(66-бөлүм.)
Абазовдун сүйүнүчүн айтпа,кы-
зы менен кучакташа,ушундан ар-
тык бакыт барбы,мына максатыңа
жеттиң,деп,кайра кайра кубанычын
жашыра албай,кеттик үйгө,Аринуш-
каң да сарсанаа болуп олтурат деп,машинага олтурушту.Айжар-
кындын күтүүсүздөн бой ташташы
Абакирдин жүзүнө нур уялатып,
өзү да кызарып уялып,тике карай
албайт эч кимди.Айжаркын жакын
адамындай көрүп,сүйүнүп кучакта-
ганын эрөөн алган жок,ал эми Аба-
зов болсо,кызынын Абакир менен
сүйлөшүшүнө каршы эмес эле,төрт
жыл бою айдоочусу катары кызмат
кылып,уулундай эле болуп калган.
Аринушка столдун үстүн конок
күткөндөй даярдап,күтүп олтурган.
Эттүү пловдун жыты буркурап,шам-
пан ачылып,Айжаркынга деген каа-
лоо тилектерди айтышып,бир топ-
ко олтурушкан соң,Абакир кетүүгө кам урду.
-Эртең Абакирдин диплом коргой турган күнү,буюрса барып
калабыз деген Абазов,машинаны
минип кете бер,биз эртең такси менен барып,кайра чогуу келебиз
десе:-Ата,балким анын башкача пландары бардыр деп,күлүп койду.
-Башка,эч кандай планым жок
деген Абакир,Абазовдун ачкычын
албады:-Мен өзүм эле жетип алам,
таксиси жок эле,айдап бара бери-
ңиз деди да,жылуу коштошту.
Абазов эмнегедир Абакирди
мактап ат кирди эле:-Ата,жүз мактасаңыз да,бул мага жакпайт,
чечкиндүү эмес,нымтырааап турат
деген кызынын сөзүнө,ал жыргап
күлүп:-Жакшы көргөн адамдын ал-
дында,баары алсыз деди,жыл-
майып.
Эртеси политехникалык институттун алдынан ак розалар-
ды көтөргөн Айжаркын Абакирди
күтүп,гүлүн сунуп,бетинен өөп алды
да:-Ии,дагы бетиңизди ала качып,
уялып койбойсузбу,кечээ сизди көрүп,сүйүнүп кучактасам,аз жер-
ден түртүп жибере жаздадыңыз го,
дегенде Абакир кыпкызыл болуп,
жооп кайтара албады.
Рульга өзү олтурду да:-Үйдө
апам күтүп жатат агай,биздикине
баралы деп,Орто-Сайды көздөй ай-
дады.Абакир апасы экөө гана туру-
шат бул үйдө,немецтердин төрт бөлмөлүү чекчейген тамы,огород
жайы кенен,жүзүмдүн эле төрт-беш
түрү салаалап бышып,шилекейиң
агат.Узун столго тамак-аштын түрүн коюп,күтүп олтурган экен,энеси.
(Уландысы бар.)
ХАНИФА САДЫКОВА
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев