Албуут Ханум
1-бөлүм
Ысымымдан улам мени башка улуттан го деп ойлогондор көп. Анын үстүнө «адамдын ысымы тагдырына чыйыр алып берет» деген сөздүн чындыгындай, кашы-көзүм капкара, өңүм буудай ирең болуп турса, башка улуттагы кыз деген кабыл алууларды ансайын бекемдеп салгандай. Бирок, мен өз улутумдун эле кызымын. Атымдын кандайча Ханум болуп калганына кызыксаңар, айтайын, апамды Ханум аттуу башка улуттагы аял төрөткөн экен. Толгоосу оор болуп төрөтканага барган апама ал акушер аял жумшак мамиле жасап, жан-алакетке түшүп, аман-эсен көз жардыртыптыр. «Баа» деп ыйлап, бакырып түшкөн ымыркайдын, демек, менин киндигимди да Ханум кесиптир. Ошондо эле апам көзүн ачып-ача албай атып, акушердин ысымын сурап, «Кызымдын атын Ханум коем» деп убадалаптыр. Атамдын каршы болгонуна карабай, көшөрүп атып, мага ата-бабам билбеген ысымды ыйгарыптыр.
●●●
Балалык кезден эмне эсте калды? Кадимки көп сандаган балдардай эле күндүз оюндун кызыгына кирип, үй бетин көрбөй чоңойдум. Алты жашка чыкканымда менин кичинекей жүрөгүмө бүлүк түштү. Апам менен атам ажырашып кетишти. Ажырашканына эмне себеп болгонун ал убакта билчү эмесмин, кийин бойго жеткенимден кийин гана өз көзүм менен көргөн окуянын айынан ата-энем эки башка жолго түшкөнүн билдим.
Адаттагыдай эле көчөдө өзүм теңдүү балдар-кыздар менен чурулдап, ойноп жүргөм. Апам келатыптыр. Алдынан тосуп чуркадым. Мен үйдөн эки-үч көчө ары жакта ойноп жүргөндүктөн, келаткан апамды мени чакырганы келди деп түшүндүм. Башка учур болсо, апамдын карааны көрүнгөндө тескерисинче, алып кетип калбасын деп балдардын артына жашынат болчумун. А азыр курсагым үзө тартып, май сыйпалган нан көзүмдөн учуп тургандыктан, өзүм апама чуркадым. Апамдын кабагы салыңкы экен, колунан кармай калган мага анчалык көңүл деле бурбады.
– Апа, курсагым ачты, – дедим колунан тарткылай.
– Ачса мени же! – деди апам орой. Ыйлап жиберчүдөй ээгимди эмшиңдеттим.
– Бар, балдар менен ойной берчи! Мен азыр бир жерге барам, келатып ала кетем, анан үйгө барып сага тамак берем, – деди апам менин ыйлачудай өңүмдү көрүп, бир аз жибий. Бир көгөрсөм, мени оюмдан кайтаруу кыйын. Башымды чулгуп, апамдын колун колумдан чыгарбадым. Көктүгүмдү билген ал да суранычын кайра кайталабады. Кудум эле мен жанында жоктой, үн-сөзсүз өз ою менен алек боло кете берди.
– Апа, кайда баратабыз? – деп сурадым, жооп болбоду.
– Апа дейм, момпосуй алып берчи? – дедим дүкөндүн тушуна келгенде. Бул сапар да жооп кайтарылбады.
– Чарчап кеттим, көтөрчү, – дегенимде гана апам ачуулуу карады.
– Ардемени айта берсең калтырып коем. Бар, анда балдарга бар да ойной бер. Мен да чарчадым, көтөрө албайм. Момпосуй алганга акча жок!
Ушуну менен менин да үнүм басылды. Апам экөөбүз буйтка жолдорду аралап өтүп, бир үйдүн алдына келдик. Бул айылдан бир кыйла обочо жайгашкан, чатыры жок, чакан үй экен. Апам каалгага барбай, тамды айланып өтүп, терезеге жакындады. Мени акырын «дымыңды чыгарба» дегенсип, сөөмөйүн эринине такап койду. Терезеден бир топко шыкаалады. Бери бурулганда көзүндө жаш менен каар турганын байкадым. Артынан тепеңдеп чуркаган мага да көңүл бурбай, эки аттап эле каалгага жетип, катуу булкуп алды. Ичинен илинген илмек катуу күчкө чыдабай мыгынан чыгып кетти. Апам үйгө кирди, артында мен да бармын. Үй эки гана бөлмө экен, биринчиси бут чечкич, андан кийинкиси чакан. Жерге жая салынган төшөктө бир аял менен… атам жатыптыр! Жыпжылаңач болгон аларды таңыркай караган мени апам көзүмдү жаап, артыма буруп, сыртка түртүп чыгарып салды. Ошону менен босогодо добуштарын гана угуп отурдум.
– Бети жоктор! Чак түштө… уят деген жок экен силерде! – деген апамдын ачуулу добушу угулду.
Атамдан үн чыкпады. Шытырап аткандан улам алардын кийинип атканын гана байкадым. Апам дагы көп сөздү айтты, «Экинчи көзүмө көрүнбө, баладан айланган акмак. Балаң көрдү ушул кылыгыңды. Эми ага кантип түшүндүрөсүң бой жеткенинде», – деди да атырылып сыртка чыкты. Мен жакты карабады, арыштап басып чоң жолго бет алды. Мен артынан чуркадым. Ошентип, бирибиз артта, бирибиз алдыда болуп, үйгө жеттик. Демейде, эрке кыялы бар мен бул сапар кандайдыр бир жаман иш болгонсуп, чарчаганыма да кайыл болуп, апама эч нерсе дебей келдим. Десем эле, шак этип алаканы жаагымда ойноорун жакшы билип турдум да.
Апам кийимдерди салыштырып баштады. Меникин анан өзүнүкүн. Чоң баштыктарга кийимдерди салып бүтүп, чыны-чайнектерге киришти. Босогодо анын ар бир кыймылын карап отуруп, тажап, балдарга кошулуп ойноого сыртка чыктым. Курсагымдын ач экенин да унутуп калгансыдым. Канча ойногонумду билбейм, бир убакта тайкем келди.
– Эй, кара, – деп алыстан кыйкырды, – Бас бер, кеттик!
Мен тайкемди анчалык жакшы көрчү эмесмин. Дайыма «кара, шакмар» деп шылдыңдап, кээде чымчып да жиберчү. Ошондуктан, «барбайм» деп баш чайкадым. Аныма көнбөдү, көтөрүп, тыбырчылаткан бойдон үйгө жөнөдү.
Үйгө келсек, короодо топураган эл көп экен. Таенемдер апам экөөбүздү алып кеткенге келишиптир. Улуулардын сүйлөшкөндөрүнүн бирин түшүнсөм, бирин түшүнбөдүм. Узакка созулган ызы-чуудан кийин жүктөрдү машинеге жүктөп, жолго чыктык. Атамды деле көрбөдүм, ал жок экен. Кыязы, ызы-чуудан качып кеткен го. Атам менен коштошо албай, таеке журтума келдим. Андан кийин атам артымдан бир да издеп келбеди. Башында ага болгон сагынычым акырындык менен жек көрүүгө айланды.
И баса, менин дагы бир эсимде калган нерсе – там-туң баскан бөбөгүм бар болчу. Апамдын курсагы чандайып, машинеге белин кайкалатып, көзүнүн жашын буурчактатып ыйлап араң түшүп кетип, анан бир канча күндөн кийин ак одеалга оролгон бөбөктү көтөрүп келгени да элдир-селдир эсимде. «Жети айлык болуп төрөлдү, аман болсун. Амантур коелу», – деп чоң энемдин айтканы да эсимде. Бирок, таенемдин үйүнө апам менен мен эле келдим. «Бөбөгүм кайда?» – деп эки – үч курдай сурагам, «Ал сенин бөбөгүң эмес болчу, Жанаттын бөбөгү», – деп коюшкан. Жанат – атамдын инисинин кызы. Мен да «ии, Жанаттын бөбөгү турбайбы», – деп ынанып кала бердим.
Таенемдин үйүндө апам экөөбүз он жылдай жашадык. Апам бала бакчада тарбиячы болуп иштеп жүрдү. Мен мектепте окуп аттым. 7-классты бүтөөр жылы жайында апам турмушка чыкмай болду. Коңшу айылда жашаган аялы каза болуп калган, узун бойлуу, кең далылуу келишимдүү киши жуучулукка келиптир. Ага апамдын да көңүлү тартып, макулдугун берген экен. Ошентип, биз коңшу айылга көчүп бардык. Мени, албетте, апам жанынан эч кайда чыгарбайт болчу.
Ал убакта боюм өсүп, көкүрөгүм чыгып, селки түспөлүнө жакындаша баштагам.
Мен эрте чоңойдум. Атамды тартып, сөөктөрүм чоң, боюм узун болгондуктан он эки – он үч жашымда тааныбаган адамдар бойго жеткен селки катары кабыл алып алышчу. Көкүрөгүм эрте чыкты. Биринчи ооруп, кызарып, көмкөрөмөн жата албай калдым. Бирөө-жарымдын колу байкоосуз тийип кетчү болсо, көзүмдөн от чагыла түшөт. Анда, болгону 3-класстын окуучусу элем да, менин эмчегим өсүп калаарын ким ойлоптур дейсиң. Бир күнү таенем эки колум менен боорумду басып жүргөнүмдү байкап калыптыр.
– Ай, кыз, бери келчи, эмне эле бүрүшүп калгансың, – деп жанына чакырды.
– Мына бул жеримде бирдеме дөмпөйүп оорутуп жатат. Колум менен кармасам катуу, – дедим мен майкамды өйдө көтөрүп.
Таенем абдан үңүлүп карады. Көзү жетпей калды окшойт, колумдан жетелеп, сыртка чыгып, короодогу алма бактын түбүнө отура калып, дагы карады. Анан таңыркай башын чайкап, ары жактан келаткан апама кыйкырды.
– Зейнеп, кызыңды дарыгерге алып барбасак болбойт окшойт.
– Эмнеге?! – апам чоочуп кетип, эки аттап эле жаныбызга жете келди.
– Кара, көкүрөгүндө дөмпөйүп бирдеме чыгып калыптыр.
Апам карап, таенеме таңыркай тигилди. Ал да апамды бир топко тиктеп турду. Экөө сыртка чыгарышпаган ойлорун ичтеринен түшүнүштү окшойт.
– Эмчеги өсө турган деле маалы боло элек эле… – деп койду таенем акырын. Апам да аны туура көргөнсүп, башын ийкеди. «Эмчеги!» Бул сөз кулагыма шак эте калды. Коңшубуздун бойго жеткен кызы бар эле. Эмчеги да өтө чоң. Тезирээк басса «бийлеп» жиберет, ошондон уялабы маалкатып, каалгып басат. Узун чачын өрүп артына таштап, көкүрөгүн аста кыймылдатып келатканы мага укмуш кызык көрүнчү. Эртерээк эле мен да бой жетип, көйнөгүм көкүрөгүмдү тиреп турганын каалачумун. Ошондуктан, таенемдин сөзү мага майдай жакты. Акырын алардын жанынан алыстап кетип, сарайдагы үймөк чөптүн арасына барып, көкүрөгүмдү жакшылап байкаштырдым. Чын эле дөмпөйүп бирдеме бери көтөрүлүп калыптыр. Бир эсептен кубансам, бир эсептен уялдым. Эртеси апам менен дарыгерге алып барды. Эркек киши экен. Карап, кармап көрүп, апама «Кабатыр болбо, кыз балдардын организми ар түрдүү да. Бириники эрте, бириники кеч жетилет», – деп койду. Ооруканадан үйгө карай апам ойлуу келди. Энелерди кызынын жетиле баштаганы да санаага салат көрүнбөйбү. Ошентип, тез эле көкүрөгүм билинип, боюм ансайын өсүп, белим ичкерип, жамбашым дөмпөйүп, сулуу селкиге айланып чыга келдим. Куурчак ойномок тургай, көчөдө балдар менен кубалашмайды баягы сарайдагы үймөк чөпкө барып өз көкүрөгүмдү өзүм жакшылап «текшерүүгө» алгандан кийин эле таштагам. Башымды көтөрүп, буттарымды аста таштап, тим эле кер маралдай керилип баса баштадым. О, айылдагы боз уландардын кызыкканын айтпай эле коеюн. Ары бассам да, бери бассам да ышкырышып, сыртымдан уялымыш болгонум менен бул ичимден мага майдай жагып, такыр эле болбой калдым. Мурда таенемдин кулак-мээмди жегенинен гана аргасыз эки чаканы көтөрүп, булакка жөнөсөм азыр, айттырбай эле сууга жөнөчү болдум. Анткени, булактын боюнча футбол талаасы бар. Эми футбол талаасы деп атап коюшат, кадимки эле жайдак калган ээн жер. Жашыл чөп каптап калганынан улам эки жагына эки темир кое салышып, «дарбаза» деп аташып, боз улан, жигиттердин баары ошол жерде күнү бою бир топту кубалап жүрө беришет. Мен ал жерден өтүп баратканда топторун таштай калышып, мени жапырт карашып, ышкырганы ышкырып, кыйкырганы кыйкырып кызыгууларын билдиришет. А мен… Мен ансайын кайкала басып, алар тарапты бир да карап койбой кете берем. Анан апам башка айылга турмушка чыккандан кийин футбол талаасы да, ал талаадагы боз уландар да калды. Мен башка мектепте окуй баштадым. Өгөй атам жапалдаш бойлуу, момойгон жоош киши экен. Анын менден бир класс жогору окуган уулу бар. Апасы мындан бир нече жыл мурун каза болуп калыптыр. Баласы менен тирилик өткөрүп жүрүп анан тааныштардын жардамы менен апамды таап, үйлөнүптүр. Баласы атасына карама каршы сыяктуу эле, бою узун, шыпылдап, сүйлөөк, тегирменге салса бүтүн чыкчудай эле кебетеси бар. Биз тез эле тил табышып кеттик. Бир туугандардай мектепке чогуу барып, чогуу келип, жумушту да чогуу жасап, сабакты да чогуу окуп, ал турмак уктай турган бөлмөбүз да бир болчу. Жаңы мектептеги балдар да мага көз артып жүрүштү. Танаписте китеп- дептерлеримдин арасына билдирбей кат жазып салып коюшчу. Баары коендой окшош, тим эле бир китептен көчүрүлгөндөй. «Мен сенин айжамал жүзүңө бир көрүп ашык болдум» деп башталып, каттын түбүнө тартылган сүрөтү да окшош: канжар сайылып, кан тамчылап аткан жүрөкчө. А менин өгөй атамдын баласы, эми агам десем деле болот го, андай каттарды көргөндө жаак эттери карышып, ачууланып, майдалап тытып ыргытып, мага сөөмөйүн кезечү: «Бир да жигит менен жүрбөйсүң, уктуңбу?!» «Эмнеге? – дечүмүн ансайын кыжырына тийип, – Кыздардын баары эле жүрүп атпайбы». «Сен кичинекейсиң….» – дейт мени тиктеп, көзүнөн эмне деп айтаарын билбей калганын билип койчумун. «Кандайча кичинекей?» – деп мен да акырын көкүрөгүмдү карап койчумун. Бул убакта көкүрөгүм көк тиреп, бир топ чоңойуп, кийимимди тиреп калган да. Мен аны сыймык катары көрчүмүн. Мындан да чоңураак болсо экен деп тиленип, кыздардан «Эмчекти кармаласа тез өсөт экен» дегенди угуп калгандыктан, түнү кармалап жатчумун. Антсем, агам көзүн буруп, жүзү кызарып ары басып кетчү. Кыздар кантсе да сезимтал болот эмеспизби, мен анын мага кайдыгер эмес экенин байкап, дагы-дагы кызгантмакка мага такыр кызыгы жок каттарды үйгө ташып келип, атайын аны окусун деп көрүнөө жерге коюп койчумун. kitep.ru
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев