Ал Кыргызстандын ички дүң продукциясын 1 триллион 500 миллиард сомго жеткирүүнү, ал эми бюджетти 667 миллиард сомго көтөрүү пландалып жаткандыгын белгиледи.
Төрөбаев 9 айдын ичинде айыл чарба тармагында 106,7% өсүш катталганын, анын ичинде мал чарбачылыгы 102,7%га, өсүмдүк өстүрүү 110,4%га өскөнүн айтты.
“Айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн 5 багыт аныкталган, анын бири суу ресурстарын башкаруу. Биринчи кезекте жаңы технологияларды колдонууга көңүл бурабыз. Тамчылатып сугаруу системаларын жана суу топтоо системаларын киргизебиз”, - деди Бакыт Төрөбаев.
Белгилей кетсек, 5 жылдын ичинде 250 миң гектар жерге тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын киргизүү пландалууда. Министрликке 106 суу топтоочу бассейндерди (күнүмдүк/декадалык күндүк жөнгө салуу) жана резервуарларды куруу, 987 миллион куб метр сууну топтоо, 223 миң гектар сугат жерлерди суу менен камсыздоо, 1800 суу кудуктарын калыбына келтирүү, 120 насостук станцияларды оңдоо тапшырмалары коюлган.
“Бул иштерди аткаруу үчүн жалпы 400 миллиард сомго жакын каражат талап кылынат”, - деп белгиледи Төрөбаев.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев