Бозбу-Атанын тоосу тууралуу Аксы аймагында айтымдар, легендалар, санжыра сөздүр кыйла эле бар. Анын бир мисалы катары мына бул тоого нур жаап турганыны айтууга болот.Тилекке каршы Бозбу тоосу тууралуу сөз билген карыялардын көбүнүн көзү өтүп кетти. Ал эми мен эмнени айта алам Бозбу тоосунун эң бийик чокусу 3051 метрди түзөт экен. Башынан кышын жайын томуктай булут кетпеген бул тоо Аксы элинин энеси да, атасы да деп койсок жанылышкандык болбойт. Анткени чыгыш жагында Ак-Суу айыл аймыгы жайгашса, түндүк тарабында Кой –Таш айылы, түндүк батыш тарабында Кара-Жыгач айыл аймагы, батыш жагында Авлетим айыл аймагы, Жерге –Тал айыл аймагы, Түштүк батыш тарабында Кербен шаары, ал эми түштүк тарабында Кош-Дөбө айыл аймагы жайгашкан. Мына ушул аймакта жашаган элдин баары мына ушул Бозбу тоосунан агып түшкөн суу менен тиричилик өткөрүп, Бозбу тоосуна жайлоого чыгып, мал багып келишет.Бозбу тоосунун эн бийик чокусу дениз денгээлинен 3051 метр бийиктикте турат.
Бозбу деген кандай жер?
Көркүн-
Айтып болбос геп менен.
Жайдыр кыштыр агарып,
Чокусунан томуктай булут кетпеген.
Аскасынан шагырап,
Аркары оттоп беттеген.
Жайлоосунда карысы,
Кымызын чайкап ,эт жеген.
Кекилик жайнайнайт коосунда,
Кийиги жайлайт зоосунда.
Эртең менен ышкырып,
Улары таңшый тоосунда.
Туурасында-бетегелүү төрү бар,
Төбөсүндө көлү бар.
Жээгинде сазы бар,
Канаты бар тулпардын,
Ташка баскан изи бар.
Кабылганга кол салчу,
Каманды зоодон таштачу,
Кыраан бүркүт кушу бар.
Керемет Босбу мындай жер,
Келишимдүү кандай жер!!! Женижок атам ырдаган. Ал эми Салибай агам эмне дейт.
Көргөнүм- Бозбу тоосу…айланасы,
Айтылуу кут төгүлгөн Аксы арасы.
Ал өзү жаратылыш жасап койгон,
Фергана өрөөнүнүн мунарасы.
Бозбу тоосунун так чокусунда Тулпар-Көл көлү жайгашкан, ошол көлдүн жанында Бозбу-Атанын кабыры же мазары жайгашкан. Мазар демекчи Бозбу тоосу ыйык тоо деп да атап койсо болот. Элде айтылып келе жаткан уламыштарга караганда Улуу Ата Мекендик согуштун алдында мына ушул Бозбу тоосунун түштүк тарабындагы Баба-Устун-Атанын үнкүрүндө көзү өтүп кеткен улуу аалымдардын жыйыны болот, ал жыйынга тирүүлөрдөн эки адам катышат, бири Закир молдо, экинчиси Баба-Атанын шайыкы, жыйында Орустар келип динди куугунтуктап жатат, ооматты немистерге берели деп чечишет, ал эми тирүүлөрдөн Закир молдону кал биз менен дешет, Ошондо Ойсул-Атанын арбагы айтат буга он беш күнгө уруксат берели балдары менен коштошуп келсин дешет. Ошол жыйындан кийин он беш күндөн кийин Закир молдо да бул жалган дүйнөдөн өтөт. Закир молдо өлөрүндө Айылчы деген досуна дайын кылат мени жерге койгондун эртеси таң эртен мененден мүрзөмдүн башына барып тур, сага табыштар кебим бар дейт, эртеси бара албай калып кечигип барса мүрзөнүн жанында тайлактардын изи калган, сөөк жок болуп чыгат. Ошол арман болуп калган дешет. Кийин немисттер мусулман мазарларын кошуп бомбалап баштаганда Түркстан шаарында экинчи жыйын болуп немисттериң болбойт экен, ооматты орустарга берели деп орустарга беришет. Ошондо Москванын алдындагы улуу бурулуш жениш башталат экен. Бул 1942-жылга туура келет. Бозбу тоосунун ичинде Бай-Булак–Ата, Баба-Устун-Ата, Шарап-Ата, Кайып-Ата, Имам-Ата ал эми так чокусунда Бозбу-Атанын ыйык мазарлары жайгашкан.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аксы колледжинин доценти, тарыхчы Наркеев Сапарбектин Скандинавия аралдарындагы байыркы рун тамгаларынын келип чыгышы жөнүндөгү бир эмгегинде мындай баяндама берилиптир «Рун тамгалары Борбордук Азияда анын ичинде Кыргызстандын Талас, Кочкор аймактарында табылгандыгы бизге белгилүү. Бул тамгалар биздин кыргыз элинин эң байыркы колдонгон тамгалары экендиги тарыхта анык. Бирок рун тамгаларын толук изилдеп, кыргыз илими ача электигин айтып кетмекчимин. Ал эми рун деген сөз сыйкырдуу, жашыруун, купуя сырдуу деген маанини билдирет. Мына ушундай байыркы андроновдук доорго туура келген жазуу жергиликтүү эл айткандай Аксы Атанын бир уулу болгон Бозбу Атанын мазарында кездешет. Азыркы кездеги айрым изилдөөчүлөр белгилегендей жана ошол доордогу жашаган сактардын биздин кыргыздардын нурка ата бабалары экендигин улам тарыхчылар тастыктап келет. Анткени мына ушул Бозбу Ата тоосун этектеп байыкы сактар жашагандыгынын белгиси катары сак кыргыздарынын кагандарынын мүрзөлөрү Аксы районундагы Ак-Дөбө, Бозпубиек жана Кош-Дөбө айылдарында кездешет. Ал эми Бозбу-Ата тоосундагы рун тамгалары биздин заманга чейинки 2- мин жылдыктарга туура келет. Бул рун тамгаларын азырынча изилдеген эмгектер өтө эле аз, жок деп койсо да болот. Бозбу-Атадагы рун тамгаларынын тик бир сызыкты жана тик эки сызыкты, тике үч сызыктарды жана жаанын жебесиндей сызыктарды кездештирүүгө болот. Мындай сызыктарды илимде Огамикалык тамгалар деп аташат. Огамикалык тамгалар биздин Бозбу-Ата тоосунда кездешет. Мындай тамгаларды байыркы Скандинавиялыктар колдонгон. Ал эми биздин ата бабалар кол өнөрчүлүктөрдө колдонуп келген. Мындай тамгалардын тике бир сызыгы «а» тамгасын, ал эми эки тике сызыгы «о » тамгасын, үч тике сызыгы «и» тамгасын, төрт тике сызыгы «е» тамгасын, ал тамгалар кыйгач формада жазылса анда бир кыйгач сызыгы «д» тамгасын билдирет. Ошондой эле кыргыз рун тамгаларында + кошу белгиси кут белгисин билдирип, кылычтын белгиси «+______»» ушундай белгилерди байкоого болот. Эң кызыктуусу Бозбу-Ата тоосундагы мазарда тоонунун географиялык картасынын түшүрүлгөндүгүн байкоого болот. Таштарындагы жазуулардан көп чекиттерди да байкоого болот.» деп жазганы бул тарыхый байлыгыбыздын ачык күбөсү катары Бозбу-Ата тоосундагы мазарда сакталып калгандыгы менен баалуу. Биздин ата бабаларыбыз бизге эстелик кылып калтырып кеткен бул жазууларда чоң тарых жаткандыгы жашыруун эмес. Бир гана нерсе бул жерге илимий изилдөөлөр талап кылынат.
Мазардын жалпы көрүнүшү.
Мазардын айланасындагы көрүстөндөр.Төмөкү сүрөттө карта
жайгашкан. Анда Тулпар көл жана ага баруучу жол, төмөндө айылдын элеси келтирилген жана көрсөтүлгөндөй.
Бозбу-Атадагы Тулпар-Көлдүн бир четинин көрүнүшү. Көлгө нур жаап турду. Он жолу кайталап тартсак да бул нур кеткен жок. Сүрөттөрүн тарткан Камчыбек уулу Шекербек.
Бозбу-Ата мазарындагы таштагы жазуулар. Мындай жазуулар көп биз мисалга гана эки таштагы жазууну алдык.
Алтын казык Аксы деп,
Айтылып калган жакшы геп.
Ошонун өзү Бозбу тоо,
Деп ойлоймун белгилеп.
Чокусунан карасан,
Алаканга салгандай,
Бүт Фергана көрүнөт.
Ар жылгада булагы,
Ала аркан болуп өрүлөт
Формасын тоонун карасаң,
Ай туяк алтын өңдөнөт.
Арыктап келген мал деле,
Алты эле күндө өңдөнөт.
Айга колуң жетчүдөй,
Чыга берсе өйдөлөп. Деген ырымды күн сайын кайталап окуй берем. Балким бул Бозу тоонуну кереметинен уламдыр деп да ойлой берем.
Бозубу тоо бир гана алтын кендерге эле бай болбостон бул тоо ыйык мазарлары менен манилүү. Тоону айлана эл журтум деген ата бабаларыбыз баш паанек кылып келгени көрүнүп турат. Эн башкысы бул Бай-Булак-Ата мазарындагы булак. Бул булактын суусу эрте жазда чыгып, күзгө жуук же буудай орок аяктаган мезгилде токтоп калат. Булактын суусу Авлетим жайлоосунун башында Ак-Тайлак-Ата мазарындагы суу менен көлөмү да бирдей, бул эки булак бир мезгилде токтоп, бир мезгилде чыгат. Эрте жазда чыгып, күзгө жуук токтоп калат. Ал эми Баба-Устун-Атанын асканын боорунан чыккан суусу да өзүнчө бир минаралдарга бай касиеттүү суу десек жанылышкандык болбойт. /нкүрдүн ичинде асканы тиреп турган таш устун бар, ошол устун аркалуу үнкүрдүн төбөсүнөн суу атырылып чыгып агып турат. Илгери каапырлар Пайгамбарыбыз Мухаммед (Саллалогу аллейки фассалоомдун) сакаабаларын кыргынга учуратып кууганда алардан туш тарапка качып, ар ким бекинер жер издейт, ошондо Баба-Устун мына ушул жерге Бозбу тоосунун түштүк танабына келип такалат. Суу жок, үнкүрдүн үстүн жараткандан суу тилеп чапканда кылычтын мизи кескен таштан суу чыгып кеткен деген айтым легендасы бар. Ал эми бул жердеги үнкүр тура эле Мекке шаарына алып барат деген сөздүн да негизинде кандайдыр бир чындык бар. Анткени илгери мына ушул жерди жердеген бир бай өзүнүн койчуманын чакырып алып, мен Меккеге зыяратка баратам, мен келгече койду чыгаша кылбай жакшы бак, мен да сага Алладан жакшылык тилеп келем дейт. Койчунун да максаты мына ушул Меккеге зыярат кылып келсем дегенде эки көзү төрт болот. Бирок колунда жок үчүн бара албай жүрөт. Бай Меккеге кеткенден кийин бир айча убакыт өткөн мезгилде Меккеде зыярат кылчу күн жакндышып калганда коюн жайып мына ушул Баба-Устун-Атанын оозуна келип өзү «Ээ, жараткан кулум десең мени да бир зыярат кылып келгенге жеткир деп» зар какшап ыйлап, мына ушул Баба-Устун-Атанын батыш тарабындагы үнкүрүдүн оозуна келсе үнкүрдүн ичинен бир нур чачырап койчу ошол нурду ээрчип баса баштайт, нур койчуну жетелеп жүрүп олтурат, кыйла басканда эле айлана жарк дей түшөт караса койчу Меккеге барып калган болот. /ч күн зыярат кылып, эртеси кайта турган убакыт болгондо койчуга бай жолугуп калып, «Ой койчуман сен да келип калдыңбы, кетесинби дейт, кетем бай жараткан Алла жол берсе дейт. Кетсең жакшы болуптур мына бул менин ичигим менен суусар тебетейимди ала кет, бул жакта күн ысык экен, мен дагы он он беш күн туруп анан барамын» деп койчудан кийимдерин берип жиберет. Койчу дагы зарлай баштайт «Ээ жараткан тилегиме жеткиргениңе чексиз ыраазымын, эми мени байдын каарына калтырбай элиме, кой жайган жериме жеткире көр деп жалдырайт». Ошол учурда баягы нур пайда болуп койчуну келген жолу менен жетелеп Баба-Устун-Атанын үнкүрүнөн сыртка чыгарып коет. Караса койлору жайылып жаткан болот. Айылына койлорун айдап барса айылда тополоң койчу жоголду деп. Айылдагылар көрүп «Ой, шорун каткан койчу кайда жүрөсүн биз сени издебеген жерибиз калбадыго, кой түгөл бекен дешсе, кой түгөл, эмнеге издейсинер мен Меккеге зыяратка барып келдим дейт».
Ой Кудай урган койчуман, кудайга карап жалган сүйлө, байдын эшигинде эптеп тирилик кылып жүрүп кайдан сен Меккеге барып келесин дешет. Анда койчуман байдын кийимдерин көрсөткөндө баары этегине жыгылып, зыярат кылып келиптир деп калышат».
Баба-Устун-Атанын мазары мына ушундай касиеттүү жер. Бул жерге дүйнөнүн туш тарабынан зыяратчылар келип турушат. Кыргыздын белгилүү эшени Ажымат эшен да жыл сайын келип зыярат кылып кетип туран экен, мезгилинде. Бозбу тоосунун этегинде Ак-Суу айылында Имам-Атанын мазары бар. Азыркы Ала-Бука районунун аймагындагы Кыргын мечите каапырлар менен мусулмандардын ортосундагы чон салгылашта мусулмандардын он эки мин колунан Кербенбос менен Ышкыттын намаз убагындагы кол салуусунан 2277 сахабанын башы алынып кетет. Бул тарыхый факт,чындык экенин тарыхчыларда, окумуштууларда, илимий казууларда далилденген. Бул сахабаларды ажыратып жардам берүүгө Кыргыздан Мачак баатыр кырк жигити менен келип согушуп, көп сахабаларды бошотуп алат. Ошондо Падыша Шах-Жарир сурайт Эми баатырым сиздин жакшылыгынызга эмне берип ыраазы кылам дегенде Мачак Баатыр айтат «Мага эч нерсенин кереги жок, биз мусулмандар бир тууганбыз, бизге Имам –Атаны бериниз айгып кетсе имам кылып алабыз, көзү өтүп кетсе мазар кылып алабыз» дейт. Ошондо ыраазы болуп жарадар Имамды берет. Ошол замат чабыш кайрадан башталат, Кыргыздар имамды күн чыгыш тарапты көздөй алып качышат. Мына ушул Ак-Сууга келгенде Имам жаракатынан улам кайтыш болот. Имам-Атаны Ак-Сууга коюшат. Ошол азыркы мазар турган жерге коюлат. Ал жерден суу чыгып абат болот кийин.
Ал эми Шарап-Ата менен Кайып-Ата болсо азыркы Бозбиек айылындагы капчыгайга качып кирип, асканын боорундагы үнкүргө жашынып калат. Кийин үнкүрдүн оозун бышкан кирпич менен тосуп, Жан сактап туруп кайтыш болот. Ошол кирпич менен тосулган жери азыр да сакталып турат.
Дагы бир элдик айтымда Бозбу атанын тогуз баласы болот. Алардын эң кичүүсү бул Арсланбап-Ата болгон дешет. Бозбу Ата тоодогу бир булактын ээси менен айтышып кетип таарынышып калганда Булак сенин өнүрүндү бузуп, кейпиңди кетирем деп калат, кетире албайсын дейт, кетиремин дейт, ошентип суу Бозбу бузам деп сайдан атырылып чыгып бууракандап жөнөгөндө Бозбу Ата чон уулу Тоскоол-Атага айтат, тос уулум дегенде Тоскоол –Ата сайдын оозун дуба менен тосуп, сууну токтотуп калат. Ошол жер Тоскоол-Ата көлү. Азыркылар айтып жүргөн Сары –Челек көлү. Чындыгында эле азыркы Аркыт айылы турган жерде тоону топурагын алып сайдын оозун тосуп калган элести жакшылап байкаган адам көрсө болот.
Ал эми Бозбунун чокусундагы Тулпар –Көлдөн чыккан дулдул тууралуу азырга чейин түрдүү легендалер айтылат. Мен кулагым менен укканым бул Ак-Суулук Эсиркеп деген байдын Акжал күлүгүн мына ушул көлдөгү дулдулдун баласы деген анык экендигин укканым бар. Акжалды бул Эсиркепке кудай берген десе да болот. Анткени Эсиркептин атасы Кабыл жылда Бозбудагы көлгө жайлоого чыкчу. Бир жылы /ч-Арчанын үстүндө жылкылардын четинде жатса көлдүн үстү буркан шаркан түшүп кайнагандай болуп барып эле анан чоң толкун болуп суусу жээктен ашып барып, көлдөн бир ак боз айгыр чыгып жылкынын четинде турган сары бээге жандап, алгач ооз тийиштире жытташып, анан жер чапчып бир кишинеп алып, анан бээ жылкыдан бөлүнүп арчаныны далдасына кетти, баягы боз айгыр бээге ашып, экөөсү махабат лаззатына батып жатышты. Муну байкап турган Кабыл кудайга жалынып, кудай берди мага деп, ак сар башыл койдон садага айтып кубанып жатты. Ошонун эртеси көлдөн жылкыларын алып көчүп кетти. Экинчи көлгө чыкпай калды. Анткени Көлгө чыга турган болсо сары бээнин кулунун айгыр желкеден тиштеп көлгө алып кетип калат дегенди элден угуп жүрчү. Сары бээ тууганда кулуну эки жума баса албай бээге көтөрүп туруп эмизип жүрүштү. Кийин да апти бешенеси башкача бака түспөл кулун болуп, көргөндүн баары бечел тай атыктырып жиберишти. Ошол бечел тай кийин келишкен Акжал жылкы болуп чыга келди. Тагдырдын тамашасын караң ошол Акжал жылкы жаңы асый болгондо Кабылдын тууганы Жанылдын айгырын үйүрдөн кууп чыгып тиштеп салып айгыры өлүп калып, ачууланган Жаңыл айгырды кармап бычып салып эки тууган өмүрү бирин-бири карашпай жүрүп карыганда жарашышат. Анткени бул дулдулдун тукумунан кулун алып калу максаты эле.
Бир айтымда Бозбу Ата да мына ушул пайгамбарыбыздын сакабалар ынын бири болгон дейт. Каапырлардан качып тоонун башына чыккан мезгилде душман артынан жете турган болуп калат, ошондо көлдүн айланасындагы жапыз арчалардын арасына кирип кетип, таба албай кайтып кетишет. Ошондо турак кылып ушул жерге сөөгү коюлган деген да сөз бар. Мына жогорудагы сүрөттөн Тулпар-Көлдүн бир көрүнүшүн көрүп турасыздар. Ал эми Бозбу-Атанын мазары болсо бир кездерде таш менен короолонгон экен, азыр ал таш короонун урандылары калган. Бозбу-Атанын мазарынын айланасында көп сандаган кабырлар бар. Кыргыз элинде бир сөз бар «Арбак ыраазы болмоюн, тирүүлөр жарыбайт» деген. Андыктан ыйык жерлерибизге ыйыктай мамле кылсак, эли журтубузга кут келет беле деген ойдомун. Кут демекчи биз көлдү кайсыл тарабынан сүрөткө тартсак да көлдүн үстүнө нур жаап турганын көрүп турдук. Бул деле бир улуу касиеттин бир белгиси деп айтар элем.
Мен бул жерде Бозбу-Ата тоосунун ичине катып жаткан сырды ачып жибердим дегенден алысмын. Анткени Бозбу-Ата жөнүндө дагы көптөгөн уламыштарды, мүмкүн илимий аныктамаларды билгендер бардыр. Ушул макаланы окугандан кийин ой бөлүшөтго деген ойдомун.
Жыйынтыктап айтарыбыз эмне бул мазардын айланасында таштарда жазуулар бар, ал жазуулар илимий жактан изилденсе, балким бир кыргыздын белгисиз тарыхынын бир булагы ачылып калар, экинчиден мазарды көлгө кошуп короолосок, бул жерге арча каргайларды олтургузсак, жашылдандырып, зыяраттап келгендерге шарт түзүп берсек, бул жер бир ажайып тарыхый жайга айланып, зыяратчылардын сообуна калган болот элек.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4