Адамдын мүнөзүнө кайсы бир окуя таасир этет тура... Өзүн бул жашоонун ээси сезип алган, оюндагысы аткарылбай калса, айланасына тынчтык бербей, чырды салган иним бар эле. Ошол иним экөөбүз туугандардын жакшылыгына бир барып калдык. Мүнөзү токтоо тартып, омоктуу сөз сүйлөп калганын байкадым, бирөөнүн сөзүн бөлүп, өз оюн таңуулаган мүнөзү жоголуптур.
--- Ушу сен чын эле адам боло баштаган окшойсуң, мынча тез токтолот деп ойлобоптурмун.
Менин сөзүмдү төрдө отурган байбиче энебиз коштой кетти:
--- Туура баамдапсың, мен да таң калып отургам. Эми, туугандар мурдагыдай катташпай калдык, улам муун алмашкан сайын, алыстай берет экенбиз. Ошентсе да, мен көргөн жээним бөлөк эле, азыр такыр бөлөк го деп, байкоо жүргүзүп жаткам, сен шашып айтып жибердиң да,-- деди, күлкү аралаш.
--- Ээ, туугандар, силер эмес мен өзүм да өзүмө таң калып жатам, бирок, бир окуя таасир бергенин тана албайм. Ал кандай окуя десеңиздер, жөпжөнөкөй эле, кадимки жашоодогу боло жүргөн көрүнүш, бирок, мага негедир жүрөгүмө катуу тийди. Аялымды төрөсөң эле кыз төрөйсүң деп үйдө чыр чыгарчу элем го, апам, атам деле тынч отура албай, арачалап жүрүп, чарчашты. Ошол маанай менен ишке барам, ал жерде да тамашага деле "чарт " этип жарылып, катуу кагып сүйлөп салчумун. Дос-жарга, көчөдөгүлөргө, туугандарга да ошол эле мамиле. Бир күнү катуу ооруп, областтык ооруканага жатып калдым. Палатада менден улуураак байке менен бир жашап калдык. Күндө бирден кызы келет, алыс-жакын дебей. Үч кызы турмушта чыгыптыр. Дагы бир күнү эгиз кыздары келди, мектепти быйыл бүтүшөт экен. Атасын оңдоп-түзөп, кийимдерин алмаштырып кетишет, жети кызы бар атага суктанып коём. Аялы жумуштан бошогондо гана келип, кабар алат. Кыздарына таянат го, сыягы. Бир жумадан кийин уулу келди, ал да мектеп жашында. Жалгыз уул, 8-класста окуганы менен, бою чоң баладай, акылы жаш баладай.
Келип, атасынын ден соолугуна, кантип калганына көңүл деле бурбады.
--- Ата, мага бир аз акча керек. Өтө шашылышмын. Бере салыңыз.
--Ии, балам, канча керек?
---Бир аз эле.Эки миң болсо, жетет.
--- Балам, мен ооруканада жатам го, каяктагы акча болмок эле. Жок дегенде, "кандайсыз ата" деген сөз чыкпады го, кой уулум, эстүү бол,-- деп, сүйлөп бүтө электе эле үстүндөгү халатты жерге ыргытып, эшикти катуу жаап чыгып кетти.
Ортодогу ыңгайсыздыкты байке өзү оңдоп кетти. "Ээ, көзүн караган сайын, көкөлөйт го, жаман үйрөтүп койгом да, сураганда жок дебей" деп, жаздыгына башын койду.
-- Заманына жараша, азыр баары эле нерви жука,-- деп койдум. Өзүмдү ушул балага салыштырып, ойлоно түштүм. Ал байке ал күнү тамак да жебей, чүмкөнүп жатып калды. Эртеси сыртка басып келели деп калды. Негедир, өңү саргайып кетиптир. Анан эле, күндөй жаркылдап бир кызы келип, жаңылыктарын айтып, абалын сурап, маанайын бир аз оңдоп койду.
Кызы кеткенден кийин, байке өз башынан өткөн жашоосун сүйлөп баштады.
--- Кыз бала дейбиз, кудайым ушулардан койбосун, өтө сезимтал, боорукер, камкор болот тура. Убагында мен да ката кетиргенмин. Беш кыздуу болгондо, эл катары иштеп, жашоомду оңдоп алайын деп Россияга кеткен элем. Аялым кош бойлуу , кыздар менен үйдө калды. Жакшы эле жүргөм, кайсы шайтан жолдон чыгарды эле деп, азыр да өкүнүп калам. "Аялың эгиз төрөдү, экөө тең кыз "деген кабар жетти мага...Достор сүйүнчүлөдү. Ачуум келди. Дагы кыз төрөптүр деп...Телефон да чалбай койдум. Бир квартирада жашаган кыз бар болчу, ал менин абалымды байкап жүрүптүр. Тамагымды өзүнө кошо даярдап коёт, киримди жууп берет. Бир айга жетпеген убакта башымды айлантып, мен тарап болуп, абалым, маанайымды сурап, эбиреп-жебиреп жүрүп, жакын адамым боло түштү. Мурда көңүл деле бурчу эмес.
Көрсө, максаты башка экен...Кийин билип жүрөм.
-- Эгер, макул десеңиз, үйлөнүп алалы. Кечирим сурайм, мен сунуш айтпасам, сиз жүрө бересиз, жашыңыз өтүп кетет. Сизге эркек бала керек, аны мына мен төрөп берем. А тиги аялыңыз онду төрөсө да, кыз болот. Ишенбесеңиз, көзү ачыкка барып келели. Убакытты өткөрбөй, туура чечим кабыл алыңыз, а каршы болсоңуз, жолуңуздан ары болоюн. Сиз жакшы ата болооруңузга ишенип айтып жатам, а турмушка чыгам десем, жигиттер толтура...
Ошондо гана абдан көңүл буруп тиктедим, чын эле, аябай сулуу, келишимдүү кыз экен, сөзү да, өзү да тың. Аялыма салыштырдым. Эч кимди тике карай албаган, тыңдуу жүрө албаган бир байкуш да дедим. Тиги кыз кайсы жагынан алсам да, бийик болуп туруп алдым.
Анын акылы менен болуп, көзү ачыкка да бардык. "Ал аялың эч качан эркек бала төрөбөйт " деп салды. "Бирок, жакын арада бир бурулуш болоору түшүп жатат, Колдон чыгарба, жакшы шанс турат алдыда" дегенде эле, учуп чыктым, Азаны (өз аты Арзыайым экен)бирөө жулуп кетчүдөй болуп. ( Ал көзү ачыкты да алдын ала даярдап коюп, мени алып барган тура).
Ошол күнү эле үйлөнүп алдык. Аза
" мурда турмушка чыгып, эки эле ай жашап, кетип калгам , эки жылдан бери өзүмө тең адамды таппай жүргөм, көрсө, ал адам сиз экенсиз" десе , ишенип алганымды айтпа... А өз кыздарым кантип жашап жатканына кызыгып да койбодум. Өзүмдөн чоң эжем бир кызыңды мага бер десе, экөөнү тең ала бериңиз деп койгом.
Бирок, кыздарымдын апасы ыйлап, бере албайм дептир. Ошого да өчөшүп, "кандай баксаң, ошондой бак" деп, карабай койгонум ошондон. Аялыма чалып,
" дүнүйө берип жаткансыбай, берип коё да, кыздан коргон салат белең " дегенимчи...
Ошентип, Аза уул төрөп берди. Эч ким калбады окшойт, тааныштарымдын баарына" жууп "бердим. Үч айлык болуп калганда, айылга барып келели десем, Аза көнбөдү, бала кыйналат деп...
Мен сөзсүз барышым керек болчу, эжем өзүнө келбей жатат дешти, баласы өтүп кеткенден бери, " мени сен көмөсүң " деп жүрчү. Билет алдым. Бир досумда акчам бар эле, аны да алып алайын десем, телефондон чалуу кетпей жатты. Блоктоп койгон окшойт деп, зарядда сайылып турган Азанын телефонун сурайын десем, балам экөө уктап жатыптыр. Эч качан бирөөнүн телефонун карабаган адатым бар эле. Бул жолу урусаат сурабай колдондум. Номерин терип, " дос, акчаны зарыкканда алдың эле, эми мен зарыкканда кайтар, айылга жөнөп жатам дедим эле, сага чала албай жатам" деп, жазып жөнөтүп коюп, жооп күтүп жаткам. Дароо эле жооп келди. Бирок, башка бирөө экен. Кызыгып окудум, башка телефондон чыгып жатат окшойт деп. " Копия го" деген СМС... Жогору жылып, окуп баштадым. Кечинде жөнөткөн сүрөт, баламдын сүрөтү...Менин качан кете турганым жазылыптыр. "Үч айлык болуп калды балаң, уят эми, көрүп кет ээ, жакында балаң экөөбүз эле калабыз, сагынып да кеттим " деп Азанын жазганына жооп эми келиптир...
Титиреп кеттим. Демек, "балаң жети айлык болуп төрөлүп калды " дегени да калп экен.
Атасы бөлөк турбайбы...
Ошол маалда эшик кагылып калды, баягы акча алган досум келиптир, акчаны бергени. Көрсө, телефону жоголуп, байланыша албай калган экен. Оюма бир нерсе келди. "Квартираңа бир сумка батабы, менин калган буюмум сенде туруп турсун" десем, таң калды. Дароо колго кирген кийимди салып, кармата койдум. Номеримди жазып берип, анан кенен отуруп, түшүндүрөм деп койдум.
Акылым чачылып, өзүм түтөп, өрттөнүп кеттим. Калчылдайм, сага чала деп коём .
Чындыкты билдим. Мына, сага жаза деген ушул болот деп, баамы жок өзүмдү тилдеп жаттым. Тактаган менен пайда жок, демек, боюнда болуп калып, бирок, төрөгүсү келип, мени бетине кармаган экен да... Телефонун тазалаганды үйдөгү идиш, кийимди жууганды унуткандай, унутуп калса керек. Ошонусу жакшы болуптур, болбосо, балам бар деп жүрө бермекмин да. Өзү да мурдагы Аза эмес, аябай өзгөргөн болчу. Бала менен чарчап жүрөт деп койчумун. Коштошпой, жаман сөз да айтпастан чыгып кетишим гана керек болуп калды. Үйдөгү керекке иштетип турасыңар деп калтыра турган акчамдан тыйын да калтырбай алып, чыгып кеттим . Күтүү залында отурсам, чалып калды.
--Каяктасың, кетип калдыңбы? Кеттим деп койбойт белең...( менден он жаш кичүү, дароо эле сен деп алган)
--- .....
--- Акчаны таппай жатам, башка жакка койдуңбу?
--- Акча керек беле, үйдө баары бар го?
Же мейман келеби, көптөн бери сагынып жүргөнүң...Баласына көтөрүп келет да, үч ай болсо да, көрө элек экен.
---......
Өчүрүп койду. Телефонун карап жатат деп түшүндүм. Кайра чалбады. Актанбады.
Кечээ эле экөө мен жокто кыйналып калбасын деп, керетүүсүн алып, чуркап жүргөм. Бүгүн эстегим да жок, жашоо ушундай тездик менен өзгөргөнүнө таң калып, ошондо гана кыздарымды эстедим.
Тезирээк эле жетким келип турду. Мени ушул абалымдан кыздарым чыгара тургандай болуп...
Мекениме жеткеним менен, үйгө бараткан жол азап болду. Кайсы бетим менен үйгө кирем деп. Эч кимге кабар берген эмесмин, тосуп алган деле адам жок дегеним го. Үйгө жетип, эшикти ачып кире албайм. Ушул абалдан чуркап чыккан кыздарым сууруп чыгып кетти, чуркап келишип, мойнума асылып, өпкүлөп жатышат, таарыныч эмес, сагыныч эле бар экен, эгиз кыздарым гана менден оолак болуп, туруп калышты. Көрө элек да мени.
-- Ата келди, баргыла ,-- деп, аялым экөөнү мага жакындатып койду. Баары бир өз канымдан жаралган да, быйтыйган колдору менен бетимди сылап жатышты. Жүрөгүм жарылып кете жаздады, кучактап алып, ыйлап жаттым. Көздөрү тим эле бажырайып, өзгөчө сулуу болуп төрөлүшүптүр. Эжеме берип кой деп айтканым эсиме түшүп, уялып турдум. Кыздарымдын апасы да ыйлап жатты, ошол көз жаш менен таарыныч кошо чыгып кетти өңдөнөт, менин кийинки жашоом жөнүндө оо кийин да ооз ачып, сураган жок. Кыздарымды карап, ыйлап жаттым, аябай жупуну, эскилиги жетип, өңү билинбей калган кийимдер менен, таарынычы жок, таза сезимдер менен периштедей болуп турушту. Дароо эсиме келдим, "базарга кеттик" дедим. Жолдо баратып, "силердин канча чоңойгонуңарды
билбей, кийим туура келбей калбасын деп, эч нерсе албадым. Азыр өзүңөргө жакканын алгыла, каалашыңарча ээ" деп, актанып бараттым. Байкуш кыздарым аз убакыт болсо да жетишпестик азабын тарткан да, кийим алып жатсак да, " акчаңыз жетпей калбайбы?" деп коюшат.
Эмнеси жок экенин апасынан сурап, толуктап алып бердим. Паркты айлантып, ойноп күлүштү, улам чуркап келип, мени карап коюшат. 'Ата- оов, кетип калбаңыз" дешип....Жүрөгүм тилинип кеттим, өзүмдү тилдеп... Үйгө келип, жаңы кийимдерин мактанып бүтүшпөйт, айрыкча, кичинекейлерим үчүн эртеси дем алыш болуп, мектепке барбай калганына иштери ачышып жатышты. Бир күн бир жылдай сезилип кетти окшойт. Кантсин анан, жаңы кийимди эми кийип жатышат да, акылы жок атанын күнөөсү тоодой экенин кайдан билсин.
--- Адинин атасы күндө алып барат мектепке, сиз да алып барасызбы?,- деп чебелектейт, быйыл мектепке барган кызым.
--Ооба, кызым, сөзсүз алып барам.
--- Ата, сиздин башка жакта балаңыз барбы?
Үстүмө бир нерсе кулап түшкөндөй боло түштүм. Чоң кызым колунан жетелеп, алып кетти. Сөзүмдү таппай турам, илгери апам айткандай, " Жолоочуну ээрчип ит өлөт" болдум, аны кантип актанып, кантип түшүндүрөм. Эгиз кыздарымдын оюнчук талаша кеткен чыры мени туңгуюктан сууруп чыгып кетти.
--- Жүргүлө, экөөңө окшош кылып алып берейин,- деп, жетелеп чыгып кеттим. Бул суроо кайра берилген жок, демек, кыздарым бири-бирин тарбиялап коюшту деп түшүндүм.
Ошентип, бир жылдай айылда жүрдүм, үй-жайды оңдоп түзөдүм. Кыздарымды окуталы, ага чейин бир аз иштеп келейин деп чечтим. Кудай мага уул берди, жөн эле учуп жүрөм, кудайга ыраазы болуп. Ушул балама илинип, алыска барып иштегим да келбей калды. Кыскасы, баламды өзүм тарбияладым, жыйынтыгын кечээ көрдүң.
Жашоодо бир адаштым десем, тарбиядан да адашкан экенмин. Эми, баламды кантип оң жолго салам деп, баш оорутуп жатам, катуу айтсам, өз кемчилигимди бирөөдөн угуп, өзүмө кайра сөздөн ок жасап алабы деп да жүрөм. Кыскасы, жашоо чыйырың өзүңө ар түрдүү бурулушту даярдап турат экен, андыктан, кызыңа, аялыңа, уулуңа сөзүң кыска болбогудай из калтырып жашоо бизге парз турбайбы. А кыз бала деп чангандарды өзүмө окшош акылы жоктор деп калдым. Алардын бул жашоодогу орду айтып бүткүс, кудайыма миң мертебе ыраазымын, ушунча периште тартуу кылганы үчүн, а балам эсен эле болсун, анын эркелегенин азыр көтөрө алчудай эмесмин, эми кыздарым менен кеңешип, биргеликте кайра тарбиялайт окшоймун. Мурда " балага тийишпегиле, азыр кичине " деп жүрчүмүн, а көрсө, өзүм күнөөлүү экенмин баарына, -- деп, аябай капа болду эле.
Ошол күндөн баштап, мен да өзгөрө баштадым, мына, болгону ушул. Азыр кыздарым да таң калат, аялым апама айтат экен," балаңызды мурда эле жөнөтүп, дарылатып койсок, ушинтип тынч жашамак экенбиз" деп. 😊Мага ошол байке туш келип, анан , бир аз оңоло түшкөнүмдү эч кимге айтпадым эле, бүгүн айтпасам болбойт. Дагы бирөөгө сабак болуп калабы дегеним,- деп, иним өзү айтмакчы, " ийгилик сыры" менен бөлүштү.
Жашоо ушинтип бирөөнү жанындагы адам менен, бирөөнү оору менен, дагы ким бирөөнү азап менен тарбиялап коёт тура. А негизи, кыз баланын ата-эне үчүн толгонуусу өзгөчөрөөк болоорун байкап, көрүп эле жүрөбүз. Кыз төрөптүр деп капа болуп албай, кудай мага периште бериптир деп кубансак, ошол периште бейишке себепчи болуп калаарын эстей жүрсөк жакшы болмок.
ҮСӨНБАЕВА ФАРИДА
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5