сүйүүчүлөргө
кызыктуу фактылар Китеп -
билим булагы. Дүйнөнү
жаңырткан да китеп. Адамдын
ким экендигин анын кызыккан
китебинен байкоого болот.
Дүйнөдөгү эң чоң китеп -Куран
китеби. Китептин баасы 1,5
миллион еврого бааланууда.
Адистердин айтымында, китеп
атайын кагазга басылып 632
барактан турат. Бийиктиги 2
метр, туурасы-1,5 метр,
калыңдыгы - 25 сантиметр жана
салмагы 800 килограмм. Азыркы
маалымат технологиясы ыкчам
өнүккөн доордо китеп
сүйүүчүлөр анча-лык көп эмес.
Бирок, баары бир китеп
ышкыбоздору бар жана чыныгы
китеп сүйүүчүлөргө кичине
азыраак кызыктуу фактыларды
сунуштайбыз. Агата Кристи –
дүйнөдөгү эң таанымал
жазуучу. Анын өзгөчө
детективдери дүйнөнүн 44
тилине которулуп, жалпы
нускасы эки миллиардга
жетүүдө. Азыркы учурда китеп
сатып алуучулардын көпчүлүгү
45 жаштан өйдө. Дале ушул
жаштагылар китептердин
дүйнөлүк сатышынын 50%ын
алышууда. Эң көп жазылган
чыгармалары боюнча биринчи
орунда Лопе де Вега турат.
Испаниялык драматург өмүр
бою 1800 пьеса жазган. Китеп
сатып алуу боюнча лидерликте
аялдар алгачкы позицияда
турат. Алар китептердин 68%ын
сатып алып, эркектерди артка
калтырууда. Балким бул таң
калыштуу сезилет. Бирок,
дүйнөдө библиоклептомания
деген оору бар. Бул оору менен
ооругандарга китеп уурдоо
жагат. Стивен Блумберг – эң
атактуу библиоклептоман. Ал
бүт өмүру боюнча 268
китепканада 23 миң сейрек
кездешүүчү китеп уурдаган.
Анын уурдаган китептери 20
миллион долларга бааланууда.
Атактуу инсандардын өмүр
баянында өзүнүн
рекордсмендери бар. Эң көп
узун жазылган өмүр баяны
Уинстон Черчиллге тийешелүү,
анын узундугу 22 томго
жазылган. Ал эми салмагы
боюнча биринчи орунда
географиялык атлас турат. Ал
британиянын музейинде
сакталуу. Салмагы 320
килограмм, бийиктиги 1 метрге
жетет. Китеп дүйнөсүндө эң
кичинекей лилипуттар да бар.
Дүйнөдө 12 кичине кашыкка
баткан, кичинекей китептер бар.
Мини китептерге Франциянын
Конституциясы, Курани-керим
жана англис сөздүгү жана
башкалар кирет. Бир жумада
китеп сүйүүчүлөр 6,5 сааттан
китеп окушат. Көпчүлүк
окурмандар 18 бет окугандан
кийин китепке болгон
кызыкчылыгын жоготот. Мыкты
роман жазуу үчүн авторго 475
саат керектелет
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев