Булар
организмдеги ашыкча суюктукту чыгарып,
бөйрөктө таштын пайда болуусунун алдын
алат. Кофе, таттуу жана газдалган суюктуктар
бөйрөктү дүүлүктүрөт. Көп ичилген
минералдык суу таштын пайда болушуна
жеткирет. Сыра бөйрөктүн клеткаларын бузат,
ал эми дамамат сыра ичүүдөн бөйрөк
оорулары жаралат. Спорт Бөйрөк кыймылды
сүйөт. Бөйрөктөгү таштар үй-жумуш-үй боло
бергенден келип чыгат. Анткени кыймыл аз
болгон кезде зат алмашуу жай жүрөт да,
организмдеги туз аз бөлүнүп чыгат. Чыкпай
калган туз бөйрөктө чогулуп, таштын
жаралышын шарттайт. Бий, сейилдөө, үйдө
иштөө бул – органдын жакшы иштөөсүнө
өбөлгө. Табарсыкты убагында бошотуу
Табарсык толгондо чыдамдуулукту көрсөтүү
жакшы натыйжа бербейт. Анткени туруп
калган заарада микробдор көбөйүп, ал
микробдор табарсыкты сезгентет. Андан
тышкары заара каналдары аркылуу жылып,
бөйрөктү сезгентип, оору жаратат. Урук
чыктагыч бездин оорусунан жабыркагандарда
заара убагында чыкпайт да, таштын
жаралуусун шарттайт. Андыктан мындай
оорусу барлар врачка кайрылып, дарыланып,
көзөмөлдө болуулары кажет. Тамак-аш
Бөйрөк аркылуу организмдеги уулуу заттар,
туз бөлүнүп чыгат. Андыктан бөйрөк заара
кубалоочу азыктарды сүйөт. Мисалы,
ашкабак, дарбыз, коон, алма, капуста, түрп,
таттуу болгар калемпири, чычырканак. Жаман
көрөт: сыр, быштак, эт, шоколад, алма уксусу,
ат кулакты. Ошондой эле дарыларды кабыл
алганда да бөйрөккө зыян келтиребиз.
Форевер Ливинг Продактс сиздерге озунун нукура таза продукциясын тартулайт телефон жана вотсап номерим: 0556560126
Комментарии 1