Менин жашоомдо бир жыл мурун чон кыйынчылыктар башталды. Кутулбогон жерден атам каза болуп кетти, озум жанымды карч уруп иштесем да, бирге иштешкендерим жана жакын адамдарым менен болгон мамилем бузулду. Ошол учурда менин умутсуз кундорум улуу ачылышка карай жолдун башталышы экендигин элестеткен да эмесмин.
Ошол мезгилде мен улуу сырды - жашоонун Сырын билдим. Ага болгон биринчи багытты мен эски китептердин биринен таптым: аны мага кызым Хейли берген эле. Сырдын издерин мен адамзаттын тарыхынан издей баштадым да, коптогон улуу адамдар - Платон, Шекспир, Ньютон, Гюго, Бетховен, Линкольн, Эмерсон, Эдисон, Эйнштейн - Купуя Сыр тууралуу билгендигин таап чыктым.Мен бир гана нерсеге тушуно албадым: "Эмне учун бул сыр бардыгына жана ар бирибизге белгилуу эмес?" Ошол Сыр тууралуу билгендеримди буткул дуйно менен болушкум келди да, ал тууралуу билген замандаштарымды издей баштадым.
Алар менин турмушумда пайда боло башташты. Издоо жолуна тушуу менен мен магнитке айлангандай болдум: улуу устаттар биринин артынан бири мага келе баштады. Мен тапкан насаатчы кийинки насаатчыны табууга багыт берип жатты - керемет чынжыры сыяктуу болду. Мен туура эмес жолдо бара жаткан болсом, менин конулум башка нерсеге бурулчу болду. Бул багыттан четке кетуу мени башка улуу устатка алып келип турду. Интернет-издоодон "капысынан" туура эмес кнопканы басып алсам, маалыматтын зарыл болуктору колума тийчу. Бир нече кыска жуманын ичинде мен кылымдардан берки Сырдын изине туштум да, азыр аны тажрыйбасында колдонуп жургондорду таптым.
Сырды дуйного фильм аркылуу жеткируу тилеги мээмде жашап келди, эки айдын ичинде Сырды колдонуу чеберчилигин менин кино тартуу жана теле-тобумдун мучолору уйронуп алышты. Алардын ар бири сырды билиши ото зарыл болгон, себеби мындай билими жок биздин идеябыз ишке ашмак эмес.
Бир дагы насаатчы менен фильм тартуу тууралуу келишимибиз болгон эмес, бирок биз Сырды билчубуз. Ошондуктан ийгиликке жетээрибизге абсалюттук ишеним менен Австралиядан устаттардын копчулугу жашаган Американы коздой жоноп кеттим. Жети жумадан сон биздин топ, элуу беш америкалык улуу насаатчылар катышкан, бир жуз жыйырма сааттык тасманы тартып койдук. Фильмди жаратууда ар бир кадам, ар бир дем сайын сырды колдонуп жаттык. Ошонун негизинде бизге керек болгон адамдарды жана зарыл нерселердин бардыгын тартып алып жаттык - ошентип сегиз айдан кийин "Сыр" экранга чыкты.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев