Бүгүн жаштарыбыз ынтымакка, биримдикке суусап турганына дагы бир жолу ынандык. Негизи эле айылдан шаарга келгенде айылдын баркы билинет эмеспи. Алардын ичинен өзгөчө студенттер ар кайсыл региондон келген жаштар менен бир жерде окугандыктан айылың тууралуу сөз болсо эле мактанып жатып каласың. Анан азыркы учурда бардык эле региондордун өзүнчө ынтымактары бар. Бирок ушул убакытка чейин Ак-Таала районунун элинин башын бириктирип алдыга сүрөп кеткен эр азаматтар, улан-кыздар жок болуп жатканы бизди өкүндүрчү. Болсо дагы бир айылдын же бир кызыкчылыктын тегерегинде жолугушчу. Бүгүнкү жолугуушуга 18 айылдан тең келип, биргеликте ынтымакта бөлүнбөй жалпы районубуз үчүн ар тармактуу жакшы иштерди алып баралы деп бир идеянын алдында жаштар биригишти. Жолугушуу жөн эле кур сөздөн, кооз сүйлөөдөн алыс болуп, жакынкы арада аткарыла турчу төмөндөгү иш пландар бекитилди:
1) Ак-Талаа районун бардык тармагын камтыган сайт жакынкы күндөрү ишке кирет (долбоордун автору Чыңгыз Сүйүнбек уулу)
2) Ак-Талаа районун жакырчылыктан чыгаруу боюнча «Бир сом» долбоору иштелип чыккан, бул жолугуушуда талкууга коюлду. Жакынкы күндөрү районубузда түшүндүрүү иштери жүрүп, андан соң ишке ашырылат. (долбоордун автору Арслан Байгабылов)
3) Мектеп окуучулары, мугалимдер үчүн «Мектебим менин эсимде» аттуу долбоор иштеп баштады. Бул долбоордун максаты окуучуларга жана мугалимдерге ар кандай семинар, тренингтерди уюштуруу. (долбоордун автору Бакай Акылбеков)
4) Ак-Талаа районунун окуучуларынын туура кесип тандоосуна багыт берген «Билим кербени» аттуу долбоор апрель айында районубуздагы 18 мектепте тең өткөрүлмөй болду. (долбоордун автору Гүлина Турганова)
5) Ак-Талаа районуна Нуржигит Кадырбеков, Гапыр Мадаминов баш болгон коноктор менен апрель айында мекеме жетекчилери, мугалимдер, окуучулар жана жалпы эл менен жолугуушу уюштурулат.
6) Ак-Талаалык студенттердин «Дебат клубу» түзүлмөй болду (авторлор Дайырканов Нурболот, Айбеков Байгелди, Абдиев Анарбек, Атай уулу Сыймык).
7) Кѳчмѳндѳр оюнун колдоо максатында районубуздун жаштары ыктыярчы болуп катышмай болушту. Жана ѳкмѳттүн «Таза жашоо» программасынын алкагында бир топ иштерди аткаруу пландалды.
( уюштуруучу Бакыт Жаркынбек уулу)
8) Студенттер жайкы каникулду пайдалуу ѳткѳрүү максатында чет-ѳлкѳлѳргѳ барып каражат табып келүү боюнча сунуштар айтылды (уюштуруучу Айнура)
9) Жакынкы күндѳрү Ак-Талаанын камчыга сап жигиттеринин бири Бекжан Шыгаевдин «Мен ким болом» аттуу китепчеси жарыкка чыгат. Китепте мектеп окуучулары жана студенттер үчүн мыкты маалыматтар камтылган
10) Ак-Талаанын акыл карачач кыздары дагы районубузга ар тараптуу салым кошуу, кыздарга арналган ар кандай иш-чараларды уюштуруу максатында биригип жатышат. Сиз дагы кошулсаңыз болот (уюштуруучулар Нурзат Абдыжапар кызы, Адинай Керимова)
Жана башка бир топ сунуштар талкуулар болду. Жакынкы күндѳрү күбѳ болосуздар...
(АК-ТАЛАА БИРИМДИГИ)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев