2- бөлүм
Күн кечтеп бараткандай. Батыш тарап кызарып, көз камаган маал жакындап калды. Баягы машинаны чанып түшүп кеткен Жамал, чарчаңкы, жүдөө абалда үйүнө араң жетип келди.
Үйдүн эрке кызы, өзүнөн кийин эки иниси бар. Болгону ушул үч перзент. Эл катары беш- алты бир туугандуу болууну самаган Жамал, кээде ушул жагдайга да бушайман болуп ыйлап алат. Канткен менен мыйзам ченеми. Тагдыр. Маңдайга жазганы ушул.
Апасы көкүрөк рагы менен ооруп, барбаган жери калбай келет. Ооруну унутуп, балдары үчүн күрөшүп жүргөн кези. Атасы билимдүү, кадыр- баркы бийик киши. Ал өзүнүн жашоосун дагы да жеңилдетүү үчүн башка үй- бүлө курууга да жетишти. Бул тууралуу тууган- урук баары билет. Жубайы аргасыз баш ийген. Туталанып, өз өлүмүн сурап, балдарын да көзүнө илбей ыйлаган күндөрү далай болду. А бирок убакыт дарылап, бара- бара көнүп бараткандай. Азыр ал өмүрлүк жолдошун таптакыр оюна албай жашоого тырышат. Саналуу жылдар, саналуу күндөр, саналуу саат, саналуу мүнөттөр калганын жакшы билет.
Жамал бойго жетип, өз турмушуна аттанууга даяр турган кези. Көп учурда ата- энесинин чогуу бир бөлмөдө түнөбөй, чогуу тамактанбай, чоочун кишидей бир үйдө бирин- бири жөөлөп өтүшү, анын келечекке болгон үмүтүн суутуп келет. Аларды түшүнүүгө аракет жасайт, бирок арты ый менен аяктап, бара- бара атасына корс мамиле жасоого өттү. Курбуларынан тартынынп, болочок түгөйүнөн да катуу уялып алат. Бул нерсенин баарына апамдын оорусу себепкерби? Же, жөн гана атамдын акмакчылыгыбы?- деген суроону өзүнө миң ирет берүүдөн чарчабайт. Башыңа турмуш түшпөсө, баардыгы жеңил сезилет дегендей Жамал үчүн атасынын кылыгы тунгуюк, таптакыр түшүнүксүз жана жек көрүүгө жетелейт.
- Келдиңби кызым. Сени абдан кечигип жатат деп тынчсыздана баштадым эле. Тынччылыкпы? Абдан чарчаган өңдөнөсүң?
- Ооба, чарчадым апа. Абдан кыйналдым. Тимеле бир апта тынбай иштесем да мынчалык чарчачу эмесмин. Мен жуунуп чыгайын, чай коюп коёсузбу апа?..
- Чыга бер жуунуп, тамак дагы даяр...
- Ии, айтып берчи. Чоң энең эмнеге чакырыптыр? Чачыңды кургатсаң боло. Дагы башың ооруп калып жүрбөсүн.
Чачына бурай салынып алган сүлгүнү тыкандап алды да Жамал алдында турган ысык шорпону ичип кирди.
-Ой апа, чоң энемди билесиз го. Мага күйөө таап коюптур. Эң кызыгы ошол айылдагы коңшу жигит экен.
Жамал адатынча күлүп сөздү тамашага бурду.
- Ой анысы тимеле жапайы немедей, калдыраган машинасы бар экен. Дурустап оңдоп албаптыр, жүдөгөн байкуш...
- Сен эмне, анын машинасына да олтурдуңбу? Деги эмнелер болду? Чоң энең катуу даярдык көргөн экен...
- Кайдан апа, чоң энем менен коштошуп чыгып, чоң жолдо машина тосуп турсам, ошол жигит келип токтоп калды. Жолдо сүйлөшүп бара жатып мени таанырын айтты. Атым Алмаз дейт. Чоң энеңдин кошунасы болом дейт. Айтоор, күлкүлүү окуя болду. Мун укканда машинасынан түшүп кеттим. Жолдо көпкө машина тосуп араң келбедимби. Акыркы жолу айылга барганым ушул болсун апа.
- А атаңдын машинасын айдап албайт белең? Өзүңдүкү го мейли оңдоочу жайда экен.
- Бала кезимдегидей автобуска чыгып, арткы орундукка олтуруп, айланага суктанып барайын деген элем апа. Көрсө, автобус эчак эле каттабай калган тура..?
- Автобус илгери каттачу да. Андан бери канча убакыт өттү. Атаң дагы такси менен кетем дегениңе аң- таң болуп калды эле. Өмүрү жөө баспаган кызым, айылга машинасы жок кетти деп.
- Ушундай күндөр да болуп турганы жакшы да апаке. Баса, энем буларды берип жиберди. Билесиз го, кургатылган өрүктү сүйөм. Айыл тимеле кооз көрүндү мурдагыдан да. Мен чыгып ойногон алма бактар кичинекей эле турбайбы. Бала кезимде тимеле чоң көрүнчү эле... Эки күн аздык кылып калды. Энем мага эр таппаганда бир апта туруп келмекмин...
Жамал каткыра күлүп, өз бөлмөсүнө кирип кетти.
Алар турган шаар туулуп өскөн айылынан кыйла алыс. Ошого карабай бат- бат каттап турган Сыргак акыркы беш жыл ичинде каттоону койду. Буга анын жаңыдан күткөн үй- бүлөсү себеп десек болот. Апасы Эркин эне да бул кылыгына каршы болгон түр көрсөттү. Уулунун айылга келбей калганына таарынып, аны чакырууну туура көрбөдү. А бирок эненин жүрөгү сыздап турганын сезсе кана...
Келининин азап тартканын көрүп, уулунун бул кылыгын колдогон жок. Неберелери да энеси тарапта экенине капа эмес. Аларды түшүнүүгө аракет кылып келет. "Акылсыз уулум ай! Келиндин көзү өтүп кетсе да түшүнөт элем, үстүнөн аттап башка бүлөө курганы эмнеси? Жумурай журтка мени тирүүлөй шерменде кылгысы келди көрүнөт. Атадай болгон кымындай баркы калбады. Балдарынын алдында да, ууру кишидей жүзүн жерге катып олтурушу жакшы ишпи? Колундагы байлыгы манчыркаттыбы? Ошондой эле болду көрүнөт. Карыганда куда- сөөкө да сөзүм пас болуп, баягы кадыр барк кетти". - деп кейип олтурат Эркин эне...
Гүлкайыр түк көңүлүнө албай жашоосун улап келет. Беш жыл мурун кыйла жаш болчу. Ажырашууну көздөп, аялдык намысына чыдабай, үйгө камалып, коңшу- колоңдон жүзүн бекитчү. Азыр ошол учурларды эстеп күлүп алат.
Экинчи бөлүмдүн аягы, уландысы бар.
Автор: Эльвира Мейманова
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 21