Зайтун (оливка) майын табигый дары катары эсептесек болот. Себеби, ал жүрөк оорусунун, инфарктын, инсульттун алдын алууга жардам берет. Көп майлардай эле зайтун майынын курамында холестерин жок жана анын өлчөмүн кандан азайтат.
Бул майдын пайдалуу жактары абдан көп: ичеги карынга, өткө, боорго пайдалуу жана ашказандагы жана он эки эли ичегидеги жараттардын айыгуусуна жардам берет. Зайтун майын геморрой оорусунда колдонууну дарыгерлер сунушташат. Ич катып ооруганда зайтун майынан бир чай кашыктан ичип турган жакшы. Анын үстүнө зайтун майы тазалоочу касиетке ээ. Ошондуктан аны дайыма колдонуп туруу, өттөгү жана башка жерлердеги пайда болгон майда таштардан арылтат.
Зайтун майынын касиети
Бул майдын курамы Е витамини жана антиоксиданттарга өтө бай болгондуктан жашартуучу касиетке ээ. Аны дары жана косметикалык каражат катары туура колдонгондо, адамдын жүзүндөгү бырыштар жазылып, сыйдам, чың, чоюлчаак, жаш болуп калат. Бул касиет беттин көп убакытка чейин жаш жана чоюлчаак болушуна кам көрөт. Ошондуктан бул май балдар, улгайган адамдар, аялдар жана жаштыгын узарткысы келген каалоочулар үчүн сунушталат.
Кургак тери
Териси кургап кыйналгандар үчүн зайтун майы жакшы жардамын көрсөтөт. Анткени, анын курамындагы кургак териге пайдалуу Е витамини нымдуулугун жоготуп жиберген клеткаларды азыктандырып, жумшартып, кургак териге пайдалуу, керек азыктарды берип турат.
Диеталык азык
Зайтун майында адамга керек баардык витаминдер, микроэлементтер жана керектүү азыктар бар болгондуктан адамдын организми аны сүйөт. Жаныбарлардын майларынан айырмаланып адамдарга бир топ эле пайда алып келет. Айта турган болсок атеросклерозду, жүрөк жана муун ооруларын, холестериндин организмден чыгышын, тамак сиңирүү органдарын дарылоодо, сөөктөрдү чыңдоодо пайдалуу. Зайтун майынын курамына кирген пайдалуу кислоталар организмге керек. Ал эми көп өлчөмдөгү олеин кислоталарынын жардамы менен адамдын организминдеги ашыкча майларды иштеп чыкса болот. Ошондуктан зайтун майын диеталык азыктардын катарына киргизебиз.
Курамы пайдалуу кислоталарга бай
Бул май иммундарды жөнгө салуучу касиетке ээ. Майдын атеросклерозго каршы касиети анын курамында биологиялык активдүү заттар бар экенин түшүндүрөт. Ооруну басаңдатуучу жана суукка каршы таасирди берет.
Курамындагы башка пайдалуу кислоталар организмден холестеринди мыкты чыгарат жана башка өсүмдүк майларына караганда бир топ пайдалуу.
Артериалдык кан басымды, ошондой эле ар кандай жараларды айыктырат.
Зайтун майы менен дарылоо
Адамдын ичи катып, заң таштары менен жабыркаганда: чийки жумуртканын сарысын жана 3-4 чай кашыгы менен зайтун майын 1 стакан жылуу сууга кошуп аралаштырабыз. Бул тазалоочу каражат клизма үчүн колдонулат. Ошондой эле ал эс алдыруучу каражат катары да колдонулгандыктан аны дайыма эртең мененкисин 1 аш кашыктан ачкарын ичиш керек. Артынан бир аз лимондун ширеси кошулган 1 стакан жылуу сууну ичип коюш керек. Андан кийин жатыш керек.
Чачка кам көрүүдө зайтун майынын пайдасы
Жарым пияла балга бир пияла зайтун майынын төрттөн бир бөлүгүн кошуп (эгер чачыңыз майлуу болсо, анда 2 кашык зайтун майын гана сүйкөңүз) маска жасайсыз. Чачка сүйкөгөндөн кийин дароо баш кийимди кийип, үстүнөн сүлгүнү ороп 20-30 мүнөткө коюш керек. Эгер бал жок болсо масканы жалаң зайтун майынын эле жасай берсе болот. Чач кургап, өңүн жоготуп, какач болуп кеткенде жакшы таасирин берет.
Чачтын учтары гүлдөп кеткенде
Чачтын учтары гүлдөп кеткенде: зайтун майын чачтын тамырларына тийгизбей дарылаш керек. Аны үчүн 2 кашык зайтун майын жылытып, ага 1 аш кашык уксус, 1 жумуртка кошуп алсак маска даяр болот. Бул масканы чачтын учтарына сүйкөп 30 мүнөт коёбуз.
Зайтун майы аркылуу чачты жалтыратуу
1 жумуртканын сарысын, 1 аш кашык зайтун майын, 2 аш кашык лимон ширесин, 6 литр пивону аралаштырып, аны менен чачты жууйсуз. Эгер чач алсыз, ичке, кургак болсо: 70 грамм зайтун майы, 150 грамм ром кошуп, аралашманы түнү бою чачка коюп, эртең менен жылуу суу менен жууп коюш керек.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7