12-уландысы.
Адыл бетме-бет турган Динараны чочутуп албайын деп,акырын кучактады. Динара да ушуну кутуп эле тургандай ал да каршылык корсотподу. Адыл Динаранын илебинен назик сооруп:
-Эки дуйно мен сеникимин,сен да меники болушунду каалайт элем-деп кайра Динараны койо берди:
-Жумушундан алып калбайын,врач издеп журбосун дагы. Эртен жолугабыз,бизде убакыт кээнири болот. Ичкери кир эми,бир сыйра кабар алып чык. Эгер баары тынч болсо ушул жерде кутом.-деди.
Динара ичкери кирип,Адылдын опконун эстеп,кантип басып баратканын,кайда баратканын сезбеди. Динара дагы Адылды бир коруп суйуп калган болчу. Унутканы канча аракет кылды,унута албады. Палатадан Адылды эки кыз менен коргондо ушунчалык кызганып кетти,намыстын кучу менен озун колго алган болчу. Эмдоокананын ичи жым-жырт тыкчтыкта эле,элдин кобу уктап жатышкан,эки гана палатанын жарыгы куйуп турду. Барып текшерсе бироосундо аксакал киши китеп окуп жатыптыр,жанындагылар уктап жатышкан экен,экинчисинде эки кыз суйлошуп жатышыптыр телефондо,ё-твоё деген тариф чыгып,жаштарга ушундай жакшы связь тузулуп берилди го чиркин. Тунку он экиден танкы алтыга чейин жаштарда уйку жок. Аларды урушуп жаткырып койуп сыртка жоноду. Алдынан кузотто турган врач чыкты:
-Динара,бизге бироону алып келе жатышат,даяр тургун.
-Макул Кубат аке,билесиз биз дайым даярбыз.
-Азаматсын,мен сыртка тамеки тартканы кеттим,эгер келип калышса,кайчылашып отуп кеткен болсом чакырып кой.
-Макул. Динара жипсиз байланды. Сыртта аны Адыл кутуп турган болчу. Кантип чыгып айтышын билбей турганда колундагы телефонду эстеди. Кутучаны ачты да телефонду алып жандырды. Ичинен Адыл деп турган жазууну коруп ага чалды.
Сыртта Адыл эмне кылышын билбей турду. Кубаттын чыгып келе жатканын коруп,бекинейин деген ой келди,улгурбошун билип туруп калды.
-А жигит,жол болсун. Кайда бул тун ортосу?
-Кубат аке,кайда дейсиз да,кайдан десениз? Тунку салкын абада сейилдегенди суйом,жатаар кез болду деп кайтып келе жаткан учурум.
-Аа,тун ортосу азыраак жур иним,беш кол бирдей эмес,абийиринди тогуп алышын мумкун.
-Кандайча,тушунбодум.
-Эх иним,жашсынарда. Элестет,тун ортосу бироо уйкусунан чочуп ойгонду,бир нерсе болгонун билип сыртка чыкты,сырттан жалгыз сени корду,и деп кирип кетти. Эрте менен турса,короодо байланып турган малы жоголду. Кимден кумон санайт? Албетте сенден. Анткени сени коргону анык. Ал эми уурдаган ууру сени да коргон,бекинип озунун ордуна сенден корсун деп,шум чыгарып,малдын кожоюнун ойготуп качышы мумкун. Албаган сен бекерден-бекер ууру атка конуп абийиринди тогуп алганын ошол балам.
-Айткан акылынызды унутпайм,рахмат аке,эми тун ортосу озун короомдун ичинде айланам.
Чонток телефондун уну чыга баштады:
-Адыл,элдин уйкусун бузбай жооп бербейсинби?
-Амей,ботом. Меники чакырып жатабы? Мен ойлогом сиздики болсо керек деп,тундо алдым эле(кечээ куну),биринчи чакырышы. Тун ортосу ким болду экен? Алло. Макул...макул...макул,корушкончо. Кубат аке,бул чонток телефонго анча коно (уйроно)элекмин. Макул анда мен кирип эс алайын аке,кузотунуз тынч отсун.
-Рахмат,сен да жакшы дем ал.
Адыл ичкери кирип,узун коридор менен келе жатты. Алдынан Динара тосуп чыгып:
-Жакшы дем алыныз-деп Адылдын бетинен обуп,кызарганынан тез басып кетти.
-Кузотун тынч отсун,сен да жакшы дем ал-деп жаткан жерине келди. Бир кыйла убакыт уктай албады. Сыртка чыкты,узун коридордун ичинде Динара корунбойт. Ал олтурчу столдун устундо олтурду,кайда кетиши мумкун деген суроо Адылдын уйкусун андан беш-бетер ачты. Коридордогу бир эркек киши менен аял киши журду,ордунда тура албаган кишидей болуп,экоо тен нары-бери басат. Кутконундо убакыттын отушу кыйын го,Адыл да канча кутконун билбейт,бир кезде эле Динара чыкты операционный кабинеттен пешенесин колунун жени менен аарчып. Адылды коруп нары бурулуп кетти. Адыл ордунан турмакчы болду эле,жанагы эки адам Динараны ороп калышты. Артынан эле Кубат чыгып,операция ийгиликтуу болгонун айтып,экоону тынчтантты. Бара беришин суранып Кубат:
-Эртен платага алабыз,жакшы оз убагында алып келипсиздер. Кабатыр болбой бара бериниздер-деди. Кубат Динаранын артынан жоноду. Динара жуунуп-тазаланып чыгып,Адылдын жанына келип олтурду. Экоо кол кармашып жанаша коопко унсуз-созсуз олтурушту. Тынчтыкты Адыл бузду:
-Динара,жаным менин,мени суйуп кетсен сага деген сансыз ойдун арасы менен саймедиреген сабалуу дуйномдун самандай чачылган санааларымдын жарасы менен суйуумдун санжырасын сага сунам,кабыл аласынбы?
-Журогумдун тупкуруно бекитип койсом болобу?
Адыл Кубаттан жооп сурап Эсенбек досунукунан каттап уколдорун алмай болду. Калган бош убакытын Динара менен откоргонду каалап,жумуштарына барбай журду. Динараны Нуркыз да жакшы коро баштады. Бирде учоо кафеге тамактанганы барып калышты. Нуркыз Динарага акесинин бир жагынан классташы болот,жашап откон омурун айтып берейинби деп калды. Динара макул болушу менен Адыл кореа тилинде Нуркызды тыйып койду. Нуркыз да кореа тилинде Динаранын билишине акысы бар,айтып королу,чындап суйсо баш тартпайт,эмне уяласын деп Нуркыз болбой туруп алды. Экоону тушунбой турган Динара:
-Экоонуздордо чоон сыр бар экен,кайсы тил?
-Кореа тили-деп Нуркыз мактанып алды:
-Биз кытай,орус,англис,турк тилдерин дагы билебиз-деп коштоп да койду.
-Тил билген жакшы экен,азыр Адыл сизге эмне деп жооп берди,айтпа дедиби? Эмне менден болок суйгону да бар беле?
-Жоок,болочок женеке,тескери тушунбонуз. Бир гана жашырганыбыз жакында экообуз тен Россия жергесине кетип бара жатабыз. Бул кунго чейин эле кетишибиз керек эле,сизди таштап кете албай жатабыз.
-Эмнеге Россия? Эмне учун? Узаак журосуздорбу?
-Узактыгы канча экенин билбедик го,кетпесек болбойт бирок.
-Ушунчалык зарылбы?
-Ооба.
-Анда мен да барам.
-Токто Динара,ата-эненчи? Алар каршы чыгат го?
-Бир ооз сурап кором,эгер каршы чыкса бир жолун табабыз.
-Мен женеке сизди досунуз болуп барып,ата-эненизден россияга кетишибизди суранабыз.
-Болбойт,Динаранын ата-энеси досторундун баарын тааныйт да туурабы? Сени Нуркыз,тааныбайт да макул болбой койот.-деди Адыл. Динара:
-Аракет кылып королу-деди.
Динаранын ата-энеси макул болбой жатып акыры жооп берди.
Ага чейин Адыл уйду озунун атына которуп алды. Достору менен коштошуп,окул атасы Арстанга барды.
Арстандын баласы да москвада экен,ошонукуна бармай болуп,окул атасы менен коштошуп чыкты.
Учоо билет алып Бишкекке карай жолго чыгышты.
Уландысы бар.
Урматтуу окурмандарым ушул чыгарманын башы ушул санга чейинкиси Sempione One деген досумдун лентасында. Убакыт ажыратып,конул буруп окуганыныздар учун рахмат .
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4