✨✨✨✨✨✨
*_Тема: Куранды сүйүү._*
🍀🍀🍀🍀🍀🍀
Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) сахабаларынын арасында жөнөкөй бир адам бар эле. Аны көпчүлүгүбүз жакшы билбейбиз. Анын аты эл арасына да таркаган эмес. Бирок, Алланын алдында анын даражасы абдан бийик болду. Анткени, ал Алланын сыпаттары болгону үчүн "Ихлас" сүрөөсүн жакшы көрөт эле. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Табук согушуна жөнөдү. Сапар оор, жол узак болгонуна карабастан сахабалар согушка аттана башташты. Ошол учурда катуу ооруп, төшөккө жатып калган Муавия бин Муавия согушка аттана албай калды. Анын катуу ооруп жатканына күбө болгон Пайгамбарыбыз (Ага
Алланын салам-салаваты болсун) анын үйдө калуусуна уруксат берди. Алланын жардамы менен мусулмандар Табукта жеңишке жетишти. Жеңиш менен мекенине кайткан Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) сахабалары менен эс алуу үчүн жол боюна токтошту. Түн кирип, айлананы коюу караңгылык каптаган мезгилде, Жебрейил периште түшүп, Пайгамбарыбызга (Ага Алланын салам-салаваты болсун) кайрылып: - Оо, Мухаммед, азыр туруп Муавияга кайып жаназасын оку - деди.
- Азыр окуюнбу?
- Ооба.
- Таң атуусун күтсөк болбойбу?
- Жок, оо, Алланын Элчиси, чатырдын сыртында сени ар бир сабында жетимиш миңден болгон эки сап периштелер күтүп турат - деди Жебрейил, - алар буга чейин асмандан түшкөн эмес, качан гана Муавиянын кайтыш болгону асманга тараганда, сенин артыңда жаназа окуу үчүн Роббусунан уруксат сурашты.
- Оо, Жебрейил, мындай сыйга жетүү үчүн Муавия эмне кылды эле? - Ал "Кул хувал-лооху ахад..." сүрөөсүн жакшы көрөт эле жана "Алланын сыпаты болгондугу үчүн аны жакшы көрөмүн" деп айтчу. Ушул түнү Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Жебрейил баштаган 140 000 периште менен Муавияга кайып жаназасын окуду.
_Урматтуу окурман! Биз дагы Муавия сыяктуу Куран аяттарын сүйгөндү үйрөнөлү._
_Даярдаган Абдырахманова Р._
📚📖 *___Хидаят.kg______________*
🍃🍃🍃 *_Эскертүү группанын атын жана макаланы өзгөртбөстөн башкаларга жеткириңиз._* 🍃🍃🍃
*_Группага катталуу үчүн_*
✅ https://instagram.com/ar.raiyan.kg .
*_Ватсап._*
+7 926 702 94 74🇷🇺
🇰🇬 *АР РАЯН ГРУППАСЫ*
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев