Предыдущая публикация
Табылбаган сырдуу дүйнө тарыхты.
Издеп келсем бүт дүйнөнү аралап.
Сенден гана таптым жылуу бакытты.
Ойду толгоп,миң оодарып баракты.
Бакыт издейм,түндөр өтүп таң атты.
Эчким билбес жүрөгүмдүн бир сыры.
Бүтүн бойдон сендик болуп баратты.
Уйкулар жок,ойлор кетет чубалып.
Ушул күндөр бүтпөй келет уланып.
Олтурсам да ойго келип бир эле.
Ойдон кетпейт сап-сап ырлар куралып.
Кенен жолдон кезигесиң кол сунуп.
Жылмайганың сүйлөгөнүң бир тунук.
Жылуу колдор, таза жүрөк,бир сырдуу.
Жашап алдың жан дүйнөмө үй куруп.
Автор:Асанбековна Айтолкун.
<<••МББАА••>>
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1