1-бөлүм.
Акелең үч-төрт күнгө
чейин Макандын
жоголгонунан эсеп
деле берген жок.
Тааныштары менен
жүрсө керек деп
ойлоду. Анан санааркай
баштады. Кантмек,
биринчиден,
айылдашы, экинчиден,
бу ак дил баланы
чындап келсе бир
тууган инисинен кем
көрбөйт...
Ошол үч-төрт күндөн
кийин Маканды өзү
жиберген базарга
барып керээли-кечке
издеди, бирин-экин
айылдаштарын
жолуктуруп
сураштырды, уккан-
билген киши жок.
Милийсага барсачы?
Бул оюнан дароо
кайтты, андан аябай
коркчу. Акыры кудай
сактасын деген ою
жеңип, өз түйшүгү
менен алек, кудай
сактасын деген
кудуреттүү сөз
кыргызыңды
санааркатпай,
коймаарек кылып
таштайт эмеспи...
***
Макан бир айдан өтүп ооруканадан сакайып чыкты. Анткен менен шайы жок, өңү кагаз, баягы таш дене шалбырай түшкөн. Ал чыгып келген күнү Акелең жакшылап тамак жасап, экөө бир бөтөлкөнү тең бөлүп, тээ түндүн бир оокумуна чейин
сүйлөшүп отурушту. Макандын окуясын
уккан Акелең дароо эле айтты:
-Аны жанагы сен көтөрүп урган мурут
жасады, билдиңби? Дароо эле, байкагам,
соо адам эмес, бандиттердин анабашы болуш керек. Өлтүрүп салгыла деди да...
Арак денесин жибитип бараткан Макан тиштенди:
-Эми өзү өлөт! Акелең так секирди:
-Сен эмне, жинди
болдуңбу?! Жаман
болсом да улуу деген
атым бар, өлтүргөндү коюп, аман калганыңа сүйүн. Андан көрө
экинчи жолу анын
көзүнөчалдыкпайын
деп тиле.
-Баары бир өч алам.
-Эй кандай келесоосуң, ыя?! Ошолор эле сенден өч алдырып коюп жатып бермек беле. Колдон келчү ишти айтсаң боло! Өлбөй калганыңды билсе, түбүңө жетет. Аны-мунуңду кой да, эртеңден калбай
айылга кет. Жан керекпи, кет.
-Көрөбүз...
Макан ошол түнү таң атканча кирпик каккан жок. Эмне ойлобосун, "өч алуу керек" дегенге алпарып такайт,
ызаланып кетет, азыр ушу жетип барып мурутчанды да, беркилерин да мууздап салгысы бар. "Өлтүрөм, баары бир өлтүрөм".
Минтип кызуу кандуулук кылып жатат, болбосо чычкан өлтүрө албас. Ырасында эле
Макан ошондой, чычкан өлтүрмөк
турсун, мууздап жаткан койду карай албайт. Айылда жүргөндө бир кошуна жеңеси чакырып келиптир:
"Байкең үйдө жок эле, тооктун башын чаап берчи" деп. Так
секирген: "Чаап көргөн эмесмин". "Эй, жигит эмес эле мен окшогон катынсың го..." деп
жеңеси оюн-чындан
катуу айткан. "Ырас эле, тооктун башын
чабалбасам, эркектигим аз го..."
ушинтип ойлонуп
койгону бар...
***
Ак көңүл Акелең эртең менен Маканга айылга кет деп кеңири акча берди:
-Ме, момуну ыраскот
кылып кой, таттуу- паттуудан кеңири алганыңа да жетет.
Кийин байыганыңда
берерсиң, бербесең доолашмай жок. Баарына менден салам айт. Жеңең келмек эле тезирээк келсин, унутпай айт. Соода кылчу орун даярдап коюптур де...
Макан аз кийими салынган асынма кара сомкесин алып,
Акелеңге рахматын айтып, үйдөн чыкты.
Анын айылга кетейин деген ою жок болчу. Атып салам десе да бармак эмес. Өң- алеттен кетип, кебетеси келишип, кайсы бети менен барат. "Тентип калып, ичээрге тамагы, кийээрге кийими жок калганда келиптир,
нанга жетпей отурган эне-атасы эми муну кантип бакты" деп кеп кылчулар четтен
чыкпайбы...
Палан кылам, түкөн кылам деп жашоосун мындан ары багыттаган тартиптүү ою деле жок болчу. Сомкесин
асынып, көчө бойлой илкий келатат. Өзүн өлүмдөн алып калган догдур байкенин айткандарын эстеди. "Жайлоого бар, кымыз ич, казы-карта же, оор жумуш жасаба. Анан
бир ай өтүп-өтпөй калыбыңа келесиң, организмиң мыкты экен" деген ал киши.
Андан соң эки ирет келген милийсаны
эстеди. Кадимки эле
шым-көйнөкчөн экен. Сан суроо салып мазээсин алды, араң жан жаткан неменин ашмалтайын чыгарды. Догдурлар милийсага дароо билдирет тура, кырсыкка учурагандарды. Ошол эки ирет келгенден кийин дайыны жок болду. Ушуларды ойлонуп келатып, баягы эрди-катынды эстеди. Ыраазы болуп эстеди. Атаңдын көрү де,
колунда болсо ошол
экөөнү дүнүйөгө карк кылып багып албай беле... Алардын адреси менен атайын барууга нээти жок эле ошол жерге келди. Келгенин келгенден кийин билди. Бул жер чоң шаардын чок ортосунда болгону менен, көпчүлүгү кепе тамдардан турган жер. Эшик алды кайсы, көчөсү кайсы -ажырымы жок. Качандыр бир көк- жашыл түскө
сырдалып, анысы
белгисиз түскө айланып, Пизан мунарасындай бир
жагына оогон дарбазаны какты.
Короодон жооп жок. Дарбазаны түртсө ачык экен, короого кирди. Ана, баягы катынына кыргыйдай тийип турчу эркек дөңгөчкө отуруп тамеки тартып жатат. Маканды көрө сала атып турду, жүзү жайнап кетти: -Ой, иним, кел, кел. Бу дарбаза каккан ким деп, туруп баргандан эринип отурсам, сен
турбайсыңбы! Сакайып кеттиңби? - Маканга келип бир тууганындай кыса кучактап, балч-балч үч-төрт ирет өөп жиберди. Ичкиликтин жыты күчүндө экен. -Ырас келбедиңби. Энеңдурайын десе, ой, өз үйүмө өзүмдү
киргизбей жатпайбы!
-Ким?
-Ким болмок эле, өзүмдүн эле айылдашым. Зөөкүр
энеңдурайын десе,,
алкаш! Алымдын гана жетпегени, болбосо, мойнун толгон туруп... Бети жок десе, катынымды бирдеме кылып жатабы дейм...
Макандын келгени дем берди көрүнөт,
короонун ичиндеги
төрт кепенин бирине
барып эшигин уруп да, тепкилеп да жиберди:
-Эй, зөөкүр, ач,
неңдурайын, суболуч десе! Эй, зөөкүр, иним келди, азыр .... кайра киргизип сала электе сыйың
менен ач!
"Бекер келипмин" деди Макан. Эми дагы эмне балээнин үстүнөн чыгар экен. Тепкилеп жаткан эшик ачылып,
зөөкүрлүгү да, алкаштыгы да
кебетесинен даана
көрүнгөн эңгезердей
неме чыгып беркини
сөгө баштады:
-Эй, эмне деп эле кедеңдеп жатасың, ыя?! Азыр башыңды
тыгайынбы! Кана,
апкелчи иниңди! Ини- пиниң менен тыкчу жерге тыгып ийейин! Бу сөздү уккан Макандын денеси бир силкинип, намысы дүрт этип, калтырап кетти.
Кубанычбек эртеси
кабинетке кирери менен телефон бурап, шаардык милициянын уюшулган кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн
начальнигине чалып, өзүнө чакырды. Чоңдор чакырганда милийса
дегениң "атка жеңил, тайга чак" болуп чыга келишет. Кубанычбек бир тамеки тартып бүткөнчө гражданча
кийинген подполковник анын
кабинетине кирди.
Кубанычбек эпилдеген немени жылуу кабыл алып, чакырган жөнүн түшүндүрдү эле тиги:
-Андай шантрапалардын
далайын көргөнбүз,
баштарын жулуп
албасам элеби, - деп
ашыра күпүлдөп
таштады, анан
кошумчалады, -
өңгөлөрдөй көргөн го сизди. Бүт журт
сыйлаган адамга наезд жасаган кандай болорун көрүшсүн! .. - Подполковник
ырасында эле ишке тың болчу. Бирок
милийсалык милдетинен керт башына сөзсүз бир
нерсе өндүрүп алар эле. Бу шаардын
лөктөрүнүн бири
өзүнүн министри менен да, шаардык милиция начальниги менен да дурус мамиледе экенин
небактан билет. Оңдой берди болуп жанагы рэкеттердин да чыга калганын
карабайсыңбы!
Алардын эсебин тапса, анан муну менен жакшы болуп алса, кызматың да, наамың да биринен сала экинчиси келип атып жүдөтпөйбү.
***
Баскан жолун турмуштун туура жолуна эмес, баткак, ыпыр-сыпыры илээшкен, мүдүрүлмө жолуна салып алган неменин аты - Касым. Түбү жакшы жаралган жан. Жолу таза кезинде райкомдо зыңкыйган кызматкер болчу, а
жердин бир бөлүмүн
башкарып, "о, а жигит далай жерге жетет" дешип парткызматтын эң чоңунан ыйгарып турушчу. Анан мына-
мына облуска көтөрүлөт деп жатканда кубаттуу
өлкөнүн таш-талканы чыгып, компартияңдын коон үзгөн чалча кадыры болбой калды. Аны кой, коммунист дегениңди береги эле салпэтек катынга чейин көчүккө тээп, сөгүп калган учур келди. Касым ишсиз калды. А кезде кумайыктай
жойлогон парттөбөлдөрдүн бир даары бизнес деген немесине кирип, алып жулгандарын ачыкка чыгарып жүгүртүп, дүнүйө кууп безип кетишти, түлкүдөй жойлогон дагы бирлери жаңы
бийликтин өкүлдөрүнө "силерди небактан күтүп жүрдүм эле, эркин заман деп эңсегеним келди, эми эл үчүн накта күчүмдү берейин" деп дале болсо бараандуу кызматтарды ээлеп калышты, депутат болду, министр болдук.
Былыгы да, чылыгы да аралашкан а турмушту эр болсоң айтып көр, айтып аягына да, агына да жете албайсың... Касым томсоргон райборбордо жыл
чамасы бош жаткандан кийин соода кылган бир-эки теңтушун көрүп, алардын жолуна түшмөй болду. Биринен олчойто акча алды. Соодасы болбоду, куулук-шумдук аралашпаса соодаңдын болбошу нак экен. Жыл айланбай заңгыраган үйүн алдырып, аялы, эки баласы менен айылдагы атасынын
үйүнө келип тыгылды. Ак көңүл жандаржамандыкка бат алдырат, бат эле
алдырат. Aдамдыгынан жыдыган күндөр көбөйдү, кез-кези
ичкен арагы бат-батка өттү. Таң заардан туруп шимшиген көзү-башын сылагылап самогон сатчу коңшу катындын дарбазасын күндө какчу мезгил да келип жетти. Бу ичкилигиң кудайдан да кудуреттүү көрүнбөйбү. Кээ бир
көпкөн немени каргашат го аялдар
"кудай эсебиңди таап калсын, кудай кууратып салсын" деп. Андан көрө "арак, самогон эсебиңди таап калсын. Арак, самогон кууратып
салсын" десең каргыш жетти дей бер. Антип ким каргаганын ким
билди, төрттөгү улуу
баласы биринчи
класска барганча
Касымдын тамтыракайы чыгып
калган. "Баланча күнү ичип койдум эле" деп айтчу кеби эми "түшкө чейин тумшукка бирдеме илинбей жүрбөдүмгө" өттү. Адеп көчүп келгенде
сыйлашчу айылдаштары эми өздөрүн сыйлатып, аны кем тутуп калышкан.
Кыргыздын тең жарымына берилчү "алкаш" деген ат ага
кыт куйгандай орноду. Наалаты, өңүнөн көз тайгылчу Бермет деген атына жараша заты бар аялы күйөөсү менен
кошо ичип, ичкенде да жоолугу желкесине, көчүгүнө анан жерге түшкөнчө, дамбалы
шыпырылганча ичип, мугалимдик иши тарых болуп калды. Балдарынын жүргөнү бар-жогу эсеп болуп- болбойт.
Экөө чогуу жүрөт. Тытыша кетет, уруша кетет, ит жебегенден ой-да жешет, андайлар аларда кеңири, бири
жок боло калса экинчиси тозокто
болот, сагыныша кетет кургурлар. Мына эми ошол экөө эки баланы жетимиштен небак
өткөн Касымдын
энесине таштап, биз
кеттиктен эч айтпай
чоң шаарга баса
беришкен. Бу шаарга келип бапырап жашагысы бар... Касым атасын
көмгөнүнө жарым
жылдай болгон.
Көмгөнү да курусунчу, ошондо бүт айылга абийири кетпедиби.
Атасы өмүр бою колхоздун малын багып, ал десе алып, төлө десе төлөп келген момун адам эле. Чөнтөгүнө акча салып соода-сатык кылган жан эмес, баарын кемпири билчү. Кийин бирин-экин малына көз болуп жүрүп, жалгыз уулу кызматсыз, үй-жайсыз, оозунан
ашаткы жыттанып
келгенден кийин
ооруп-сыркабай эле
"момун өлүм" таап кете берди. Ошондо жакын туугандары Касымга кеңеш курса, анын бир эле акылы бул болду: "Ар табакка экиден таза арак коюлсун". Муну уккан атасынын иниси жарылып кете таштаган: "Оозуңа кара таш, айбан! Ушу сага кеңешкен биз да келесоо экенбиз. Ой, кайсы бетиң менен айттың ушуну?!" Ошол сөздөн кийин ал агасы Касым менен
кеңешкенди койду.
Агасынын өз оокатын өзүнө жумшап турду. Касым куурагырың
атасы үзүлгөндөн
баштап көңүл айткан бөтөлкөлөштөрүн кыйган жок, көзү
ачылбайт. Жаназа окулуп, Касымды сөөк башына тургузушту. "Атам кандай киши эле
дегенден үч ирет
айтасың" деп. "Атам"
дегенди айта албай
койду, тили күрмөөгө келбейт, өңгүрөп ыйлап жиберди. Эл дал болду. Ошондо атасынын иниси тура калып, "агам
кандай киши элесин" айтты. Дароо табыт көтөрүлүп, жайды
көздөй жол алганда
Касым темтеңдей
чуркап, көтөрүп
бараткан алдыңкы
баланын ордун тартып алды: "Келе, өзүм көтөрүп барам". Муну балдырап араң айтты. Эки аттадыбы, үч аттадыбы, оңкосунан кетти! Ага арткысы мүдүрүлдү, табыт кулады. Тозоктун сүрөтү тартыла түштү. Табытты карылуу жигиттер бат эле көтөрө коюшту.
Алардын бири жерде оонап жаткан Касымга каны кайнап, тополоңдо байкатпай тээп өттү эле, дал тумшукка тийген экен, самогондон чогулган
кан мурундан дирт этти. Мурдун жанып
алды. Кечээ бир жеңелери берген бет аарчысын таппайт, колу менен, чапанынын жеңи менен аарчыйт. Тургузган эч ким
болбоду. Дүбүргүп
кеткен топтун артынан темселей басып, атасын небак жашырып куран окулуп жатканда барды. Топурак сала
албай калдым дегенчелик кылып
чокчойтулган топурактан уучтап
кайра чачты. Тууганы да, башкасы да жүрү деген жок, топтун
артында келип боз
үйдүн түбүнө чөктүшө отурду. Атасын жоктоп ыйлаган болот.
Мындайда бир-экөө
келип "кой-ай" дейт го, антип расми жасаган адам болгон жок. Тээ биртопто барып ордунан туруп, табакка отуруп жалана эт жеп чыгышкан эки-үч досун көздөй басты... Касымдын бул окуясы башкарма болуп он
беш жыл иштеген
Жанаалынын катыны бухгалтер болуп ошончо жыл иштеген Касымаалы менен кармалганча айтылып турду, анан Касымдын аңыз кеп тиги ойноштукка орун берип тынды...
***
Макан булар менен он күнчө бирге туруп калды. Азырынча башка барар жери деле жок болчу. Иш издеген болот. Kайдан табылды. Бир күнү "Бардар" базарын аралап,
сандаган адамдардын агымы менен наркы- терки оолжуй басып жүргөн эле, бир үн селт каратты:
-Макан!
Үн чыккан жакка
бурула берип, армияда чогуу кызмат кылган жакшы курбусун көрдү.
-Токенсиңби?
-Ии, анан ким болмок элем, - бойлуусунан келген бу каратору жигит Маканды капшыра кучактап, айтаарга сөз таппайт. - Туй ата, сени бу жерден
кезиктирем деп ким
ойлоптур. Aмансыңбы, барсыңбы?..
-Өзүң кандайсың?
-Кандай болмок элем, баары ойдогудай. - Айткан сөзүнүн калпы жок көрүнөт: кийген кийими, турган турпаты жашоосунун оң экенин айтып турат.
Токен Маканды кой-
айга келтирбей чукул эле жердеги мыкты ресторанга колтуктай апкелип, кулжебесин баш кылып, столго тамакты да, аракты да үйдүрүп таштады...
Аскерде экөө алгачкы күнү эле
ынтымакташып, кетер- кеткенче эгиздердей жүрүшкөн. Токенге
бирөө тийишти дегенче балээ башталчу, Макан чоо-жайын түшүнүп-
түшүнбөй эле баса калчу тийишкен
немени. Токен Макандан он беш
күндөй эрте бошогон. Экөө коштошуп жатып, бат-бат кездешип
турушарын, атургай бир жерде жашап,
иштейбиз деп ушул чоң шаарды чектешкен. Ал сөз сөз бойдон калып,
мына эми араң көрүшүп жатышат.
Бири-биринен тырнактай сыр жашырышпаган экөө о далайга эзилишти. Токен бу шаарда чет элден азык-түлүк ташычу фирма ачканын, иши жакшы экенин, жанагы базардагы базарком жакын агаларынан болорун, бүгүн базарды шашпай кыдырып чыгайын деп машине айдатпай эле жөө
келгенин, кыздуу
болгонун, аялы бир
жакшы kызматкердин жалгыз кызы экенин, атасы менен энеси кичүү уулу менен жайлоодо экенин... баарын-баарын айтып турду. Маканда анча сөз жок болчу. Чоң сөзү
ошо болду - бир
өлүмдөн калганын
майда-бараты менен
айтты. Муну уккан
Токен аябай жини
келип, аларды таап
сазайын колуна берерин, акча берсең бирөөнү жок кылыш чыйт tүкүрүм эле иш болуп калганын узун сабак кеп кылды. Эртең эле Маканды
жайлоодогу ата- энесине жеткирип, бир ай чамасында эс
алдырмай болду.
Бу күнү Токен көнбөгөнүнө болбой Маканды так#### салып, үйүнө апкелип эшик ачып эле кыйкырды:
-Ай, Жакин, кана жайнатчуңду жайнат, кара кулак шер келди, опей, кара кулак деп коем да, сары кулак шер келди. Ичкериден гүлдүү халат кийген орто бойлуу татына келинчек жылмая чыкты:
-Келгиле.
Токендин үйүнөн Макандын башы айланды. Башы айланганы ошол - үй
толо буюм-теримдерден көз тайгылат. Кудай акы,
ошондойду өмүрүндө көргөн эмес. Полун баскандан, эшиктеринин туткасын кармагандан уяласың. Беш бөлмөүнүн төртөөндө телевизор, магнитофон, кыргыздар айтмакчы, асты-үстү килем. Ошондой ай, кымбат буюмдардын арасында Макан кичирейип турду. Беш эмес, бир бөлмө
тамы жок адамга кыйын го мындайда.
Анан тамактарын
айтпайсыңбы, далайы ооз тийилбей кетти...
Аялы да, Токен да
Маканды үйрүлө түшүп сыйлады, ашыкча кетишти...
***
Эртеси Токен Маканды машинесине салып
"Бардарга" апкелди. Суу жукпагандай
шылуунунан келген
шоопуру базардан
түрдүү даам көтөрүп
багажникти толтуруп таштады.
Чет элдин машинесинен айланса болот, бат эле Токендин тоо таянган айылына жетишти. Ата-энеси кичүү уулу менен
жайлоодо болгондуктан, үйү кулпуда. Жанаша жашаган атасынын
инисиникине түшүштү. Анысы барпалаңдаган неме экен учурашып- учурашпай бак ичине аркандалып турган балканактай кызыл козуну туура тартты:
-Кана, Токен, бата
кылып койчу, оомийин!
-Ой байке, козуңузга
рахмат, биз шашып
жүрөбүз. Атама кетип баратабыз. Машине алмаштыралы деп эле келип калбадыкпы.
-Рахматыңды кой, аны козу жегенден кийин айт. Атайын сага арнап жүрсө... - байкеси козуну көк чөпкө көтөрүп уруп,
мойнундагы жиби
менен козунун бутун
байлап, нары-бери
мууздап жиберди.
Колунда бар үчүн
сыйлап жатабы же дил берилиппи, айтор, сыйы сый болуп кынапталат.
Аңгыча эшик алдына аппак "Нива" келип токтоп, аны айдаган
жигит машинеден
түшүп эле сөзүн
Токенге багыттады:
-Токе, буйругуңуз
аткарылды, сиздин
кызматыңыздамын.
Бу жүзүнөн жылмаю
кетпеген жигит Токендин классташы экен. Эртең жайлоого
алпарасың деп түндө Токен шопурунан айттырган тура. Өз
машинеси тоо-ташка
кайдан жүрдү.
Козунун эти бат эле
бышты. Таза аба, таза арак, эзиле бышкан семиз этке чыдачу дене барбы, Макандын денеси нымшып, жайдары сезим балкытты, көргөн азабы кол менен сыдырылгандай
жыргалга балкыды. Эт желип, колго суу
куюлгандан кийин
шаардан ала келген
тамак-аш "Нивага"
салынып, жайлоого бет алышты. Таманынан күргүштөй суу агып, эки жагын карагай, бадал баскан чоң кокту менен үч сааттан ашыгыраак
жүрүп, аппак боз үйгө келип токтошту, ага жанаша аскерлерде
болчу чоң чатыр. Боз үйгө жөлөнүп жашы жетимиштерден өтүп калган аксакал китеп окуп отурат эле, көз айнегин чечип келгендерди күтө карап турду. Токендер келип салам атып кол
алышты, амандык
сурашты. Бу Токендин атасы экен, уулун тамашалады:
-Ии, кызыл кулагым,
канча адамды алдап
келдиң?
-"Кызыл кулак" деген илгери силердин заманда болгон, азыр бизди "бизнесмен" деп коет, канча айтам, ата.
-Деле миң-миллион
айтсаң да "кызыл
кулак" дейт сендейлерди.
Айырмаңар эле ошо - мурунку "кызыл
кулактар" чени менен алдачу, а силер ченеми
жок алдайсыңар, туура айтамбы, уулум? - деп Маканга кайрылды аксакал.
-Туура, деди Макан сыпайы.
-Көрдүңбү, бу балам
түшүнөт экен, баамы
туура экен.
-Мында дагы сизге
окшогон эски коммунисттин каны бар болсо керек, же өзү албаган же өңгөгө алдырбаган.
-Өзүңөр да алып, өңгөгө да алдырып, ушу силер не жакшылык алып
келдиңер, ыя?! Саранчы каптагандай
кылбадыңарбы, журт мүлкүн.
-Койдум ата, койдум.. Бу жигитти тааныштырып коеюн, аты - Макан,
аскерде чогуу болгонбуз. Сиздин
жаныңызда бир аз эс алып кетсин деп
апкелдим.
-А мейли, досун эс
алдырганга не жетсин, балам. Киргиле үйгө. Боз үйгө киришти. Алты
канат боз үйдүн ичи
мыкты асалгаланган.
Боз үй деген ушундай болот деп жип- шуусунун баарын айтып, балдарга сабак өтсө болчудай. Токендин энеси уулун да, анын эки жолдошун да эңкейте өөп, алкап,
бат эле тасмал жайнап, нан-панын койду, кеселерге кымыз куюлуп, кыдыртылды. Макандын кымыз
ичпегени беш-алты
жыл болсо керек эле, бир кесени араң
түгөттү. Айылдан ичкен арак орун бербей койбодубу, болбосо, атаңгөрү, эки кесени удаа басса кана. Ошол
маалда Токендин иниси келди, мал көздөп жүргөн го. Меймандар менен учурашып, энеси сунган кымызды дем
албай көңтөрүп,
атасына кайрылды:
-Ата, малдын камын
көрө берейинби?
-Ии, анан эмне кылмак элең, антпесең чык татырбас Чынарбай
экен дешпейби бу
шаардыктарың.
Аз өтпөй дале болсо
балканактай козу туура тартылып, бата тиленди...
#кандуужылдар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4