Диананын эне-атасы Бишкекке
келгенине дээрлик эки жумадан
ашып калган болчу. Алардын үйүнө
Ибрагим келип кеткенден кийин
кандайдыр бир үмүт шооласы
чачырап жоголгон кызын балким
таап калабызбы дешип, Токмоктон
Бишкекке келишкен. Алиги кесилип
кеткен Марат Исабековдун менчик
түрмөсүндө отуруп чыгышкан
кыздарга жолугушуп, Диана
жөнүндө сураштырып көрүшкөн
болчу. Алардын дээрлик көпчүлүгү
Диананы жакшы билишпейт экен.
Анткени аны Кыргызстандын
түрмөсүнө аз убакытка эле кармап
анан Ташкентке алып кетишкен
болчу. Бул боюнча алар
жергиликтүү милицияга да
кайрылышты. Алар да анча биле
беришпейт экен, бирок издөөгө
жардам беришкени кыздын
сүрөтүн алып калышты. Издеп-
издеп эч жерден анын дайынын
табышпаган соң Ташкентке жөнөп
Ибрагимди тапмай болушту.
Жаңыдан эле даярданып жөнөөгө
камданып жатышканда
телефондон бир кыз чалып калды.
- Сиздер Диананын эне-атасы
болосуңарбы, анын дайынын
билбей, таппай жүрөсүңөрбү? Мен
Диана менен чогуу Ташкентке
болгом, ал жөнүндө бир топ
маалыматтарды билем…
- Үмүттөрү өчүп бараткан билик
кайрадан жалп этип жана түштү.
Өздөрүнүн адресин айтып кызды
чакырып алышты. Ал баягы
саунадан Диананы качканга
жардам берген, кайра кармалып
калганда токмок жеп эси ооп
жатканда нан алып келип берген
Айгүл деген кыз болчу. Ташкенде
болгон окуянын чып-чыргасын
коротпой бүт айтып берди.
- Эң акыркы жолу аны көргөнүмдө
туткунга түшүп калышкан
кандайдыр бир кишилерди
тааныйсыңбы деп өзүнчө алып
чыгып көргөзүп жатканы эсимде.
Андан кийин биз жаткан үйдү
солдаттар менен милиция
кызматкерлери курчап алып,
ичинде курчоодо калгандар болсо
бизди барымтага кармашып,
ортодо атышуулар, ызы-чуулар
болуп кеткен болчу. Атышуу
мезгилинде бир топ кыздарыбыз
каза болушкан. Аларды биздин
үстүбүздөн караган кишилер
атайылап эле атып салышкан
болчу. Бирок өлгөндөрүнүн
арасынан Диананы көргөн
эмесмин, ошондо ал эмнегедир
дайынсыз жоголуп кетти. Аны
мурун качып кетип кайра кармап
калып, ошон үчүн өзүнчө бөлмөгө
камап салышкан. Кийинчерээк
биздин үстүбүздөн көзөмөл
жүргүзгөндөрдүн баары милиция
кызматкерлери менен солдаттарга
туткунга түшүшкөндө бир жигиттин
Диананы издеп, көрүнгөндөн
сураштырып жүргөнүн көргөм.
Менин угушумча ал Диананын
жигити окшойт. Болгону ушул,
башка эч нерсе билбейм.
Чындыгында эле Айгүл Диана
жөнүндө болгону ушуларды гана
билчү, башка эч нерсе айта алган
жок. Кандайдыр бир үмүттүн
шооласы чачырай түшкөн
Диананын эне-атасы дароо эле
Ташкентке жөнөп кетишти.
Адегенде жергиликтүү милиция
кызматкерлерине кайрылышып,
жоготкон кызынын сүрөтүн
көргөзүштү. Ансыз деле бул жактан
милиция кызматкерлери кызды
издеп жатышкан болчу. Сүрөтүн
алышканда ого бетер жеңилдик
болду. Аны компьютер менен
көбөйтүп, жер-жерлердеги
милицияларга таратып беришти.
Аны көргөндөр билгендер болсо
кабарлап коюусун өтүнүшүп, эл көп
жүргөн көчөлөргө сүрөтүн илишип,
атүгүл гезиттерге, телевидениеге
да жарыя кылышты. Кыздын эне-
атасы көп өтпөй эле Ибрагимди да
таап алышып, Диананы чогуу
издеп башташты. Бул мезгил
аралыгында Ибрагим аларды
айылдагы Мэхранын үйүнө алып
барып келди. Мэхранын сүрөтүн
көрүшкөндө алар адегенде
өздөрүнүн кызы экен деп
ойлошкон. Ишенишпей анын
мүрзөсүнө чейин барып келишти.
Автовокзалдын жанындагы окуяны
Албина менен Ибрагим бүт айтып
беришти.
- Ак мерседес машинеси
болбогондо Диана эбакта эле
мекенине кайтып кетип калмак
болчу. Көз ачып-жумганча эле аны
каяккадыр өкүртүп-бакыртып
салып кетишпедиби. Ошондон
кийин дайынсыз жоголуп кетти.
Азыр аны милиция кызматкерлери
да издеп жатышат, - Албина
көргөн-билгендерин Диананын
эне-атасына айтып бери отурду.
Анын сиңдилеринин да өздөрүнүн
кыздарына, Диананын
сиңдилерине окшош экендигин
көрүшүп аябай таңгалышты.
Бардыгы жабылыша кайра
Ташкентке келишип Диананы катуу
издөөгө салып киришти.
Диананын бул жерде жатканына
эки аптадан ашып, үчүнчү жумага
кетип бараткан. Кыйкырып атып
жедеп тажаган соң алы кетип
жерде матрацтын үстүнө
кыймылсыз жатып калган.
Эмнегедир эне-атасы көз алдына
тартыла түштү. "Алар мени
таптакыр эле өлүп калды деп
түңүлүп калышты го, болбосо
издөө салышат эле да. Жок
дегенде эне-атамды бир көрүп
алып өлсөм кандай гана жакшы
болот эле…"
Тээ илгерки мектепте окуп
жүргөндө, жай мезгилинде биринчи
жолу Ысыккөлгө пионер лагерине
барганын эстеди. Анда дагы аябай
энеси менен атасын, бир тууган
сиңдилерин сагынган болчу.
Таптакыр эле кыймылдоого
дарманы келбей жогору жактагы
өзүн капаска камап салган темир
торлуу эшикти тиктеп жата берди.
Ооздору кургап, жарылып
айланасы күн менен түн билинбей
айлан-көчөк тартып, эсин жоготуп
баратты. Көзүнө кадимкидей
ажалдын элеси көрүнө өмүр менен
өлүмдүн ортосунда турду.
ТАБЫШМАКТУУ КЫЗ
Жүрөгү түшүп, коркуп калган
өспүрүм алиги складда болгон
окуяны эч кимге айткан жок. Бара-
бара унутуп да калды. Бир жолу
ошол бийик дубалдуу короонун
жанынан өтүп баратып дарбазанын
тушуна келгенде тык токтоп калды
да өткөндөгү окуяларды эстеди.
Анан бир нерсе оюна келгендей
үйүн көздөй жүгүрүп кетти да көп
өтпөй кайра келди. Колунда мык
сууругуч, балта, аттиш бар болчу.
Дагы бир сыйра айланасына көз
жүгүртүп эч ким жок экенине
ишенген соң, алиги колуна ала
келген аспаптарын дарбазанын
алдына сойлотуп жиберип, дубалга
жармашып чыга секирип өтүп
кетти. Дарбаза жанындагы
аспаптарын чогултуп алып
кайраттана түз эле алиги аялдын
үнү чыгып жаткан склад жакка
басып барды. Бир жолу да атайы
көпкө келип тыңшап туруп кыздын
ыйлап жаткан үнүн үзүл-кесил
уккан болчу. Эч кимге айтпай
өзүнчө ойлонуп жүрдү. "Балким ал
жакта көрүмчү эмес эле, камалып
жаткан бирөө болуп жүрбөсүн? Мен
эмнеге коркоктук, бок жүрөктүк
кылып жатам. Эркекминби,
эмнемин кой эмнеси болсо да,
ичин текшерип көрүш керек.
Көрүмчү, арбак эмес балекет болсо
да барам", - ал ушундай чечимге
келген болчу.
Складдын жанына келип кулпуну
сындырып ача аламбы деп өзүнө
ишенкиребей бир топко карап
турду. Анан колундагы мык
сууругучу менен илинүү кулпуну
илип алып күчкө салып катуу тарта
баштады. Кулпу илинген жыгач
эшиктин добшасы аябай бек, катуу
тагылыптыр. Канчалык күч менен
тартса да омкоро албай койду.
Эмне кылаарын билбей ачуулана
ары-бери баса бир пазга ойлонуп
калды. Короонун дарбазасын
карады эле, кайдан-жайдан пайда
болушканы белгисиз балдардын
бардыгы аны жылчыктардан
шыкаалаша жалдырап унчукпай
карап турушуптур. Алардын
көзүнчө намысына келе түштү да
мык сууругучту добшага салып
болгон күчү менен чымырканып
өзүн көздөй тартып кирди. Анча-
мынча бошогону болбосо дегеле
ордунан козголчу түрү жок. Эмне
кылаарын билбей шалдырап отуруп
калды. Бир кезде "топ" эткен үн
жакка башын бурса, мадыра
баштардын улуурагы дубалдын ары
жагынан бери көздөй секирип
өтүптүр. Сыягы тигилер дубалга
чыкканга жөлөп-таяп жардашышса
керек. Эми мык сууругучту
добшага салып алып экөөлөп тарта
башташты. Добшанын бекилген
жери кичине бошогонсуду. Баары
бир ошол эле боюнча болчу. Тажап
кеткен экинчиси тигиндейрээк
барып отуруп алды.
- Эмне убараланып жатабыз,
ичинде тим эле алтын бардан
бетер.
- Азыр көрөсүң аны, тиякта эмне
бар экенин…
- Чын эле эмне бар экен айтчы,
көрдүңбү бир нерсе?
- Ооба.
- Айтсаң эмне бар экен?
- Айтпайм, айтып койсом тигилерге
да айтып коёсуң.
- Эч кимге айтпайм.
- Автомат, тапанча, граната
көптөгөн октор…
- Чын элеби, аны кантип көрдүң?
- Айтпайм, адан көрө туруп
жардамдаш. Эшикти экөөлөп ачып
алалы.
- Чын айтып жатасыңбы?
- Анан калп айтып атат деп
атасыңбы, андан көрө давай муну
тартканга жардамдаш.
Экөөлөп кайрадан добшаны тарта
башташты. Добша акырындап
бошоп келатты. Улам эс алышып
кайра күчкө салып тартып
отурушуп, акыры добшаны кулпусу
менен кошо сууруп алышты. Күчкө
салып экөө күү менен тартканда
добша каалгадан чыгып кетип,
экөө тең чалкаларынан кетишти.
Кайра туруп келген эң улуусу
тигиге кайрылды.
- Биз складдын ичин аңтарып
жүргөндө мунун кожоюндары
келип калышса эмне кылабыз?
- Коркпой эле кой, сырттагы
балдарга эскертип койгом, бир
нерсе болсо ышкырып белги
беришет.
- Ана кирдик ичине…
Экөө ээрчише складдын эшигин
эки жакка ачышты да сактана
ичине киришти. Ичи жапжарык,
бирок тигилер ойлогондой эч нерсе
жок экен. Ары жактагы темир
шкафтардын оозун ачып ичин
аңтарып карай башташты. Эски
илинип турган кийимдерден башка
эч нерсе жок. Бурчта жөлөнүү
темир шаты турат.
- Мен айтпадым беле эч нерсе жок,
а сен калп эле каяктагы
куралдарды айтып башты
оорутасың, кеттик жүрү эшикке.
Таманы цемент менен куюлган
складдын дал ортосундагы темир
торчого жакындап келген
өспүрүмдөрдүн улуураагы төмөн
жакта эмне бар экен деп акырын
үңүлүп карады.
- Кеттик жүрү, кожоюндары келип
калышса бизди кармап алышат.
Бол, эмне туруп калдың жалдырап.
Ал жактан бир нерсе көрдүңбү?
Улуураагы акырын башын көтөрүп
тигини карады да сөөмөйүн эрдине
такап "чыщ-щ" деп белги бере
акырын үн чыгарбай тигини өзүнө
чакырды. Эч нерсе түшүнбөгөн
экинчиси анын жанына аярлай
басып келди. Төмөн жакты карачы
дегендей сөөмөйү менен көрсөттү
эле акырын эңкейип карады.
Өздөрүнөн төрт-беш метрдей
төмөн жакта төрт тарабы
цементтелген жер төлөнүн ичинде
кыймылсыз чалкасынан бир кыз
жаткан болчу. Экөө акырын
шыкаалай таңгалыша көпкө
акмалап карап турушту. Кыз
чалкасынан жаткан боюнча дегеле
былк этип койгон жок.
- Өлүп калган го дейм ыя?
- Ким билет…
Экөө шыбырашып сүйлөшүп
жатышты. Төмөн жактагы кыздын
манжалары кез-кез кыймылдап
кеткенин экөө тең көрүштү.
- Үн чыгарып көрөлүбү, балким
уктап жаткан чыгаар?
- Үй ээси же албарсты болуп бизди
кармап калсачы?
- Кантип кармайт, темир тордун
сырты кулпулануу турбайбы. Ал
жактан көтөрүлүп чыга да албайт.
- Анда акырын үн чыгарып көрчү?
Экөө бир пазга чочулашып турушту
да, экинчиси акырын үн катты.
- Ээ-эй, сен кимсиң?
Төмөн жактан жооп болбогон соң
экөө бирин-бири караша чогуусу
менен үн катты.
- Ээ-ээ-ээй, сен кимсиң?
Жооптун ордуна колуну манжалары
кез-кез кыймылдап кеткенин
көрүштү.
- Эй тирүүсүңбү?
Жооп жок, жымжырт. Экөө
шыбырашып сүйлөшүп жатышты
эле эми үндөрүн ачык чыгарып
сүйлөшүп киришти.
- Муну кимдир бирөөлөр камап
кетишсе керек, чала жан кылып
туруп. Эмне кылабыз?
- Бул капкакты ачып көрбөйлүбү?
- Давай.
Экөө темир тордун кулпусун мык
сууругуч менен ары-бери
жулкулдатып, ургулап, убараланып
атышып таптакыр эле ача албай
коюшту. Төмөндө жаткан аялга
кыйкырып атып акыры тажашты.
- Балким тигил тирүүдүр?
- Ооба, колдорунун манжалары
кыймылдап жатпады беле…
- Эми эмне кылабыз?
- Экөөбүздүн колубуздан эч нерсе
келбейт окшойт, андан көрө эне-
атабызга барып кабар берели, алар
бир нерсе иштешээр.
- Ооба да.
Экөө төмөн жактагы кыймылсыз
жаткан кыздын денесин бир аз
карап турушту дагы, дароо сыртка
жүгүрүп жөнөштү.
Көп өтпөй эле дарбазанын үстүнөн
ашып өтүшкөн өспүрүмдөрдүн
аталары дароо эле ачык турган
складдын ичине киришти.
- Канакей жанагы өлүп жаткан
аялыңар?
- Мынакей, бобул темир тордун
алдында жатат. Бардыгы
тегеректеше бир аз карап
турушкан соң, темир тордогу
кулпуну талкаламай болушту эле
бирөөсү аларды токтотуп калды.
- Коё тургула шашпай, бул өлүктү
через милиция аркылуу
текшербесек бизден көрүп калышы
да ыктымал.
- Туура.
Анын сөзүн жөндүү көрүшкөн
башкалар дароо эле телефон
аркылуу милицияга кабар беришти.
Көп өтпөй милициялар дагы,
медэкспертизанын кишилери дагы
жетип келишти. Темир тордун
кулпусун сындырышып, ары жакта
тургун темир шатыны төмөн
түшүрүп жиберишти дагы эки-
үчөөсү ылдый карай түшүп
баратышты. Медэкспертизадан
келген киши кыздын чекесин
басып, анын тамырын кармап
көрдү, анан башын көтөрө
жанындагыларга кайрылды.
- Али тирүү экен, тамыры араң жан
согуп жатат. Тезирээк ооруканага
алып жөнөгүлө.
Эки-үчөөлөп кызды өйдө жакка
көтөрүп чыгышты да "тез жардам"
машинесине отургуза шашылыш
ооруканага алып кетишти.
Милициянын капитаны
айланасында жарданып
турушкандарга кайрылды.
- Бул кимдин складдары?
Бардыгы бири-бирин караша
өздөрүнчө кужулдашыша
билбейбиз дегендей ийиндерин
күйшөштү. Бирөөсү бардыгы үчүн
жооп берди.
- Көп эле чет элдик машинелер
келип кетишчү, ага анча деле
маани берчү эмеспиз.
Складдардын ичин милиция
кызматкерлери бир сыйра
текшерип чыгышкан соң
дарбазаны бекитип, печать коюшуп
кошуна жашагандарга эскертип
өтүштү.
- Бул жакка улуксаатсыз экинчи
кирбегиле, эгер чоочун машинелер
пайда болсо дароо эле бизге
звонит эткиле.
Короонун сыртында турган
милиция кызматкерлеринин
машинелери ордунан козголуша
биринин артынан бири ээрчише,
кандай келишсе дароо ошондой
көздөн кайым болушту. Өз ара бир
нерсени талкуулашкан кошуналар
тигилерди узатып кала беришти.
* * *
Телевизордон, гезиттерден
жоголгон кыз тууралуу кабарлар
берилип, көчөлөргө да анын
сүрөттөрү илинип калган болчу.
Бир күнү таң эртең менен кыздын
эне-атасына ооруканада жаткан
белгисиз бейтааныш кыз тууралуу
телефондон кабар келди. Айтылган
дарек боюнча жетип барышкан
Диананын эне-атасы кызын
тааныбай жатышып араң дегенде
таанышты. Ал реанимацияда эс-
учун билбей "капельницада" жаткан
болчу.
Врачтар ал жакка жакын жолотпой
коюшту.
- Анын ахывалы өтө оор, адам
болобу болбойбу белгисиз. Колдон
келишинче аракет кылып жатабыз.
Бирок…
- Эмне бирок…? Айтыңызчы доктор
аны эптеп адам катарына келтире
аласыңарбы?
- Жүз процентке гарантия бере
албайм, бирок колдон келишинче
аракет жасайм, мындайлардын
жүздүн бири гана айыгышы
мүмкүн. Эрки, ден-соолугу күчтүү
болсо адам болуп кетет болбосо…
аны өзүңөр деле түшүнүп
жаткандырсыңар.
- Жардам бериңизчи доктор эмне
дегениңиздин бардыгын жасайлы…
- Бизге эч нерсенин кереги жок,
болду. Эгер ал силердин кызыңар
экени чын болсо анда, бизге
тоскоол кылбагыла. Кете берсеңер
болот, бошсуңар… ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев