КЫРГЫЗДАРДЫН УЛУТТУК МҮНӨЗҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
1-бөлүм. ЭРКИНДИКТИ СҮЙҮҮ
Тема философия илимдеринин кандидаты, доцент Аалиева Гүлзат тарабынан даярдалды
Материал төмөнкү булак боюнча келтирилүүдө: Аалиева Г. К. Кыргыздардын улуттук мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрү. Монография. – Бишкек, 2013. Көлөмү 33,25 басма табак, же 529 бет
ТОТЕМИЗМДЕ ал өзүн кандайдыр бир ЖАНЫБАРДЫН УРПАГЫ катары эле карабастан, жаныбарлар менен болгон байланыш анын физикалык да, социалдык да болмушунун негизин түзгөн. Көпчүлүк учурларда бул кандайдыр бир тотемдик кландын мүчөлөрү өзүн өзү канаттуу куш же кандайдыр бир башка ЖАНЫБАР деп жарыялоо формасындагы ИДЕНТИФИКАЦИЯЛАНУУНУН даражасын туюндурган . Мисалы, англичандар өзүнүн кулк-мүнөзүн ТҮЛКҮГӨ (Fox), немистер КАРЫШКЫРГА (Wolf), орустар АЮУГА (русский медведь) окшоштурса, кыргыз элинин “КОЖОЖАШ” кичи эпосу менен “КАРАГУЛ БОТОМ” уламыш-кошогунун МОТИВДЕРИ боюнча белгилүү режиссер ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВ менен таланттуу драматург МАР БАЙЖИЕВДИН биргелешкен эмгегинен жаралган КӨРКӨМ ФИЛЬМ кыргыздарды «АК ИЛБИРСТИН ТУКУМУ» деп атаган. Жаныбарлардын этосун окуп-үйрөнүү көрсөткөндөй, "ТӨРӨ ПЕЙИЛ", же “АК СӨӨК” МАНЕРАЛАРЫ (“барские манеры”) менен айырмаланган АК ИЛБИРС ыплас жерлерден алыс, бийик тоолордо, ак кар, көк муздун арасында, таза абада, ЭЧ КИМ КӨЗ КАРАНДЫ болбой, табият менен гармониялуу жуурулушуп, ЭРКИН жашайт (Илимий адабиятта кыргыздардын улуттук мүнөзүн АК ИЛБИРС менен салыштырган алгачкы маалымат философия илимдеринин доктору, профессор А. И. ИСМАИЛОВГО (1937-2008) таандык).
ОРУСТАР сыяктуу ОТУРУКТАШКАН ЭЛДЕРДИН майда-барат, өтөөр-кетээр көр дүйнөнүн (МАТЕРИАЛДУУ НЕРСЕЛЕРДИН ДҮЙНӨСҮНҮН) болоор-болбос баалуулуктарына көз каранды болуп, ошол нерселерге байланып калганына таң калган КӨЧМӨН КЫРГЫЗДАРДЫН дүйнө көрүмүн В. В. ДАЛЬ өзүнүн “МАЙНА” деп аталган повестинде төмөнкүчө сыпаттайт.
ОЛТУРУКТАШКАН ОРУСТАР МЕНЕН КӨЧМӨН КЫРГЫЗДАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ МЕНТАЛДЫК КАГЫЛЫШ (Маалымат төмөнкү булак боюнча келтирилүүдө: Бычков А. Грозные воины половецких степей. – М.: Изд-во АСТ, 2010. – С. 182)
“За что я буду жить хуже скота своего?”, - говорит кайсак (киргиз). “Разве я хуже птицы, которая бьется и в золотой клетке просит воли? Кто прирос домом к земле, кто не выдвинет шатра своего из ряда других, тот раб земли и людей. Кто в полчаса может подняться днем и ночью, со всем своим домом, и идти на все четыре стороны, тот волен. Тутовому дереву хорошо расти в ханском саду, да я не дам закопать себя живьем по пояс, хотя бы и знал, что ноги мои корни не пустят, а руки – сучья. Богатому всюду хорошо, а бедному – везде худо”.
Скажите кайсаку, что грешно жить тунеядцем, что надобно работать; он ответить: “Нужда придет, работа не уйдет; на голодного коня травы много в поле, на долгую работу дней у Бога много”. Если спросите кайсака: “Не холодно ли зимой в войлочной кибитке?”, - он ответить: “Спросите гуся, не зябнут ли у него ноги?”.
“Мен эмне үчүн өз малымдан да жаман жашашым керек”, - дейт кайсак (кыргыз). “Мен эмне алтын тордо эркиндикке чыгам дегенде эки көзү төрт болуп, жан далбастап жаткан чымчыктан да ылдыймынбы? Ким үйү менен жерге байланса, тиккен ак өргөөсүн ордунан жылдыра албаса, анда ал жер менен адамдардын кулу. Ким түн да, күн да жарым сааттын ичинде үй-жайын, мал-мүлкүн алып, төрт тарабы кыбыла дүйнөгө көчүп кете алса, анда ал эркин. Хандын бакчасында өскөн тыт дарагы жакшы дечи, бирок, мен буттарым тамырлап, колдорум бутакка айланбасын билгендиктен, өзүмдү белиме чейин көөмп салганга жол бербейм. Байларга баардык жерде жакшы, ал эми кедейлерге баардык жерде жаман”.
Кайсакка жатып ичкен жан бакты жалкоо болгон күнөө, иште деп айтсаң, ал “Зарылдык болсо иштегенге не жетсин, жумуш качпайт; талаада ачка жылкы үчүн чөптөн көп нерсе жок, ал эми таң аткандан күн батканга чейин Кудайдын иши бүтпөйт”, - деп жооп берет. Кайсактан “Кышында кийиз алачыкта жашайсың, суук эмеспи?”, - деп сурасаң, ал “Каздан кышында бутуң тоңбойбу деп сурап көргүлөчү”, - деген жоопту берет.
АДАМДЫН ЭРКИНЕ кара курсак менен кызыл кекиртектин айынан аргасыз баш ийген БАШКА ЖАНЫБАРЛАРДАН айырмаланып, АК ИЛБИРС темир тордун артында, же зоопарктарда кысылып жашай албайт. Постсоветтик геосаясий мейкиндикте өзүнүн КООМДУК-САЯСИЙ АКТИВДҮҮЛҮГҮ менен кескин айырмаланган кыргыздардын менталитетинде да ЭРКИНДИКТИ СҮЙҮҮ, ЭРКИНДИК ҮЧҮН ЖАН АЯБАЙ КАРМАШУУГА ДАЯРДЫК сымал өзгөчөлүктөр көзгө дароо урунат. Орусиянын курамына киргенге чейин эле кыргыздар ЭРКИНДИ БААРДЫГЫНАН ЖОГОРУ КОЮП, БАШКАЛАРГА КӨЗ КАРАНДЫ БОЛУУНУ ЖАКТЫРБАГАНДЫГЫ тууралуу В. Р. Мединский мындай деп жазат:
ЭРКИНДИКТИ СҮЙГӨН КЫРГЫЗДАР ОРУС ТАРЫХЫ МЕНЕН ОРУС САЯСАТЧЫСЫНЫН КӨЗ КАРАШЫНДА
«Енисейге ОРУСТАР ХVII кылымдын башында келишти. Ал жерде КЫРГЫЗДАР тарабынан түзүлгөн бир катар ПРИМИТИВДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕРГЕ кез болушат. КЫРГЫЗДАР көчмөн жана аскер иши менен байланышкан, ал эми аларга көз каранды болуп, «КЫШТЫМ» деген атка конгон алардын БУКАРАЛАРЫ дыйканчылык, малчылык, аңчылык жана балыкчылык кесиптери менен алектенишкен.
Кыргыздар өздөрүн «АК СӨӨК» деп атап, КЫШТЫМДАРЫНАН салык чогултушкан да, аларды өз билгениндей бийлешкен.
Келгин орустар КЫРГЫЗДАРДЫН КЫШТЫМДАРЫНА да, ӨЗДӨРҮНӨ да БААЛУУ АҢ ТЕРИЛЕР жана ЯСАК (Москвалык Руста жана падышалык Россиянын кээ бир жерлеринде буюм түрүндө алынган салык – А. Г.) түрүндөгү САЛЫКТЫ салышкан.
Кыргыздар ОРУС БИЙЛИГИ менен жан аябай салгылашышты. Алар эки жолу КРАСНОЯРСК ШААРЫН штурм менен алып кое жаздашкан. Эң кызыктуусу: кыргыз хандарынын БУКАРАЛАРЫ (кыштымдар) ОРУСТАР менен СОГУШУУНУ тап-такыр каалашкан эмес. Алардын көпчүлүгү бул жосууну КЫРГЫЗДАРГА жакпасын эң мыкты түшүнүп турса да, орус бийлигин ӨЗ ЫКТЫЯРЫ менен кабыл алышты.
1703-жылы кыргыздар ЕНИСЕЙДЕН ОРУСТАРДЫ сүрүп чыгара албасын түшүнүп, бул жерден КЕТҮҮНҮ чечишти да, МОНГОЛ ТАЛААЛАРЫН көздөй көчө башташты. Алар өздөрү менен кошо ЭҢ БААЛУУ МЕНЧИГИ болуп саналган КЫШТЫМДАРДЫ алып кетүүгө аракет кылышты. Бирок, КЫШТЫМДАР эч жакка кетишкен жок. ...Ошентип, КЫРГЫЗДАРДЫН мурунку БУКАРАЛАРЫНАН акырындык менен өзүн ХАКАСТАР деп атай баштаган эл жаралган. Бүгүн алардын саны 70 миңден ашык. Алар Красноярск крайынын түштүгү менен Хакасияда жашашат» (Мединский В. О России – «тюрьме народов». Серия «Мифы о России». – М., 2011. – С. 149-150).
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев