банкка кеттим.
"Теманы" кылар күнү эртең менен саат 10дордо Иванычтын адамдарын көрөйүн деп Москвадан жолуктук. 3 адам алып келиптир. Алар банкка киргенде жасалма сакал, көз айнек, мурутчан, кыскасы, эртеси таанылбай турган болуп кириши керек эле план боюнча. Өздөрүнүн чыныгы өңү кандай экенин билбедим, бирок 3 адам отурган экен машинада, баары тең сакалчан, мурутчан, көз айнекчен. Иваныч мени тааныштырды:
– Кирсанов деп коём, силер үчүн деле Кирсанов,- деп мени карап: – Кирсанов, буларга ишенсе болот, ал жагынан кам санаба. Кечинде ушул турган кийимдери менен киришет. Баарын түшүндүрдүм, акчаны аларыбыз менен түндөп кайра кетишет.
Кечинде ноутбук алып, кийимимди өзгөртүп, толук адамдай болуп ичиме үйлөмө жаздык ороп, көз айнек тагып банкка келдим. Саат 11ден 25 мүнөт өткөндө дүкөндөн сыра алып чыгып контейнердин артына, пайдубалга отуруп калдым. Эки селсаяк отурган экен, кууп жибердим. Контейнердин арты болгондуктан жолдогуларга көп деле байкала бербейт элем. А видеокамера ал жерди көрсөтпөйт. Банктын ичинде бирөөлөр болгондо да, айнеги сырттагыларга ичи көрүнүп, ичиндегилерге сырт көрүнбөй турган айнек болчу. Жанымда отуруп эле байкап койбосо, эч нерседен коркпосом болот. Сыра ичкен адам болуп отуруп ноутбукту кабелге уладым да, 11ден 30 мүнөт өткөндө банкоматтагы доллардын курсуна бир нөл коштум. Иваныч 3 карточкага 1500 доллар салышы керек эле. Эгер иш жакшы бүтсө, 10 эсе көп кылып алыш керек.
1 мүнөттөн кийин биринчи адам кирди. 3 мүнөттөй жок болду да, чыгып кетти. Эгер баары жакшы болсо чыгып келатып эшиктин алдында турган таштанды чакага бир нерсе таштап чыгыш керек эле. Биринчи адам тамекинин бош кутусун таштап өтүп кетти. Мен дароо доллардын курсун баштапкы калыбына коюп койдум. 5 мүнөттөн кийин экинчи адам кирип кетти, ал да чыгып баратканда таштанды чакага бир нерсе таштай өттү. 5 мүнөттөн кийин 3-адам да таштанды таштаган чакага бир нерсе таштап чыгып кетти. Ноутбукту үзүп, кабелдин учундагы разъёмду кыркып салып, кабелди тунукенин түбүнө бекитип койдум. Сырамды ичип бүтүп, контейнерге ыргытып жиберип мен да кеттим ал жерден...
Өзүмө-өзүм таң калдым, башында кичине коркуу сезими болбосо, кийин корккон деле жокмун. 500 метрдей басканда чакан автобекет бар эле, арты токой. Ошол жерде Иваныч күтүп турмак. Барсам туруптур, өзү эле экен, барпаңдап сүйүнүп алыптыр:
– Ну, Кирсанов, эгер бирөө "калмактын башы иштейт" десе ишенбейт элем. Кеттик, атасынын көрү, бир жерге алып барам, "сабантуй" кылабыз,- деп айдап жөнөдү.
– Жанагы адамдар кана?
– Егор Украинанын чек арасына алып кетти, бүгүн түндөп чек арадан өтүп кетиши керек алар. Ар бирине 100 миңден бердим. Экөөбүзгө 400 миңден тийди.
– Аа, мейли, акыры оозу бек адамдар болсо болду да. Иваныч, "сабантуйду" кой. Мен чарчадым, 2 күндөн кийин жолугалы, сөз бар. Азыр барып дем алышым керек.
– Ой, жүрбөйсүңбү, биринчи "темабызды" жуубайлыбы?
– Жок, Иваныч, ушул жерге токто, мен Зеленоградга кетишим керек, такси таппай калбайын.
Иваныч четке токтоп, акчаны бөлүп даярдап койгон экен, меникин берди. Дагы бир нерселерди сүйлөйүн деди эле, шашыла коштошуп машинадан түшүп кеттим. Көз айнек, ичимдеги үйлөмө жаздыкты, башымдагы топу, үстүмдөгү таанылбайын деп кийип алган көйнөк-шымды чечип, баарын таштандыга таштап, футболка, чолок шымчан болуп Зеленоградга такси менен жетип алдым. Акчаны эсептесем толук 400 миң экен.
Зеленограддагы банк 1 кабаттуу узунунан кеткен имаратта эле. Москвалык бир адамдын менчиги экен. Дүкөн, кафе, чачтарач жана башка ишканаларды ачып салыптыр. Биздин ишкана ошол имараттын чекесиндеги бөлмөлөрдү ижарага алып, банк кылып оңдоп жаткан. 2 орус баланы жардамчы кылып алдым. Дээрлик бардык ишти ошолор кылышты. Мен Андрей менен сүйлөшүп, "арзан иштеп берем, үйрөтсөң болду" деп ага жардам бердим. 2 күндөн кийин Иваныч менен жолуктум, өзү келиптир Зеленоградга.
– Кирсанов, эмне кылабыз, бизден эмне жардам керек?- дейт, мага биротоло ишенип алыптыр. Мен чынында бул адамдан коркчумун, эгер көбүрөөк акча болуп калса, эч ойлонбой ар нерсе кылышы мүмкүн эле.
– Эми, Иваныч, бул жолкусу кыйын болот, азырынча мага эч кандай жардам кыла албайсыңар. Банкты 2-3 күндө тапшырышыбыз керек, баары даяр болуп калды. Азырынча эч нерсе айта албайм, ошол күнү айтам.
– Эй, Кирсанов, токто, шерик болгонубуздан кийин айтышың керек, жок дегенде үстүртөн болсо да.
– Туура, бирок мындай иште, менин оюмча, сак болгонубуз жакшы. Ошол күнү айтам. Жакса макул болосуң, болбосо кете бересиң.
– Ой, эмне мага ишенбей жатасыңбы, мен кимге айтмак элем?! Мен деле түшүнөм да.
– Туура эмес түшүнүп алба, Иваныч, менин оюмча, "теманы" оңой эле кылабыз. Бирок ошол күнү айтам. Эми ошол күнгө чейин жолукпайбыз, Иваныч, мен өзүм чалам керек болсоң. Биздин бирге жүргөнүбүздү эч ким көрбөй эле койгону жакшы.
Акыры кетти, кантип айтмак элем ага?.. Ал барып кеңешейин деп Егорго айтат. Егор оозу бош, сөзсүз бирөөгө айтат, кыскасы айтышка али эрте. Акыры банкты тапшырдык.
"Теманы" аткарганга баары даяр болду. Иванычка "даярдан, 5 күндөн кийин кылабыз ишти" деп СМС жазып жибердим.
Ошол күнү эле түндөп Ошко учуп келдим. Жетимдер үйүндө бирге өскөн, эң жакын Самат деген досум бар эле. Экөөбүздү армияга чейин мамлекет багып, армиядан келгенден кийин табышып өз алдынча жашоого жолду бирге баштаганбыз. Эл катары адам бололу деп канча иштегенбиз, иштебеген ишибиз калбаган. Тагдыр экен, ал кылмыш дүйнөсүн тандады. Бир балдарга кошулуп кеткен. Түнкүсүн кеч калган жалгыз адамдарды тоноп, күндүзү эл көп жерлерде, көбүнчө базарларда "чөнтөкчү" болушат. Батирде бирге турчубуз, мени окуп жүргөнүмдө 3 жылдай бакты окшойт. Акчасын аячу эмес, канча сурасам берип турчу. Кийин окуудан бош кезде башка иш таап иштеп калдым. Мен ак эмгек менен жашайм деп окуп, кыскасы, калганын окурман билет. Ошол досума келдим, ал 3 жыл камалып чыккандан кийин кылмыш жолун таштап, азыр чоң ишкер болуп кеткен. "Кара-Суу" базарына Кытайдан товар ташып иштейт, базардын чакан 1 бөлүгү ошого карайт. Бир адамга мени дайындады, ал мага жасалма паспорт, айдоочулук күбөлүк жасатып берди. Парик кийип, мурут коюп, бетиме бир крем таап беришти, сүйкөсөм өңүмдү кара тору кылып койду. Ошол өңүм менен паспортко сүрөткө түштүм. Мени оңою менен эч ким тааныбайт эле. Эртеси жасалма паспорт менен Москвага учуп келдим.
Жарыяларды карап отуруп арзаныраак Лада 2107 жеңил унаасын сатып алып, устага көрсөтүп, акчаны аябай бардык жагын оңдотуп чыктым. Бир гаражды бир айга ижарага алып, унааны киргизип, багын чыгарып алдым. Бакты ширетүүчүгө алып барып ортосунан бөлдүрүп, бензин экинчи жагына өтпөй турган кылдырып ширеттирип, экинчи бөлүгүнүн үстүнөн кичине тешик кестирдим. Бакты машинага орноткондо бактын тешиги арткы орундуктун түбүнө келип калышы керек.
2 бала таап койдум, Кыргызстанга кете турган. Бирөөсүнүн айдоочулук күбөлүгү бар экен, айдашып кетсе бекер эле алып кете турган болуп, экинчисин да болбогон эле акчага сүйлөштүк. Түндө жолго чыгабыз деп эскертип койдум.
Акыры ошол күн да келди. Бул күн жакындаган сайын ар нерсени ойлоно берип уйкум качып, акыркы күндөрү уктай албай да калдым. 1-2 саат араң уктабасам, ойгонуп алып жата берем. Кээде ойлоном, токтотуп эле койсомбу деп.
Эртең менен саат 8де Медведково деген метронун жанында Яуза деген суунун боюнда токойлуу жер бар, ошол жерден Иваныч экөөбүз жолуктук, ал жерде адамдар шишкебек жасап эс алышчу. Иваныч менен Егор биринчи көргөндө таанышкан жок мени. Алар төртөө болуп келиши керек эле. Иваныч Егорду да алып келиптир, ойлодум эле аны албаса керек деп, кантсе да баласы го...
Уландысы бар....
Кайрат Какеев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев