_Ибн Аббас (радиаллаху анху) риваят кылат:_
_"Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам): *"Аллах үчүн бул күндөрдө жасалган иштер башка күндөрү жасалган иштерге караганда сүйүктүүрөөк"* деди._
_Сахабалар: *"Аллах жолундагы күрөштөн да сүйүктүүбү?"* деп сурашты. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): *"Аллах жолундагы күрөштөн да сүйүктүү. Бирок мал-жаны менен Аллах жолунда күрөшкө чыгып үйүнө кайтпай калган пенденин иши мындан сырткары" деп жооп берди".*_
_Ибн Масъуд (радиаллаху анху) айтат: *"Аллах күндөрдөн төртөөнү, айлардан төртөөнү, аялдардан төртөөнү өзгөчө жаратты. Мындан сырткары төрт киши бейишке биринчи болуп көрүүчүлөрдүн алдыңкы катарында болушат. Дагы башка төрт кишини чыдамсыздык менен күтөт. Күндөрдүн биринчиси – Жума. Бул күндө бир учур бар, ким бул учурга туш келгенде Аллахтан дүнүйөлүк же акыретке тиешелүү бир нерсе тилесе, ал сөзсүз берилет. Экинчиси – Арафат күнү. Арафат күнү келгенде Аллах периштелерине кайрылып: *"Оо, периштелерим, менин пенделеримди карагыла. Кыйынчылыктарды көтөрүп, колунда жокторду тойгузууда. Силер күбө болгула, мен аларды кечирдим" дейт.*_
_Үчүнчүсү – Курман айттын биринчи күнү. Бирөө Аллах үчүн курмандык чалса анын канынын алгачкы тамчысы күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Өзгөчө күндөрдүн төртүнчүсү – фитир садака берилип, муктаж жана жардылар кубандырылган күн. Момундар Рамазан орозосун тутуп, майрамга жетсе Аллах периштелерине кайрылып: *"Ар кандай жумушчу кылган иши үчүн акы алат. Пенделерим парз кылынган бир айлык орозону тутушту. Эртең майрамдашат, акыларын беришибиз керек. Оо, периштелер, силер күбө болгула, Мен аларды кечирдим" дейт. Ошондо бирөө: "Оо, Мухаммеддин үммөтү, көңүл бургула! Жаман иштериңер, жакшы иштерге алмашылат!" деп жар салат.*_
_Өзгөчө айлар: Ражаб, Зулкаада, Зулхижжа жана Мухаррам. Өзгөчө аялдар: Имран кызы Мариям, Хувайлид кызы Хадича, Мазахим кызы Асия, Мухаммед кызы Фатима._
_Бейишке көрүүчүлөрдүн алдыңкы сабындагылар: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам), Салман Фариси, Сухайб (радиаллаху анху) жана Азирети Билал (радиаллаху анху)._
_Бейиш каалап күткөн кишилер: Азирети Али (радиаллаху анху), Салман Фариси, Аммар бин Ясир, Микдад бин Асвад._
_Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт: *"Ким Арафат күнүнөн бир күн мурда орозо тутса, Аллах ага Айюбдун (алейхи салам) балээлерге сабыр кылганы үчүн берилгендей сооп берет".*_
_*"Ким Арафа күнү орозо болсо, Аллах ага Исага (алейхи салам) бергендей сооп берет".*_
_*"Арафат күнү Аллах жер жүзүнө Өз мээримин төгөт. Бул күнү абдан көп пенделеринин күнөөлөрүн кечирет. Ким Арафат күнү Аллахтан дүнүйөлүк же акыретке тиешелүү муктаждыгын сураса, Аллах анын сураганын берет".* (Муслим, 1162)._
*Жүрөктөрдүн ачкычы китебинен*
#hidayatkg#juroktordunachkychy
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев