*Тема: _Дил дайрасына кат_*
_Азирети Умар (Алла ыраазы болсун) Амр бин Асты (Алла ыраазы болсун) Мысырга аким кылып дайындаган эле._
Бир нече ай өттү.
Мысыр калкы жыйналып, Амр бин Аска келип:
«Бул Нил дайрасынын бир адаты бар, эгер ал орундалбай турган болсо суусу соолуйт», - деп арыздарын айтышты.
Амр бин Ас сурайт:
«Ал кандай адат?»
Жообунда:
«Ар айдын он экисинде бир кыз кишини табабыз. Эне-атасын мал-оокат менен ыраазы кылабыз. Ал кызды өзгөчө кийимдер менен кооздоп Нил дарыясына таштайбыз», - дешти.
Амр бин Ас буга өтө таң калды.
Келген элге:
«Исламда мындай нерсе жок. Ислам бардык жаман адаттарды жойгон», - деди.
Ошол белгилүү болгон күн келип жетти.
Нилдин суусу соолуду.
Эл көчө баштады.
Азирети Амр (Алла ыраазы болсун) бул абалды азирети Умарга (Алла ыраазы болсун) кат менен кабарлады.
Азирети Умар катты алды, окуп, маселени түшүндү. Ал дагы өтө таң калды. Ошентип, катка жооп катары:
«Андай нерсе болбойт. Каттын ичине бир тилим кагаз салдым. Аны Нил дайрасына ташта!» - деп жазды.
Кат акимге келди.
Анда мындай деп жазылган эле:
«Хаттабдын уулу Умардан Нил дарыясына. Мурда өзүң агып жаткан болсоң акпа. Эгер Алла Тааланын буйругу менен агып жаткан болсоң, Ал сени албетте агызат.»
Амр бин Ас кагазды алды да, Нил дайрасына таштады. Нилдин суусу он алты чыканак көтөрүлдү, андан кийин бир дагы соолубады...
📄 _Бейиш гезитинен_
🍃🍃🍃 *_Эскертүү группанын атын жана макаланы өзгөртбөстөн башкаларга жеткириңиз._* 🍃🍃🍃
✍🏻 _Даярдаган: Абдырахманова Р._
*🕋 «Ар Раян» 🕋 Группасына катталуу үчүн*
✅ https://instagram.com/ar.raiyan.kg ✅ https://ok.ru/group/54354287329349 ✅ https://www.facebook.com/profile.php?id=100027900560336 🔴 *Ватсап үчүн*
+7 926 702 94 74🇷🇺
+996 773 456 512🇰🇬
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев