Түштүк Кореяда өтүп жаткан Азия оюндарында дүйнөлүк рекорд коюлду. Кытайлык Жоу Лулу 192 килограм көтөрүп, оор атлетика боюнча аялдар арасында рекорд койду.
Австралиянын мурдагы премьер-министри Тони Абботтун “исламда чоң маселелер бар жана ал реформага муктаж” деп айткан сөзү сынга кабылды. Бул дин реформага муктаж деген сөздөр канчалык жүйөөлүү?
Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат Кыргызстанда 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоо тууралуу Би-Би-Сиге маек курду.
Түркия «Ислам мамлекети» аталган күчтөрдүн согушкерлерине жана күрд жикчилдерине каршы согуштук аракеттерди координациялоо маселесин талкуулаш үчүн НАТОго мүчө өлкөлөрдүн чукул жыйынын өткөр...
Президент Алмаз Атамбаев өзүнүн аппаратынын мурдакы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин кармалышы башкалар үчүн сабак болушу керек деп 27-июлда Чолпон-Атада ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.
Түштүк Кореяда өтүп жаткан Азия оюндарында дүйнөлүк рекорд коюлду. Кытайлык Жоу Лулу 192 килограм көтөрүп, оор атлетика боюнча аялдар арасында рекорд койду.
Дүйшөмбүдө демократиянын жактоочулары менен полиция ортосунда дагы кагылышуулар болду. Полиция көздөн жаш агызган газ колдонуп, демонстранттарды таратуу аракетин көргөн.
Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Жоомарт Оторбаев, орусиялык “Газпром” ишканасынын өкүлү Николай Варламов менен жолугуп, өлкөнүн түштүк облустарын газ менен камсыздоо маселесин көтөрдү.
Интернетте британ журналисти Жон Кэнтли өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган согушкерлердин колунда туткун болуп турганы чагылдырылган видео до тарады.
Дүйнө боюнча жапайы жаныбарлардын саны соңку кырк жылда 50% азайганын Лондон Зоологиялык коому билдирди. Иликтөөнүн жаңы ыкмалары колдонулуп, мындан эки жыл мурунку билдирүүгө салыштырмалуу быйылкы тыянактарда абал алда канча курч экени аныкталган.
Украинанын куралдуу күчтөрү менен россиячыл маанайдагы жикчилдер ок атышпоо келишими бузулганы жөнүндө бири-бирине доомат артышууда. Ок атышпоо жөнүндө келишимге өткөн жума күнү Минскиде кол коюлган эле.
Орусиянын миграция кызматы миңден ашуун кыргызстандыкты кара тизмеден чыгараарын билдирди. Кырк миңден көп кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө ар кандай себептер менен тыюу салынган.
Орусия ага каршы Батыш өлкөлөрү киргизип жаткан санкцияларга жооп кылып, өзүнүн асманын батыш авиакомпаниялары үчүн жаап коюшу мүмкүн экендигин премьер-министри Дмитрий Медведев билдирди.
Нет комментариев