✍🏻 Курман айт күнү курмандыкка эркек-ургаачы төө, бука, уй, эркек-ургаачы буйвол, кочкор, соолук кой, теке, эчки сойсо болот. Бул аталып кеткен малдан бөлөк эч кандай малдын түрү курмандыкка жарабайт.
Майда мал (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Кара малды курмандыкка, бир адамдын атынан да жана бир нече (эң көбү жети) адамдын атынан да союуга болот. Мисалга бир нече киши чогулуп, бир уйду курмандыкка союу ниети менен сатып алууга уруксат. Эгерде ушул чогулган адамдардын арасынан биринин гана ниети курмандык эмес, башка максатта болсо, кылынган курмандык Алла Таала тарабынан бир адамдан да кабыл кылынбайт.
Бир уйду курмандыкка жети адам сойсо болот, сегиз адам болсо, курмандык кабыл кылынбайт. Ар бир адамдын курмандыкка союлган малдагы үлүшү жетиден бирден кем болбоого тийиш, эгер андан аз болуп калса, мындай курмандык жараксыз болуп калат.
Курмандыкка катышкан адамдын бир нече үлүш алуусу мүмкүн. .
📍КУРМАНДЫКА СОЮЛА ТУРГАН МАЛДЫН ЖАШЫ КАНЧА БОЛУШ КЕРЕК?
Төөнүн (эркек, ургаачысынын) жашы беш жаштан; бука, уйдун, буйволдун (эркек, ургаачысынын) жашы эки жаштан; кочкордун, соолук койдун, теке, эчкинин жашы бир жаштан кем болбоого тийиш. Бирок алты айлык козунун көрүнүшү чоң болуп, бир жаштан кем эмес көрүнсө, анда курмандыкка жарайт. Бул козуга гана тиешелүү.
📍КУРМАНДЫККА КАНДАЙ МАЛ СОЮЛАТ?
Курмандык чалуу ибадат болгондуктан, курмандыкка чалынуучу мал эттүү, эч кандай майыптыгы жок болууга тийиш. Төмөндө курмандыкка чалынуучу малдын курмандык кылууга жарай турган жана жарабай турган айыптары көрсөтүлөт:
📍1.Эгерде курмандыкка чалына турган мал толук сокур, же бир көзү сокур болсо, же көздөрүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү көрбөсө анда ал мал курмандыкка жарабайт. Көзү чалыр мал курмандыкка жарайт.
📍2.Курмандыкка чалына турган малдын мүйүздөрү түбүнөн омкорулуп алынган болсо, курмандыкка жарабайт, бирок, мүйүздөрү жарымынан сынган, же тубаса токол мал болсо, курмандыкка жарайт.
📍3.Курмандыкка чалына турган малдын тиштеринин көбүрөөгү, же таптакыр жок болсо, андай мал курмандыкка жарабайт. Бирок тиштеринин көпчүлүгү бар болсо, жарайт.
📍4.Курмандыкка чалына турган малдын мурдунун, же куйругунун үчтөн бир бөлүгү кесилген болсо, андай мал курмандыкка жарабайт, бирок үчтөн бир бөлүгүнөн азыраагы кесилсе, жарайт.
📍5.Курмандыкка чалына турган малдын тили чөп чайнай албай турган деңгээлде кесилген болсо, анда мындай мал да курмандыкка жарабайт.
📍6.Курмандыкка чалына турган малдын кулагы тубаса жок болсо, же үчтөн бир же андан көбүрөөк бөлүгү кесилген болсо, же кулагы узунунан, же түбүнөн айрылып салаңдап турса, анда мындай мал да курмандыка жарабайт. Бирок кулагы тубаса кичинекей болсо, анда жарайт.
📍7.Курмандыкка чалына турган мал чолок болуп, үч буттап калса, анда мындай мал курмандыкка жарабайт. Бирок бир бутунан аксап басууга жараса, же бутунда жара же басылган эн тамгасы болсо, анда жарайт.
8.Курмандыкка чалына турган котур мал курмандыкка жарайт, бирок котурлугунун себебинен өтө арык болсо, андай жарабайт.
📍9.Курмандыкка чалына турган мал өтө алсыз болуп, курмандык чалына турган жерге өзү басып бара албаса, анда курмандыкка жарабайт.
Курмандыкка чалына турган мал көк мээ болуп, өзү тоюттана албаса, мындай мал да курмандыкка жарабайт, бирок өзү тоюттана алса, анда жарайт.
Курмандыкка чалына турган малдын жүнү кыркылган болсо, курмандыкка жарайт.
12.Курмандыкка чалына турган малдын жогоруда аталган кемчиликтеринин бирөөсү, аны сатып алгандан кийин пайда болсо, анда тартип мындай, эгерде курмандык чалуучу адам кедей (мындайча айтканда, ага курмандык кылуу важиб эмес) болсо, ага ал малды союуга болот. Бирок курмандык кылуучу колунда бардар (нисабга ээ) адам болсо, ал бөлөк мал алып курмандык кылууга тийиш.
📍13.Эң жакшы курмандык малы болуп, бычылган, көрктүү жана дени сак мал эсептелет.
꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂
⠀
Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻
⠀
📲WhatsApp:
⠀
📲+996700334493
⠀
+996 778 531 798
⠀
══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy ☪ Fb.com/Formulasy ☪ T.me/formulakg ☪ Youtube.com/FormulaMediaKG ☪ Instagram.com/Formulasy ☪ WWW.FORMULA.KG
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев