Өзүңүздү жыпар жыт менен курчап, айланаңыздагыларга жакшы маанай тартуулагыңыз келсе, төмөнкү кеңештерди колдоно жүрүңүз.
Атырдан тарта жыпар жыттуу сууга чейинки парфюмдардын максаты бир. Ал – кожоюнуна жагымдуу жыт, аура тартуулоо. Бирок колдонуу эрежелери ар түркүн.
Биринчиден, атырды аз гана өлчөмдө, чеги менен колдонуу кажет. Ал эми жыпар жыттуу сууну көбүрөөк өлчөмдө колдоно берсе болот. Атырдын жыты кашемир, жүн, жибектен жасалган табигый кездемелерде жакшы сакталат жана таралат. Ал эми синтетикалык жана булгаарыдан жасалган кийимдерде начарыраак сакталат.
Жабык имараттарда атырды аз өлчөмдө колдонуу абзел. Ченемин ашырып жиберсеңиз, жагымдуу атмосфера түзбөй эле жаныңызда туруудан баары качып калышы мүмкүн. Атырлардын түрүн тез-тез алмаштырып туруу да жакшы натыйжаларды алып келет.
Атырды колдонор алдында аны тирүү жандык деп элестетиңиз. Анткени ал адамдын терисинин өңүнө, табигый жытына жараша жыт берет. Эмне үчүн десеңиз, жооп табалы. Адамдан анын кыймыл-аракетине, жеген тамагына, кылган жумушунун түрүнө жараша 25 түрлүү жыт бөлүнүп чыгат. Ошол бөлүнүп чыккан түрдүү жыттар менен атырлар ар башкача жыпар жытты пайда кылат. Жана да дененин ар кайсы бөлүгү ар башкача жыт берет.
Мисалы, бир эле атырды кол жана моюнга сүртүп көрсөңүз, экөө эки башка жыт берет. Мындан улам атыр аларда ар тарабына көңүл бөлгөнүңүз туура. Жаңы атыр сатып аларда бир нече күн атыр себинбей коё туруңуз. Жаңысын тандоодо адашпайсыз. Андан сырткары атыр алып жатканда кардар аз, тандоо кенен жерден алыңыз. Сатып аларда үчтөн ашыгын тандабаңыз. Жыт сезүүңүз басаңдап, өзүңүз эңсеген атырды тандай албай каласыз.
Атыр тандап алгандан кийин аны кайсы жериңизге сүртүүнү аныктап алыңыз. Атыр жыт кан тамыр күчтүү соккон жерлерге сүртүлүшү керек.
Мисалга алсак, желкеге, кулактын түбүнө, билектерге жана төшүңүзгө. Кошумчалай кетчү нерсе, азыктандыруучу жана жумшартуучу крем сүртүлгөн жерде жыпар жыт жакшы сакталат.
Шарап караңгы жана салкын жерде жакшы сакталгандай эле, атыр да так эле ушундай жерде жакшы сакталып, жыты аңкып турат.
Кийимиңизди ар дайым жыпар жыт аралай жүрсүн десеңиз, кийим сакталган шкафка атырдын бош флаконун салып коюңуз. Жуулган кирди чайкаар алдында сууга атырдан бир нече тамчы кошуп койсоңуз да ашыкча болбойт.
Сөз аягында айта кетчү нерсе, белгилүү Голливуд жылдызы Мэрилин Монродон:
– Түндө кандай кийимчен жатасыз?- деп сурашканда: "Шанель №5" атырын кийип жатам",- деген экен.
Ар дайым жыпар жытка бөлөнүп жүрүңүздөр!
БИЛИП АЛГАН ОҢ
Атыр (духи) – парфюмердик товарлардын эң кымбаты. Чоң эмес флакондордо чыгарылат. Курамында 20дан 30 пайызга чейин жыпар жыттуу май болот. Атырды эртең менен жана күн ысыкта колдонуудан баш тартканыңыз туура. Себеби эртең менен адамдардын жыт билүү органы жакшы ойгоно элек болсо, күн ысыкта атырдын жытын ысык күчөтүп жиберет. Атырдын жыпар жыты 6 саатка чейин сакталат.
Парфюмердик суу бул – курамынын 10-20 пайызын жыпар жыттуу эфир майы түзгөн парфюм товары. Жытын 4 саатка чейин сактайт. Күндүз колдонгонуңуз оң, анткени атырдан айырмаланып жыпар жыты бир калыпта сакталып жүрөт.
Жыпар жыттуу суу (туалетная вода) бул – атырдын жеңилирээк түрү. Курамындагы эфир майы, болгону, 4-10 пайызды түзөт. Бир күндө бир нече жолу колдонсоңуз болот. Жай мезгилинде колдонууга болот.
Парфюмердик дезодорант бул – курамына 3-5 пайыз жыпар жыт майын камтыган атыр түрү. Жайкы мезгилде жана башка атырлар менен биргеликте колдонууга болот.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3